БАТКЕНДЕГИ АЙЛАНМА ЖОЛДУ КУРУУ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛА БАШТАДЫ

13-августта Баткен облусундагы Тажикстандын Ворух, Кожалы айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун жана Исфара-Сай дарыясынын үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн курулушу улантыла баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тажик тарап менен жолугушуунун натыйжасында эки тараптан каршылык жок болуп, макулдук берилип, иш башталды. Чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “25 чакырымды түзгөн жолду куруу үчүн атайын техникалар Ак-Сай айылына жеткирилген жана жол кышка чейин бүткөрүлүшү керек" деди. Айта кетсек, айланма жолдун курулуш иши өткөн жылы декабрь айында башталып, Тажикстандын жарандары 2014-жылдын 11-январында жолдун курулушуна каршы чыгып, эки өлкөнүн чек
арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алганда токтотулган болчу.


Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ayakosya
2014-08-18 12:21:49
Баткен тынчыбады го эч эле.
0
Sweetdream
2014-08-20 09:00:44
ayakosya, ошого бийлик куноолуу да
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан