Жай мезгили келгенде өлкөбүздүн кооз жерлерине суктанган туристтер келе башташат. Акыркы күндөрү жерибизге көз артып келген туристтерди уруп, тоноп, зордуктап кеткен кылмыштар байма-бай катталууда. Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилдин ачылышынан бери чет элдик туристтерге карата 12 кылмыш жасалып, жетөөсүнүн бети ачылган. Анын көпчүлүгү уурулук фактылары. Бул көрүнүш туризмди өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратары бышык. Бирок мындай окуялар жалаң туризм менен алектенген өлкөлөрдө да кездешет.
ТОКМОКТОЛУП, АТЫЛЫП, ТОНОЛГОН ТУРИСТТЕР
22-июлда Одри Шастон аттуу айым Франциядан Ысык-Көл облусундагы Тамга айылына достору менен эс алууга келген. Кыргызстандын кооздугу 36 жаштагы француз айымын суктандырганбы, туристтерге айтылган “өз алдыңарча жалгыз экскурсияга чыкпагыла” деген эскертүүнү унутуп, досторун айылга таштап, өзү жалгыз, жөө Алтын-Арашан жайлоосуна чейин кетип калат. Ал жерде мал кайтарып жүргөн 28 жаштагы Урмат Солтобаев менен орус тилинде чулдурап таанышып калат. Меймандостук кылгысы келген чабан Одри Шастонго Алтын-Арашан жайлоосун тааныштырып чыгат. Кеч киргенде аны башка бир чабандын боз үйүнө алып барып сыйлап, түнөгөнү орундук беришет. Турист айым уктайын деп жатканда сырттан Урмат мас абалында кирет да, ордунан шашып тура калган Одрини башка муштайт. Жыйынтыгында турист айым эсин жоготот.
Эртеси өзүнө келсе жанындагы кредиттик карточкасы, 5000 сому жана уюлдук телефону жок болуп чыккан. Эртең менен боз үйдүн ээси менен Урмат Одри айымды унаага салып, Каракол шаарына алып келип таштап коюшат.
Мындан кийин турист “Өзүмө келсем жылаңач жатыптырмын, Урмат мени тоноп эле тим болбостон зордуктаган да болуусу мүмкүн” деп Ысык-Көл олбустук ИИБине арыз менен кайрылган. Арадан көп узабай эле кылмышка шектүү Урмат Солтобаев кармалып, ага "тоноо" беренеси менен айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле күнү Чоң-Сары-Ой айылында эс алып жүргөн Али Тижжани абу Барака аттуу Нигериянын жаранын белгисиздер резина ок менен атып кетишкен. Ага Бишкек шаарындагы №4-ооруканадан жардам көрсөтүлүп, абалы турукталды. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Туристтерге карата жасалган кылмыш 3-августта Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатында катталды. Аталган жайга Орусиянын 33 жаштагы тургуну Сергей Галян үй-бүлөсү менен эс алганы келген. Маалым болгондой, ал 3-август күнү Бишкек шаарынын Станислав Шаров аттуу тургуну менен көл жээгинде таанышып калат. Экөө биргеликте Аба-десанттык аскерлер күнүн белгилеп, “У лесника” кафесинде түнкү саат 02:30дарга чейин спирт ичимдигин ичип отурушат. Майрамдык түн чыр менен коштолуп, Станислав Шаров RohmRG 89 үлгүсүндөгү газ тапанчасы менен бөтөлкөлөшү орусиялык Сергей Галянды моюн тарапка атып жиберген. Жыйынтыгында турист ооруканада каза болгон. Бул иш боюнча Ысык-Көл облустук ИИБи "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Качып кетүүгө аракет кылган Станислав Шаров кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
“УЮШУЛБАГАН ТУРИСТТЕРДИН КООПСУЗДУГУНА БИЗ ЖООПКЕР ЭМЕСПИЗ”
Мындай көрүнүштөрдөн улам “туризмди өнүктүрө албай жатсак, өлкөбүзгө келген туристтерге карата кылмыштар жасалып жатат. Мындан улам туристтер качып, маданиятыбыздын төмөндөшүнө түрткү болот” деген кептер айтылууда. Бул боюнча жооп алалы деп маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм департаментинин директору Максат Чакиевге жолугуп, төмөнкүдөй жооп алдык.– Казакстан, Орусия өлкөлөрүнөн туристтер Ысык-Көлгө көп келет. Ал эми Европа, Түштүк-Чыгыш-Азиядан эко, этнотуризмге кызыгып, маданият, каада-салттарыбызды көргөнү туристтер келишет. Коопсуздук боюнча ведомстволор аралык комиссия бар, ИИМ аркылуу ар бир убакыт боюнча иш чаралар каралып, туристтердин коопсуздугуна карата түшүндүрүү иштери уюштурулат. Туристтердин сабалышы, тонолушу күнүмдүк нерселер. Мындай көрүнүштөр туристтик державаларда да күндө кездешип турат. Буга чекит коюуга болбойт экен. Бирок аймактарга туристтик кеңештерди ачканбыз, кайсы бир туристке карата зыяндуу иштер жасалган болсо, бизге же ИИМге кабар берип, тийиштүү чараларды көрөбүз.
Эгер уюштурулган туристтер болсо, алардын жанында сөзсүз биздин адамдар жүрүп, кайда барып, эмнелерди көрө тургандыктарын программалап, ошонун негизинде иш алып барышат. Алардын коопсуздугу толугу менен көзөмөлдөнөт. Визасыз режим киргизилгенден кийин уюштурулбаган туристтер көп келип жатышат. Алар эч кимдин уруксатысыз, эч кандай келишимсиз өлкөбүзгө кирип жүрө беришет. Аларга биз визасыз режимди киргизип бердик, чек ара боюнча туристтер өздөрү да “Кыргызстанга коңшу мамлекеттерге караганда силердин чек арадан эч кандай тоскоолдуктар болбойт” дешет. Коопсуздуктарына өздөрү жоопкер, сак болуусун суранат элек.
Улуттук статистика комитетинин эсептөөлөрү боюнча, чет элдик турист күнүнө орточо 100 долларга чейин чыгымдайт. Он күнгө эс алууга келген адам жалпысынан 1000 доллар сарптаса, анын 10 пайызы республикалык бюджетке салык түрүндө түшөт. Былтыр чет элдик 3 миллион 65 миң турист келип, мамлекетке 560 миллион доллар киреше түшкөн, анын 470 миллион сому мамлекетке салык түрүндө түшөт.
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
ТУРИСТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУГА ДАЯРБЫЗБЫ?Тайырбек Сарпашев, биринчи вице-премьер-министр:
– Туризм тармагы экономикабыздын эң перспективдүү багыттарынын бири. Мекенибизде тынчтык, туруктуулук болсо, туристтердин саны өсөт. Бул жылы былтыркыга салыштырмалуу туристтер көп келди. Себеби өлкөдө коомдук саясий абал туруктуу болду. Өкмөт мындан ары да туризмдин өнүгүүсүнө аракет кылат. Учурда Кыргызстан туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алууга даяр.Гулия Шалбаева, “Саякат туризм” туристтик фирмасынын менеджери:
– Туристтерди тосуп алууга канчалык аракет көрсөк да, жергиликтүү калк даяр эмес. Элибиз чет өлкөдөн келген конокторду жакшы тосуп ала албай жатат. Чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтар, элчиликтерибиз да начар иштеп жатат. Алар туристтер менен түзмө-түз иштешкен биринчи булак. Мекенибизди туура жарнама кылып, туристтерди кызыктырышы керек эле. Чубак Оморов, Туризм департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси:
– Өлкөбүз туристтерди кабыл алганга даяр экенин дүйнөгө жар салган. Визасыз кирүү режимин да жолго койгон. Туризмди өнүктүрүү үчүн чет жактарда да, мамлекетибиздин ичинде да бир катар иштерди жасап келебиз. Туризм – биздин мамлекетке келчү негизги кирешелердин бири. Туристтерди кабыл алганга даярбыз, аларды маданияттуу кабыл алып узатсак, баары жакшы болот. Тынчтык Жаныбек уулу, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бириндеги кызматкер:
– Ысык-Көлүбүздө туристтер үчүн бардык шарттар каралган. Жайында көпчүлүк келе турган жер ыйык көлүбүз да. Ошондуктан туристтерге жакшы эс алуу тартуулоонун аракетиндебиз. Бирок кээде чет элдик туристтерге карата кылмыштар катталып, бир эле адам канчалаган кардарларды качырууда. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" деген кеп бар эмеспи. Сезон убагында укук коргоо органдары катуу көзөмөлгө алса жакшы болмок.Сталбек Усубакунов, Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору:
– Биздин өлкөнүн жаратылышы, пансионаттары, көлүбүз туристтердин келүүсүнө татыктуу. Туристтик мезгил башталганда биздин кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштей башташат. Турфирмалар менен да бир катар сүйлөшүүлөр жүрүп, туристтердин кайда, кайсы маршруттук таксилер менен барарын аныктап, көзөмөл жүргүзөбүз. Быйылкы жылдын жыйынтыгынын негизинде кийинки жылга иш пландар түзүлөт.Азамат Эсенбаев, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бириндеги кызматкер:
– Башка туристтик жерлерибизди айта албайм, бирок Көлдөгү пансионаттар туристтердин келишине кызуу даярдык көрөбүз. Жылы бою күткөнүбүз туристтер болуп жатса, өзүбүздүн жакшы жагыбызды көрсөткөнгө аракет кылабыз да. Мисалы, өзүбүздүн пансионатыбызга жаңыдан оңдоп-түзөө иштерин жасадык, кичинекей балдар үчүн ойноочу жай салдык.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg