Уулу эрезеге жетип ата болуп, кызы бойго жетип эне болсо да, эне балдары үчүн өмүр бою кам көрүп, жанын курман кылууга даяр. Деги эле эне-бала ортосундагы байланыш, мээрим, сүйүү эч нерсеге салыштыргыс өзгөчө сезим. “Ар-Намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаты Турсунбай Бакир уулу апасы тууралуу эскерип отурду.
ПАХТАЧЫ КЫЗ...
ТАБЕЛЧИ ЖИГИТ...
– Атам менен апам Алай районунун эки башка айылдарынан. Экөө тең ата-энесинен эрте ажырап жетим калышканында, туугандары аларды Кара-Суу районуна алып келишкен экен. Ал жакта апам пахтачы, атам пахта теримчилеринин нормасын көзөмөлдөгөн табелчи болуп иштеп калышат. Ошондо атам апамды пахтаны көп тергенинен улам жактырып, таанышып, ага үйлөнүптүр. Экөө тең жетим болгондуктан, туулган күн, жылдарын так билишчү эмес. Кийин атам баарыбызга бир күндө барып документ алып, кээ бирибиздин туулган даталарыбызды чаташтырып алыптыр.
Мен төрөлгөндө коюлган ысымым Турсунбай болсо, метрикага Турсун-Али, 16-мартта төрөлсөм 17-март деп жазылып калган. Кийин бул катачылыкты өзүм оңдотуп алгам. Ал эми өзүн, апамды, апамдын эжесин 1932-жылы туулган деп жаздырып коюптур. Ошондо ата-энем 17 жаштарында баш кошуп, 37 жыл бирге түтүн булатышкан. Апам 9 баланы жарык дүйнөгө алып келип, андан жетөөбүз аман калдык. Менден улуу бир агам жана эжем өтүп кетишкендиктен, аман калсын деген мааниде атымды Турсунбай деп коюшуптур. Болбосо атам менин атымды шайлоо маалында төрөлгөнүмдөн Шайлообек деп коёюн деп жүрүптүр. Атам эрте чоң кызматка барып, кийин куугунтукталып, түрмөгө да отуруп чыкты. Ошондуктанбы, эрте көзү өтүп кетти.
“БАЛАЛЫГЫМ БАКТЫЛУУ ӨТҮПТҮР”
– Биздин балалык кез азыркылардын балалыгына караганда бактылуу өткөн экен. Бүгүнкүдөй ачка калуу же кийимсиз калуу, базарларда араба түртүү, көчөдө батинке сүрүп отуруу деген жок эле. Совет мамлекети ар бир үй-бүлөнү көзөмөлгө алып, иштебеген адамдарды камап да койчу. Албетте, согуш убагына жана согуштан кийинки оор жылдарга туш келип калган турмушта кыйынчылыктар болуптур. Ал күндөрүн эстегенде апам: “Бир жолу ачкалыктан агаң экөөбүз колхоздун картошкасын казып келип аябай жеп алган экенбиз, түнү менен кусуп чыкканбыз. Ошондон кийин картошканы жаман көрөбүз” ,- деп айтып бергени эсимде.
“ФУТБОЛЧУ БОЛГУМ КЕЛЧҮ”
– Бала кезимде чоң футболчу болууну самап, алдыма максат коюп, шаардын, райондун командасында ойноп жүрчүмүн. Мени Турсунбай деп эч ким айтчу эмес, Пеле деп чакырышчу эле. Өкүнүчтүүсү, 8-классымдан тарта көзүмдүн көрүүсү начарлап, футбол ойной албай калгам.
Дагы бир максатым – орус тили жана адабияты мугалими болуу, болгондо дагы жапайы жаңгактар өскөн Арсланбаб токоюндагы кичинекей айылга барып иштөө болчу. Максатымды ишке ашыруу үчүн мектепти аяктаганда жогорку окуу жайлардын журналистика, филология факультеттерине бир нече жолу тапшырдым. Тилекке каршы, өтпөй калып жаттым. Себебин кийин университетте окутуучу болуп иштеп калганымда билдим. Көрсө, ошол кезде эле паракорлук деген нерсе бар экен. Окууга тапшыра албай жүрүп убакыт өтүп, аскерге жөнөп кеттим.
Аскерден келгенден кийин тарыхчы болууну чечип, окууга дагы өтпөй калбайын деп университетке формачан барып, экзамен тапшыргам. Ысыктын күнү форма менен тердеп-кургап жатып, Кудайга шүгүр, ошондо араң окууга өткөм.
