Күндөрдүн биринде апамдын тапшыруусу менен дүкөнгө баш багып калдым. Дүкөнчү аял менин жакын жеңелеримдин бири эле.
– Жеңеке, соодаңыз кандай?- дедим тийише.
– Сен сурагандан бери мурункудан да жакшы...
Жеңем кылыктана каш кагып калды. Мен таңдана түштүм.
Ошол күндөн баштап жеңем оюмду ээлеп, аңдыганым эле дүкөн тарап болуп калды. Негедир жеңем да мени көргөндө көзү ойноктоп, бир башкача боло калат. Ансайын жеңемдин кылактаган карааны өзүнө тартат. Бир күнү байкем жумуштары менен шаарга кетип, дүкөнчү жеңем үйүндө калганын угуп калдым. Шылтоо таппай турган жаным кечинде жеңемдин үйүнө жөнөдүм. Жакындап келсем жеңем короосунда кыңылдап көңүлдүү жүргөн экен. Сынамакка бут алдымда жаткан кичине ташты алып ыргытып койдум. Жеңем селт бурулуп мен экенимди көрүп унчукпай үйүнө кирип жок болду. Эмнегедир жеңемдин кайрылып чыгаарын сезгендей күтүп тура бердим. Бир топ убакыт өткөн соң, электр жарыгы өчүп, күттүргөн дүкөнчү жеңемдин карааны көрүндү. Анан ал жаныма жете келди. Колумдан жетелеп чөп жыйган бастырмага жөнөдү. Сөз айтууга чамам келбей аптыга татына жеңемди басып жыгылдым. Экөөбүз чапташкан боюнча кумарыбызды кандыруу үчүн эзилүүгө өттүк. Кайран жеңем тоонун чокусуна чыгып, жылдыздарга колун сунуп, жетпей жаткан сымал «эми кичине аз калды мына-мына» деп ахалап-өхөлөп үн чыгарып жатты. Лаззат кучагында канча термелдик билбейм. Эсиме келсем, бастырмада жалгыз жатыптырмын. Ошондон көп өтпөй шаарга жөнөп кеттим. Айылдагы жеңемди эстеген сайын ысык койну эсиме түшөт да турат.
Сапар