"Сырдуу материалдар" тасмасы менен элге таанылган америкалык актёр Дэвид Духовны 17 жыл чогуу жашаган жубайы менен ажырашты. Маалыматка ылайык, түгөйлөр июнь айында эле ажырашууга арыз жазып, бирок калайыктан сыр тутуп жүрүшкөн. Ажырашуунун шарты боюнча, алардын 15 жаштагы кызы менен 12 жаштагы уулу апасында калышат. Андан сырткары актёрго ай сайын балдарына 40 миң доллар алимент жана 8 миң доллар жөлөк пул берүү милдеттендирилди.
Эске салсак, актёр жубайы менен жашабаганына 3 жыл болгон. Экөөнүн бөлөк жашашына актёрдун башка айымдарга кызыгуусу күч экени себеп болгон.