“ЭЧ КИМ АПАМДАЙ НАН ЖАБА АЛЧУ ЭМЕС”
– Апам менин окумуштуу болушумду кааласа да, чечкиндүү түрдө айтып, ошол багытка бурган эмес. “Эң негизгиси, бактылуу бол” дечү, анан дагы “семиз болбосоң кийим жарашпайт, семир” деп көп айтчу. Саясатка киришип алганымда деле капа болгон жок. Тескерисинче, анда дагы депутат болгонум жөнүндө ырларды жазып жүрдү. Кийин президенттик шайлоо болуп, мен тууралуу ар кандай ушактар чыгып, ыплас оюндар башталып, кара пиар болгондо, мени “экстремист, террорист” кылып коюшканда ыйлап, саясатчыларга, журналисттер менен ушакчыларга капа болуп жүрдү.
Апам жапкан нандай эч ким нан жаба алчу эмес. Айылдаштардын баары келип, “нан жапканды үйрөт” дешчү. Кыпкызыл болуп жалтырап бышкан нанын чарага салып, үйгө алып келген апам “балдарым, биринчи эски нанды жеп бүткүлө, жаңы нанды андан кийин жейсиңер” деп айтчу. Мен анда тамашалап, “апа, биз эски нанды жеп бүткүчө жаңы нан эскирип калбайбы” десем, “туура айтасың, балам, жей бергиле ысык нанды” деп анысын кайра берчү. Айтмакчы, тандырды дайыма мен кызытып берчүмүн. Ошондой эле апамдын ширин күрүчүн, мастава жана шавала деген тамактарын жакшы көрүп жечүмүн.
“АТАҢ ТҮРМӨДӨН ЧЫККАНДА ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕМ?”
– Апам бир гана ирет катуу тилдеген. Баянды үйрөнүү үчүн кирген музыкалык мектептин 1-классын бүтүргөн маалда атам камалып, эч нерсеге көңүлдөнбөй, көгүчкөн багууга өтүп кеткем. Ошентип окуудан да начарлап, үйдөгүлөргө айтпастан музыкалык мектептен чыгып алгам. Аны апам билип калганда, “эми атаң түрмөдөн чыгып келгенде сен жок балдарды карай албай калдым деп айтамбы, эмне деп жооп берем?” деп шапалак менен бетиме чапкан. Бул нерсеге бүгүнкү күнгө чейин өкүнөм. Ошондо мектепти таштабаганымда балким, азыр мен Рыспай Абдыкадыровдой же Түгөлбай Казаковдой музыка адамы болуп калат белем, ким билет...
Атамдын ден соолугу начарлап, операциядан кийин жакшы боло албай, 3-4 күн реанимация бөлүмүндө жатып калды. Бир туугандар кыжалат болбосун деп бул нерсени апама айтпай, баары жакшы деп жүрө бериптирбиз. Ошентип атамдын көзү өтүп кетти. Ушул суук кабарды үйгө алып келгенибизде апам “Атаңар операциядан кийин кыйналып калды деп айтып койбойсуңарбы?! Атаңар менен ушунча жыл бирге жашадык, балким, мага айта турган сөзү бар эле” деп баарыбызды силкип-жулкуп ыйлаганда туура эмес кылганыбызды түшүндүк.
“ЭКӨӨБҮЗ МЕККЕДЕ ТООК ЖЕГЕНБИЗ”
– Сүйүнгөнүм, 1999-жылы апам экөөбүз чогуу Меккеге барып, ажылык парзыбызды аткарып келгенибиз. Азыр элестетсем апам менен ажыда жүргөн күндөрүм эң бактылуу күндөрүм экен. Апам 67 жашта болсо да чыйрак эле, ажылыктын бардык парздарын сүйүнүп, жеңил аткара алды. “Тоокту Меккеде жебесең, анда ажылыгың толук аткарылбайт” деп атаңдын шоопуру айтты эле, тоок алып бер, балам” дегенинен экөөбүз тоок алып жегенбиз. Ошондо апам мага ыраазычылыгын билдирип, ушунчалык узак бата бергени эч эсимден кетпейт. Анын “балам, мен сага ыраазымын” деген сөзүн угуп, тирүүсүндө ыраазычылыгын алганыма кубанам.
Акыркы жолу инсульт болуп жыгылганда тура албай каларын сезген окшойт, “атасы жок экенин билдирбегиле” деп 4 кызын бизге табыштады. Ошентип 2006-жылы 21-февралда оор операциядан тирүү чыкпай калды. Апамдын көзү өтүп, анын зыйнатын өткөрүүдө кыйналган жокпуз. Анткени ал бардык нерсени өзү белендеп, берген акчаларыбызды сандыгына топтоп, эмнени кандай кылуудан бери жазып кетиптир. О дүйнөгө кетерде да бизге оорчулук жаралбасын деп маданияттуу өлгөн экен.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg