Ысык-Көл облусунун Тоң райондук РЭСинин Кажы-Сай аймактык бөлүмүнүн кызматкери Ишенбек Күсөгөн уулу 8-июлда токко урунуп каза болгон. Анын өлүмүнүн себебин Кажы-Сай аймактык РЭСинин кызматкерлери «чагылган түштү» деп билдиришкен. Бирок медициналык экспертизадан маркумдун ток уруп каза болгондугу аныкталган.
«ИНИМДИ ТОК УРГАНДА АЛ ЗЫМ КАРАГАЙДА САЛАҢДАП КАЛЫПТЫР»
Бир тууган инисинин өлүмүнө сыздаган БАКТЫГҮЛ ТАЗАБЕКОВА окуя туурасында төмөнкүлөргө токтолду:– Бир тууган иним Ишенбек Күсөгөн уулу 2009-жылы Тоң райондук РЭСинин Кажы-Сай бөлүмүнө электромонтёр болуп жумушка орношкон. Ушул жылдын 8-июль күнү Жайлообай деген бөлүм башчы, дагы башка кызматкерлер Жылуу-Булакка жумушка барышыптыр. Күндүзгү саат 2ден өткөндө светти өчүрүп, «саат 4кө чейин күйбөйт, чыга бер» деп инимди зым тартылган карагайга чыгарышат. 14:50 чамасында бир зым карагайды бүтүп, экинчисин оңдой баштаганда инимди ток уруп, ал карагайдын башында салаңдап калыптыр.
Алдын ала жардам деле көрсөтүшпөгөндөй. Инимди жерге түшүрүшүп, ооруканага алып барышыптыр. Өлүп калган аны ооруканага таштап, РЭСке барып, баары топтолуп шылтоолорду таап, кечки саат 5тен өтүп калганда келинчегине «чагылган тийип өлдү» деп кабарлашыптыр. Өлүмгө себепкер болуп, жөн эле жүрүшөт. Себеби РЭСте Жайлообектин өкүл атасы, кайын ата, кайын энеси иштейт. Мастер, башкы инженер, участканын жетекчиси баары кызматтарында отурат. Мени көрүшсө шылдыңдагансып күлүп өтүшөт. Медициналык экспертизадан өткөргөндө «ток урган» дешти. Бул иш боюнча комиссия түзүшүптүр, алардын курамын карасам, баары эле өздөрүнө караштуу адамдар экен. Кандай болгон күндө да жумуштагы шалаакылыгы үчүн жетекчиси жазага тартылышы керек эле.
Жумушун так билген адам болгондо эч качан мындай орой ката кылмак эмес. Бул кишинин шалаакылыгынын айынан каза болгон жалгыз менин иним эмес, көп адамдар ток уруп майып болуп отурат. Инимдин өмүрү башкага билинбегени менен, балдары, келинчеги, туугандары үчүн эмне деген баалуулук. Аны башына түшмөйүнчө эч ким сезбейт.
«ЖЕТИМ ӨСКӨНБҮЗ, ИНИМДИН БАЛДАРЫ ДА ЖЕТИМ КАЛДЫ»
– Инимдин артында аялы эки баласын кучактап кала берди. Атабыздан эрте айрылып, апабыз бизди пол жууп жүрүп баккан. Жетимдин күнүн жакшы билебиз. Эми инимдин балдары да жапжаш кезинде ошол күнгө кабылышты. Ишенбек 40 жашында өлүп калды. Кызы 9, уулу 7 жашта. Азыркыга чейин «атам кайда?» деп ыйлашат. Аларды көрүп отуруп жанында тынч тура албайт экенсиң. Үй-бүлөдө мен эле кызмын, калганы эркек балдар. «Жетим өссө да тартиптүү чоңоюшту» деп кубанчумун. Кандай болсо да үйдө эркек болсун, балдар ата тарбиясын алсын. Ата-энеден эрте айрылгандын Кудай бетин ары кылсын.
Ден соолугу таза, күлүп-жайнап эле жүргөн инимди шалаакылыгынан Кажы-Сай
РЭСинин жетекчилери өлтүрүп коюшту. Уялышпай кайра бизге «иниң наряды жок барган» дейт. Бутка кийип карагайга чыкчу темирди жетекчиликтин уруксаты менен гана алып, алардын көзөмөлүндө тапшырышат экен.
«БИЗДИ АЖЫРАШТЫРЫП ТЫНАСЫҢ ДЕЧҮМҮН, МЫНА ӨЛТҮРҮП ТЫНДЫ»
Маркум Ишенбек мырзанын жубайы МАХАБАТ КАСЫМАЛИЕВА жолдошунун жетекчиси кызматынан пайдаланып кол астында иштегендерди жеке жумуштарына да иштетип жүргөн дейт:
– Жолдошум РЭСте 5 жылдан бери иштейт. Ошол аралыкта үч жетекчи менен иштешти. Мурунку жетекчилеринин убагында жолдошум эртең менен 8де жумушка кетип, кечки саат 17:30да үйдө болуп калчу. Ал эми Жайлообай (ред.: Кажы-Сай аймактык РЭСинин жетекчиси) менен иштешип баштагандан бери түн жарымда келет. Бул боюнча анын өзүнө да айткам, «Жумуштан кийин коё бер, биздин үйдө да тиричилик бар. Мындай болсоң бизди ажыраштырып тынасың же өлтүрүп тынасың» дечүмүн, мына өлтүрүп тынды. Ал «силер өкмөттүн жумушун билбейсиңер» деп кутулчу. Үйүнө алып барып пайдубалын куйдурат, чөп чаптырып, аны жыйнатат. Атасынын машинасы бузулуп калса, жумушка барбай машина оңдогула дейт. Аялы балдары менен башка айылда калып калса, ошолорду барып алып кел дейт. Мына мен түшүнбөгөн өкмөттүн жумушу...
Жайлообайга караганда электр тармагын үйдө отурган мен жакшы түшүнөм. Жолдошум жокчулуктун айынан ошол жерде эле иштеп жүрдү. 2 ай кечиктирип айлыгын араң алышчу. Анда да «бир кызматкерди ток уруп майып болуптур, ага жардам көрсөтүш керек, комиссия келиптир, кой союп сыйлаш керек» деп эле кармап кала беришчү. Кажы-Сайда көп кабаттуу үйдө кайнагамдын үйүндө батирде турчубуз. Жолдошум каза болгондон кийин ал үйүн бизге берди.
Үйдө баары бир эркек киши болуусу керек экен. Эски курулуш болгондуктан канализация, суу деген жок. Сууну алыс жактан ташып келебиз. Ошонун баарына Ишенбек каралашчу. Мен жумушта, балдарым жаш, суунун жоктугунан ажаткана толуп калат, аны тазалай албай кыйналабыз. Подъездибизде бизден башка эч ким жок ээн болгондуктан аябай коркобуз. Жолдошумдун өлүмүн мага «чагылган тийди» деп алдашкандарына да ачуум келет. Ток урганда эле кабар беришсе жок дегенде акыркы көз ирмемдерин көрүп калат белем деп сыздайм. Өлүкканага алып барышкандан кийин кабар келди бизге.
«ТОК ЖОК БОЛЧУ, ЧАГЫЛГАН УРДУ ГО ДЕП ОЙЛОДУК»
Мындай маалыматтардан соң Тоң райондук РЭСинин, Кажы-Сай бөлүмүнүн башчысы ЖАЙЛООБАЙ мырзага телефон аркылуу байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Ал күнү Ишенбек байкенин жанында мен, бир электромонтёр жана электр колдонуучу бар болчу. Эжеси, аялы мени түшүнбөй, «күйгүзүп жибердиңер» деп күнөөлөп жатышат. Көмөк чордондон (подстанция) электрди өчүрүп берет. Диспетчердин өчтү деген кабарынан кийин биз ишти баштайбыз. Кайдан ток пайда болгонун биз деле билбей калдык. Бишкектен эксперттер келип баарын текшерип чыгышты. Алар да токтун кайдан пайда болгонун аныктай алышпады. Ток жок, эч ким жандырбаганынан бул кырсыктын себебин чагылгандан болду го деп ойлоп, ошол божомолубузду айткан элек. Бул нерсе менен биз аларды алдайлы деген эмеспиз.
Ал эми «жумуштан сырткары иштетчү» дегенине кошулбайм, мен бул айылда батирде жашасам кайдагы жумушума алып барып иштетмек элем? Ал киши менен достордой жакын элек. Нарядсыз барган дегени, ток линия менен өчөт, ошол учурда наряд жазышым керек эле. Менин күнөөм ошону жазбай калганымда. Бул иш боюнча райондук ИИБи, атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ар кимиси өздөрүнө тийиштүү жыйынтыгын чыгарышат. Мени да ушул ишке байланыштуу кызматымдан бошотушуп, азыр башка аймакта монтёр болуп иштеп жатам.
Кызмат учурунда каза болгон жаран туурасындагы чырдуу окуя боюнча эки тараптын тең оюн угуп, коомго чагылдырууга аракет кылдык. Жыйынтык чыккан соң бул окуяга дагы кайрылмакчыбыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg