«КАЙРАТ, КАЙДАСЫҢ?»
– Кайним Кемелов Кайрат Оболкановичти издейм. Ал 1985-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 2010-жылы 12-августта Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча аймагындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ата-эне, бир туугандары үмүт үзбөй күтүп келебиз.
Жеңеси Жазгүл, 0709 93 20 82
«АСКЕР КЫЗМАТЫН БИРГЕ ӨТӨГӨН ТЕҢТУШУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1969-71-жылдары Орусиянын Приморский крайынын Тынч океан посёлогунда бирге аскер кызматын өтөгөн Жаныбек Турдумамбетовду издейм. Ал жакта айдоочулук кызматта болгонбуз. Жерлиги Таластан болот. Көрүп-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.
Камчыбек Аламанов, 0700 79 53 64
«АПАБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– Апабыз Батыш Ырысалиеваны издейбиз. Ал 1959-жылы Нарын облусунда туулган. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер аймагынын Фрунзе көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Психикалык жактан оорулуу болчу. Аны көрүп-билгендер же тааныгандар болсо кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Уулу Айбек Усеинов, 0551 59 89 80
«ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
-Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Токтоналы Кермакунов аттуу тургунун издейм. Ал экөөбүз 1977-78-жылдары Германияда бирге аскердик кызмат өтөгөнбүз. 1985-жылга чейин байланышып турдук, андан бери дайынсыз. Жазган каттарым жетпей жатабы билбейм, жооп келбейт. Аялынын аты Сайрабүбү, кесиби мугалим. Айгүл, Уланбек, Батыркул аттуу балдары бар болчу.
Азимжан Бурканов, 0772 20-70-58
«ВЕНЕРА МОМБЕКОВА, БАРСЫҢБЫ?
– 1994-1996-жылдары Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Комсомол айылындагы (азыркы Жалгыз-Жаңгак айылы), Көк-Арт мектеп интернатында 10-11-класста бирге окуган жакын курбум Венера Момбекованы издейм. 11-классты бүткөндөн кийин ал Орусияга кеткен, ошондон кийин аны көргөн жокмун.
Гүлнара, 0773 61 02 74
nurakova.gulnara@mail.ru
«КАЙДАСЫҢ, АЙДАНА?»
– Досум Омарбек кызы Айдананы издеп жатам. Каратайдан болот, Алайга турмушка чыккан. Айдана, окуп калсаң байланыш!
Элизат,+89258579478
«Асел эже, окуп калсаңыз чалып коюңузчу»
– Салам, «Супер-Инфо»! Мен 1989-жылы туулган Асел эжемди издейм. Ал атамдын биринчи аялынын кызы. Фамилиясы Адилова, Бакирова же Кожоакмат кызы болсо керек. Апасынын аты Замира, Токтогул районунан болот. Асел эже, окуп калсаңыз чалып коюңузчу.
Айгерим,
89655453904
«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Орусиянын Новый Уренгой шаарынан таанышкан курбум Назираны издейм. Ал 1987-жылы туулган, Нарындан болот. Бакуля аттуу сиңдиси бар. Окуп калсаң байланышып койчу.
Курбуң Жыпара, +79254821903
«ЖЕҢЕМ МЕНЕН УУЛУ МУРАТТЫ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо»! Менин агам 1990-жылы көлдүк кызга үйлөнгөн. Анан жеңемдин боюнда бар кезде ажырашып кетишкен. Кийин агам менен жеңем жолугушканда, «Уул төрөдүм, атын Мурат койдук. Таятасынын колунда чоңоюп жатат, сенин кичине кезиңе аябай окшош» деп айткан экен. Агамдын аты Алмаз эле, кайтыш болуп кетти. Жеңем менен анын 1991-жылы туулган Мурат аттуу уулун издейм. Учурда Москвадамын.
Атым Аязбек, +79251560582
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37