АТАСЫ 4 АЙЛЫК БАЛАСЫН ЧААП ӨЛТҮРГӨН

Акыркы учурларда өлкөбүздүн аймагында ар кандай үрөй учурган кылмыш иштери катталууда. Бири келини менен кудагыйын өлтүрсө, дагы биринде атасы мас болуп өз уулун бычактап салган. Төмөндө ушул сыяктуу окуялар тууралуу сөз болмокчу.

КЫЗЫНА БОЛУШКАН ЭНЕСИН КОШУП БЫЧАКТАП САЛГАН
4-августта Чүй облусуна караштуу Кант шаарынын тургуну инисинин келинчегин жана кудагыйын бычактап салган. Кылмыш ишин жасаган соң укук коргоо кызматкерлерине кабарлап коюп өзү качып кеткен. Көп өтпөй кылмышка шектүү деп Кант шаарынын 56 жаштагы тургуну кармалган. Маселе үй-бүлөлүк чыр-чатактан келип чыгып, 31 жаштагы келинине жинденген шектүү аны бычактап, кызына болушкан 54 жаштагы апасына, башкача айтканда, кудагыйына да бычак сайган. Натыйжада эне менен кызы каза тапкан.
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Таш-Дөбө айылынан өз баласын бычактап өлтүргөн жаран кармалгандыгы тууралуу маалыматты ИИМден билдиришти. Белгилүү болгондой, 4-августта 28 жаштагы жаран өз атасы сайган бычактан алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ата-баланын ортосунда келип чыккан чыр-чатактын аягы минтип жаш жигиттин өлүмүнө алып келди. Маркумдун атасы кылмышын моюнуна алып, анын үстүнөн киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ЫМЫРКАЙДЫ СООРОТО АЛБАЙ ӨЛТҮРҮП САЛГАН
Чүй облусуна караштуу Ала­мүдүн районундагы Малиновка айылында 4 айлык ымыркай­дын каза тапкандыгы тууралуу маалымат укук коргоо кызматкерлерине кабарланды. Чүй ОИИББ­инин маалымат кызматынын башчысы Нурбек Токтосуновдун берген маалыматына караганда окуя төмөнкүчө болгон. Кылмыш 10-августта катталган. Окуя болгон үйгө барган милиция кызматкерлери үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн жуурканга оролгон баланын жансыз денесине күбө болушкан. Сөөк соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Эксперттер баланын омуртка сөөктөрү сынып, моюнунун 1-2 сөөктөрүнүн ортосунда ажырым пайда болгонун жана катуу урунуудан улам жүлүнү шишип кеткенин аныкташкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын өлүмүнө атасы күнөөлүү экени тастыкталды.
10-август күнү аталган айылдын тургуну Икрамжан Купаев менен аялынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, уруша кетишкен. Ошол учурда экөө бир шишени бөлө тартып отурушкан болот. Аялына тишин кайраган Икрамжан аны ур-токмокко алып киргенде аялы эптеп бошонуп качып чыгып кетет. Бир нече убакыттан соң уктап жаткан 4 айлык ымыркайы ойгонуп, эмчек сурап ыйлай баштайт. Тынымсыз ыйлаган баласын соорото албай, аракка тойгон ата күч менен ымыркайды шкафка чаап салган. Наристе биротоло үнүн басканда шектүү магдырап уйкуга кетет. Тынчып калган күйөөсүн сырттан байкап турган аялы кирип, баланын кан болуп жатканын көрүп, милицияга кабар берген. Ал эми кылмышка шектүү деп кармалган Икрамжан Купаев “Баланы сооротоюн деп уктоочу бөлмөгө көтөрүп бара жаткам. Мас абалында болгондугумдан чалынып кетип, баламды баса жыгылдым. Сооронуп калганынан уктап калды го деп жаткырып коюп, ортончу уулумдун жанында уктап калыптырмын. Көзүмдү ачсам эле милиция кызматкерлери келип калыптыр” деген шылтоосун айтууда. Ата сөрөйдүн үстүнөн киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
aruuzat88
2014-08-20 13:00:31
Арак ичпей балее ичпейби булар.
0
Aiperi.edil
2014-08-20 16:30:07
уууф кандай Адам мындай адамды олтуруп салыш кк ит да оз баласын коргойт. ээ кудай бул эмне деген кордук
0
Gulzar_88
2014-08-20 17:30:32
Кудай сактаа бобокто емне куно?
0
beka88
2014-08-21 14:36:54
арак ар кандай жолго алып барат ушул болуп аткан жаман иштердин баары арактын айынан болуп атат да, арак озу арам да ээй арак ичкендер ушуну койгула бир кун силерге да ушундай кырсык болуп журбосун
0
Aselya-345
2014-08-21 18:02:42
Куйосу уруп токмоктосо да биринчи баланы алып чыгып анан озу качып чыкпайбы?наристе кудайдын бизге берген белеги аны 10 коздоп карап суйуп, мээримин тогуп чонойтуш керек!!! Ошол аялды куйосу менен кошо камап анан эл алдында баштарын алып салыш керек... Арактын айынан ото кечирилгиз кылмыштар болуп атат ошол учун арак саткан магазиндерге чоон сумадагы штраф коюш керек жана арактын ценасын 4-5 эсе кымбаттатышы керек...
0
Erniza
2014-08-21 18:26:16
Эээ аллагым озун ыйман бер!!!
0
Meka1811
2014-08-21 22:42:02
Кудай озун сактай кор бул эмне деген жорук айбан деле оз баласын коргойт булар эмне айбанчалыкда акылы жокпу...
0
spb007kg
2014-08-22 01:41:29
Акмак
0
SaIixa
2014-08-22 12:43:27
2 кун мурун мышыгым ооруп, олуп калганына ичим ачышып отурса... А бул акмактарга наристе эч нерсе болбой калган го
0
zarlyk2211
2014-08-22 16:26:07
ынсап берсин
0
Ch.i.k.a
2014-08-22 18:04:46
Бундай адамды атуга окум чыгарыш керек болчу биздикилер кайда 2 жылдан кийн чыгарып жиберет айван да олтурбойт
0
elif
2014-08-23 17:36:01
eki jubay manday teskey oturup araktan urup otursa emne menen butooru belgiluu!!!
0
kokokola
2014-08-23 20:49:49
оо кудай ай кандай гана уройду учурган окуя! окуп алып муундарым калчылдап кетти!
ичкичтерге озу каттуу жаза бериш керек болуп калды!
0
nurikkg1
2014-08-24 22:30:36
Мунун даты Икрамжанго кыргыз эмеско прессхата мамасын коргозот
0
Ashurjan
2014-08-24 22:37:11
Kudaiym dagy uwundailarga bala berbei ele, kop jyldan beri balaluu bolo albai, jurgondorgo bala berse eken!
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан