ТАЖИК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНЫН АТЫП ӨЛТҮРҮШТҮ

9-августта саат 17:30 чамасында Тажикстандын Жерге-Тал аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандыктардын ортосунда атышуу болду. Тажик чек арачылары менен атышкандар Ош облусунун Чоң-Алай районунун аңчылык кылып жүргөн 3 тургуну болуп чыкты. Натыйжада кыргызстандык аңчылардын бири тажик чек арачыларынын огунан каза болуп, экөө коңшулар тарабынан камакка алынган.
Тажик тараптын айтуусу боюнча, мылтыктар менен куралданган белгисиз 2 ат менен жүргөн 3 адамга туш болушкан. Алардын бири, кийин белгилүү болгондой, А.Кашеков чек арачылардын талаптарына баш ийбей, ок атуучу куралы менен каршылык көрсөткөн жеринен атылып өлтүрүлгөн. Кармалгандардын жанында 8 огу менен мылтык, кичинекей калибрдеги ТОЗ-8 винтовкасы, 1 дүрбү жана 2 ат болгон. Учурда кыргыз-тажик эки тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал эми өлгөн адамдын сөөгү кыргыз чек арачыларына 10-августта өткөрүлүп берилди.
11-августта Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 46 жаштагы Алидин Кашековдун сөөгү жерге берилди. Айыл тургундары маркумду жерге берүү зыйнатына келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, чек арачылардан окуянын адилеттүү иликтенишин жана камакта жаткан Кара-Мык айылынын тургундары 30 жаштагы Давлатбай Гаимов менен 28 жаштагы Бекмырза Матирзаевди Кыргызстанга эртерээк кайтарып келүүнү суранышкан. Маалым болгондой, 13-августта тажик чек арачылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биздин эки жаранды Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында кыргыз чек арачыларына өткөрүп беришти.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Wave.
2014-08-18 10:51:48
Бул бийлик чек аранын айынан бирдемени коргону калды... Эбак баарын тактап, оз ордуна коюп койуу керек эле.
0
Revolyutsioner
2014-08-18 14:55:38
Россия же Кытай болгондо тополонду тоз кылып тиешелуу чиновниктерди бир каарып отмок, бизде адам кырылып жатабы, башкабы баарыбир, чиновниктер сапарынан калбайт го, аш-той, куттуктоолордон колу бошобой... Бийликке баракелде!!!
0
restreppo
2014-08-19 00:36:34
паника кылбагылачы башка мамлекеттин ичинде курал менен журсо атат да талапка баш ийбесе, ушуга да Атамбаев кунооолу болобу ээ
0
zema
2014-08-19 14:32:42
restreppo, анан ким куноолу ошолордун башын чече албаса ошол кунолууда бир эле бул эмес канча уруш болуп атат тажиктер мн 1 жылдан бери чек ара маселесин чече албай журотко
0
akynbekov87
2014-08-20 15:26:31
Чек ара маселесинде тартыш пикир келишпестиктер бар. Озбекстан м.н да, Тажикстан м.н да .Эки мамлекет эки башка документ м.н озунун позициясын карманып келет.Кыргызстандын кучу жетпейт озунун чек арасын толугу м.н тосуп алууга, ансыз деле кошуналарга канчалаган жерин алдырды жана башы жок чиновниктер сатышты.Бизге чек ара маселесинде ортомчу к.к чтобы Кыргызстандын позициясын колдогон ( как Россиядай) болбосо дагы коп жерлерибизден айрылып калышыбыз мумкун.
0
jazy
2014-08-22 13:33:43
Мин наалат ушул биздин чновниктерге ушундай проблемаларды чечишпейби бирин бирин чукушпай ак уйдо отуруп алып мушташып отурушут уят колдорунан келбесе откоруп беришсин бийликти жаштарга апрель окуясынан кийин жаштар келет жаштарга беребиздеп актанышты эле ачкарышкырдай болуп оздору эле отурушат. Кыргыз элим Аман болсун
0
admin_superstan
2014-08-22 17:45:04
bektursun2010, провокациядан алыс болуңуз! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан