Алмазбек Атамбаев: «КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК БАЙЛЫКТАРЫ АНЫН ЭЛИ ҮЧҮН КОЛДОНУЛУШУ КЕРЕК»

19-августта Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Зилалиев кендерди геологиялык чалгындоо, жер казыналарын пайдалануу укугун лицензиялоо жана аукциондорду өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди. Ошондой эле агенттиктин антикоррупциялык ишмердүүлүгүнө, кенди пайдалануу укугуна жана лицензиялоо процесстери боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларга токтолду. Атамбаев Кыргызстандын улуттук байлыктарын өлкөнүн кызыкчылыктарына пайдалануу керек экендигин эскертти. Кендерди казып алуу мыйзамдуу жана алардан бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү элде шектенүү пайда кылбаш керектигин белгиледи.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ayakosya
2014-08-25 10:16:32
Аман эле болгула.
0
TolonturCN
2014-08-26 11:12:44
Андай кылыш керек, мындай кылыш керек, андай кылса болот, мындай кылса болот. айланайын атка минерлер, керек менен канча жыл өткөздүк, ошондой кылалы, жасайлы, иш жүзүндө көрсөтөлү, ошол эсеп, кичик баланы соороткондой күн өткөзбөйлү.
0
Dalil
2014-08-26 18:07:37
23 жылдан бери бийлик элди алдап, элдин бийлике болгон ишеними калбады. Мамлекет болгон башкаруу системасы болуш керек. Андай болбогондо бийликсиз эле жашай бермекпиз баарын европага кууп салып.
0
№ 616, 22-август-28-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан