9-августта президент Алмазбек Атамбаев Түркияга сапар алып, Түркиянын президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту. Мамлекет башчылар акыркы жылдардагы эки тараптуу кызматташтыктагы жыйынтыктарды жогору деп баалашты. Бул күндөрү Түркия маанилүү окуяны баштан кечирип жаткан. Тактап айтканда, өлкөдө президенттик шайлоо болуп, буга чейин премьер-министрлик кызматты аркалап келген Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетишти.
10-августта Атамбаев Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, аны президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Кыргыз-түрк мамилелери мындан ары да динамикалуу өнүгөрүнө ишенимин билдирди. 75 миллиондон ашык калкы бар Түркияда Режеп Тайип Эрдоган күчтүү колдоого ээ. Анын шайлоочулары менен жеңишти белгилөө салтанатына Алмазбек Атамбаев да катышып, түрк тилинде куттуктоо сөзүн айтты.
Ал эми 11-августта Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу Сочи шаарында өтүп, мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана аны өнүктүрүүдөгү мындан аркы кадамдар боюнча маселелерди талкуулашты. “Биздин энергетика тармагында олуттуу инвестициялык пландарыбыз жана айрым тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча да пландарыбыз бар. Ушул багыттардагы иштер кандайча жүрүп жаткандыгын көрөлү деп алда качан эле макулдашканбыз”,- деди Путин. Албетте, жолугушуу учурунда Кыргызстандын Бажы
биримдигине, Евразия интеграциялык биримдигине кошулуусу тууралуу да сөз болду. “Эгерде эки тараптуу каалоо болсо,
реалдуу колдоо көрсөтүлсө, азыр Кыргызстан ушул багытта шымаланып иштеп жатат”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын аягына
чейин аталган биримдиктердин курамына кирүү ниетинде экенин да эскертип өттү өлкө башчысы.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg