Кезектеги баяндообуз Түркиянын белгилүү фотомодели, актрисасы жана “Даңазалуу кылымда” күйөрмандардын кыжырын келтирген Фирузенин ролундагы Жансу Дере тууралуу болмокчу.
ҮЧҮНЧҮ СЕЗОН
74-78-сериялар: Ибрагим өзүн султандан жогору коё баштайт
Баш вазир Ибрагим Нигар калфа төрөп берген кызын “сен бир мага гана таандыксың” деп кучагына алат. Нигарга да кызы тирүү экендиги айтылат. Бул аралыкта Сулейман, Хүррем жана балдары болуп Манисага Мустафанын уулун көрүү үчүн барышат. Михримах менен Мустафанын оң колу Ташлыжалынын ортосунда жашыруун махабат оту тутанып, атагы чыккан акын жигит сүйүү ыр саптары менен ханбийкенин жүрөгүнөн түнөк табат.
Ибрагим Сулейман Манисада жүргөн кезде Франция падышачылыгынын элчисин кабыл алып, ага макулдашууда “Эң жырткыч жаныбар – бул арстан. Аны күч менен эмес, акыл менен тапташат. Осмон султаны арстан болсо, үйрөтүүчүлөрү анын вазирлери” деп айтат. Элчи сыртка чыккан соң “вазир өзүн султандан жогору коё баштаптыр, өзүнө көр казууга киришкен тура” дейт.
Аңгыча Хүрремге татыктуу атаандашка айланып бара жаткан Фирузенин Осмон империясынын душманы сефевиддер династиясынан чыккан ханбийке экени ачыкка чыгат. Ошентип Фирузе гаремден куулат. Хүррем жеңишин майрамдап бүтө электе Ибрагим Сулейманга айтпай Мустафа менен жолугуша коём деп торго чалынат. Иш жүзүндө вазир ханзааданын Элена аттуу эркиндиктеги кыз менен нике кыйдыруусуна каршы чыгып, акыл айтмакчы болот. Бирок Хүррем муну султанга “экөө сени тактан түшүрүүгө аракет кылып жатышат” деп жеткирип, Сулеймандын көңүлүнө күдүк салат. Орто жолдон Сулеймандын капыстан эсин жоготуп жыгылганы, аны дарыгерлер “султан ууландырылган” деп түшүндүрүүсү кошумча себеп болуп калат. Мунун баарына кошул-ташыл султан түшүндө Мустафанын такта отуруп, жанында Ибрагим кан тамчылаган мүшөк кармап турганын, анын ичинен Мехметтин башы жерге тоголонгонун көрөт. Сулейман эсине келери менен Ибрагимден акырындык менен алыстай баштайт.
Ибрагим Хүрремге кайрылып “Валиде мага "жыланды кичинесинде өлтүрүү керек" деди эле. Укпай бекер кылыптырмын. Ал жылан жети баштуу ажыдаарга айланыптыр” деп экөөнүн ортосунда кандуу согуш башталганын айтат. Кийин Хүррем Ибрагимди ээн сарайга чакырып “Келишим сунуштайм. Кызматыңдан баш тартып, биротоло хан сарайдан кетесиң. Ордуна өмүрүңдү багыштайм” дейт. Муну каткырык-шылдың менен кабыл алган улуу вазир Хүррем чыгып кетери менен жалданган адамдардын кол салуусуна дуушар болот.
“ФИРУЗЕ “ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМДАН” ЖОГОЛСУН”Фирузе деген каарман тарыхта болгон эмес, бул персонаж сценаристтердин фантазиясынын жемиши. Иран кызынын ролун жараткан Жансу Дере “Даңазалуу кылымда” Хүрремге атаандаш катары ойноп баштаганда эле тасма күйөрмандарынын чоң сынына кабылган. Атактуу актрисанын аткаруусун жактырбай, “Жансу Дерени сериалдан жоготкула” деген талап менен “Даңазалуу кылым” долбоорунун жетекчилигине кат жөнөтүүгө чейин барышкан.
1980-жылы төрөлгөн Жансу Дере актрисалык карьерасын 2003-жылы баштап, “Сыла” жана “Эзел” сериалдарында жараткан ролдору менен эл оозуна алынат. Ал “Даңазалуу кылым” жөнүндө мындай дейт: “Фирузенин персонажы аябай жакты. Өзүм сынак, атаандаштык, жарыш дегендерди жек көрөм. Сүйүп калган адамдын жүрөгүн багындыруу – мен үчүн эмес! Тартуу иштерине келсек, Халит Эргенч жана Селма Эргеч менен көптөн бери досмун.
Иран кызын ойноо чоң кызыгууну жаратты. Ал гаремдеги кыздардан ой жүгүртүүсү, кийимге болгон табити менен өзгөчөлөнүп турат. Мен кийген костюмдарды эле алалы, тиешелүү кызматкерлер чоң берилүү менен иштешкени көрүнөт. Ал эми султандын көзүнө түшүп, сыя түстүү кол аарчыны алгандагы Фирузенин бийи да перстерге таандык. Аны жакшылап үйрөнүү үчүн профессионал бийчилерден атайын сабак алууга туура келди”.
(Уландысы кийинки санда)
Эльвира Караева
star@super.kg