29-августта борбор шаарыбыздын Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бирма боксу боюнча Евразия чемпиону үчүн профессионалдар арасында беттеш өтмөкчү. Анда 73 килограммга чейинки салмакта кыргызстандык Дастан Шаршеев орусиялык Дмитрий Котов менен күч сынашат. Ошондой эле рейтингдик беттештер да орун алмакчы. Мекендешибиз Дастан Шаршеев бул беттеште жеңишке жетишип, континент чемпиону аталат деп ишеним артып турган чагыбыз.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg