РЕЖИССЁРЛОРГО АЗАП ЧЕКТИРГЕН КУРМАНЖАН

“Курманжан датка” фильминде датканын секелек кезин ойногон кичинекей Лунара көптөргө кызыгуу жаратууда. Аны Таластын Кырк-Казык айылынан таап, өзү жана жакындары менен баарлашып келдик. Тасмага тартылган учурда 5 жаштагы кыз азыр 7ге чыгып калыптыр. Карагаттай көзү жайнаган Лунара менен сүйлөшкөнүбүздө кыска гана жооп берип жатты. Атасы кызынын өз оюн бербеген өжөрлүгү бар экенин айтат. Мындай мүнөзү менен кинону тартууда режиссёрлорду да бир топ азапка салыптыр. Датканын балалык элесин чагылдырып берген бул кыздын келечеги али алдыда. Тай күлүк таланты ташкындай берсе келечекте көптөгөн кинолордон көрөрүбүзгө шек жок.

Аты жөнү – Лунара Аясканова
Туулган жылы, күнү – 2006-жыл, 16-сентябрь
Туулган жери – Талас районунун Кырк-Казык айылы


Садык Шер-Нияз, “Курманжан датка” фильминин режиссёру: “ЭКИ МҮНӨТТҮК ЭПИЗОДДУ ҮЧ КҮН ТАРТТЫК”
– Негизи фильмди тартуу иштери башталганда эле датканын бала кезиндеги образын ойноочу актрисаны табуу керек болду. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу каарманды тарта турган жерден эле тапмай болдук. Тартуу иши Таласта жүргөндүктөн 5-6 жаштын ортосундагы кыздарды издеп жүрүп, Кырк-Казык деген айылдан Лунараны тандап алдык. Экинчи күнкү тартуу учуруна келгенде Лунара жыгылып, бетин тыттырып алыптыр. Аны көрүп бир күндүк мээнетибиз текке кетти деп отуруп калдык. Кайра ойлонуп көрсөм, мага анын ошол турушу жагып, тартууну уланттык. Бетинин тытылганы да өзгөчө бир образ берип тургандай болду. Жаш баланы тасмага тартуу оор иш. Лунара менен иштешүү да бир топ кыйынчылык жаратты. Анткени тартып жатканда уктап калып же болбосо ыйлаган учурларында басылганча күтүп калып жаттык. Айтор, бул кыз бизди көп эле азап чектирди. Жалпысынан эки мүнөттүк эпизодду үч күндө тартып бүттүк.

Айым Албанова, чоң энеси: “НЕБЕРЕМ КИНОГО ТАРТЫЛБАЙМ ДЕП ЫЙЛАДЫ”
– Лунара менин сегизинчи неберем. Киного кокусунан эле тартылып калды. Бир тойдон келе жатсам кино тарткандар жаш кыздарды сынап тартып жүрүшүптүр. Угарым менен үйгө келип неберелеримди, кайнимдин балдарын алып чуркап бардым. Сүрөткө, видеого тартып, телефон номерибизди алып калышты. Эртеси күнү телефондон “сиздердин кызыңыздарды тандадык” деп айтышты.
Эртең менен 5те тургузуп, тамактандырып, кечке тартуучу топ менен жүрүү аябай кыйын болду. Бала да, ыйлайт, үйгө кетем дейт, уктайм деп уктап калат. Бир күн баргандан кийин барбайбыз деп ыйлай баштады. Бүгүн барсак болду, башка барбайбыз деп алдап алып барып жаттым. Үңкүргө от жагып, тартуу иши башталганда Лунара уктап калды. Тургузсак ыйламак да, ойгонгончо күттүк. Үңкүрдүн ичинен апасын ээрчип чыкчу жеринде кызым такыр чыкпай койсо болобу. Шоколад, куурчак беребиз десек да болбойт. Курманжан датканын апасынын ролун ойногон актриса “атаңа алып барам” дегенде артынан ээрчип жөнөдү. Неберем тартуу иштери бүткөндөн кийин үйгө келип ооруп калды.

Шерхан Дүйшекеев, атасы: “КЫЗЫБЫЗДЫН СҮРӨТҮН ГЕЗИТТЕН КӨРҮП ЫЙЛАДЫК”
– Лунара балдарыбыздын улуусу. Бир туугандардын ичинен мүнөзү да башкача. Кичинекей кезинде эле ырдап-бийлеп өнөрү менен кубандырып турчу. Өзүнүн айтканын такыр бербейт, ошондуктан аны Курманжан деп тамашалап калабыз.
Башында киного тартылып жатканда анчалык маани бербептирмин. Жакында эле "Супер-Инфо" гезитине Лунара чыгыптыр" деп карындашым айтып калды. Эртеси күнү Талас шаарына барып, гезитти сатып алып окуп үй-бүлөбүз менен кубандык. Ал тургай келинчегим экөөбүз жашып да алдык.
Кызыбыз "келечекте сот болом" деп калат. Чоңойгондо тарыхый каармандын образын жаратканын билсе актриса болууну тандайт го деп ойлойм.



"ЧОҢОЙГОНДО АКТРИСА БОЛОМ"

- Лунара, киного тартылганың эсиңдеби?
– Чоң энем Курманжан датканын кичине кезин ойногонсуң деп айтып берген.
– Өзүңдүн эсиңде жокпу?
– Мени кечке таштын үстүнө тургузуп тарта беришкен. Үңкүрдөн Манас айтышканда чоң энемди кучактап ыйлагам.
– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Сот анан актриса болом. Кинолорго тартылгым келет.


"Курманжан датка" тасмасына тартылган учуру.


Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тасмада Курманжан датканын бала чагын ойногон Лунара
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
beka88
2014-08-19 09:35:40
азаматсын Карындашым олкого салымыны кошо бер!
0
Raduga
2014-08-19 18:25:44
Бактылуу бол
0
bossmos7
2014-08-19 21:50:47
Ийгилик ! Азаматсын! Кыргыз тасмасы онуугуп ! Кыргыздын тарыхын маданиятын чагылдырылган мыкты тасмалар кобойсун!Ошол тасмаларда да жакшы каармандын жузу болушуна тилектешпиз!
0
sanchos
2014-08-19 22:53:02
Алла таалам омурун берсин, азамат!!!
0
Manasemetei
2014-08-20 07:39:27
jakwy
0
Eshka
2014-08-20 08:50:16
Ийгилик, кино деген Ушундай болуш керек, азыр кино деп эле корунгон ырчыларыбыз роль ойноп, кочодон алып келип эле тартып жатат. Саны бар сапаты жок кинолор кобойду.
0
Mamalashka_2013
2014-08-20 15:15:39
Быйтыска го .Чонойгондо чын еле актриса чыкчудай.Тилегине жет...
0
AshatMJ89
2014-08-20 15:20:37
чонойгондо эмес азыр эле актриса болду да
0
nazi0807
2014-08-20 16:21:56
мен 31 августу чыдамсыздык менен кутуп жатам, а Лунара прикольный экен корунушу.
0
Mena
2014-08-20 18:20:15
ийгилик сага Лунара бактылуу кыздардан бол
0
jora.kg
2014-08-20 18:38:46
Ойлогон ой максаты орундалып кыргыздын улуу инсандарынан болуп чонойсун
0
Nur92
2014-08-21 10:18:46
Биринчиден ден-соолугу бекем болсун! Андан сон келечеги кен болсун!
0
Tairova8484
2014-08-21 13:35:06
ата -энендин кубанычы бол,ийгилик сага.
0
kamchy_0119
2014-08-21 15:31:18
Ийгилик келечекте Алай ханышасы болгон Курманжан Даткадай болуп чонойгун!
0
aibars
2014-08-22 07:41:41
Iygilikter saga karyndash..
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан