15-августта Баткен облусунун Зардалы айылынын чабандары Чакуш жайытында бомбага окшогон нерсе көрүшкөн. Аны тургундар Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Байыш Калчаев элге бомбага байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда билдиришкен.
Сапёрлордун ыкчам тобу чабандар айткан жерге барып, салмагы 112 килограммдык ОФАБ ИР-112-80 авиабомбасын табышкан. Бомба турган жеринде жардырылып жок кылынды.
Эскерте кетсек, быйылкы жылдын 17-апрелинде дал ушул Зардалы айылында алты бала граната таап алып, чапкылап ойнойбуз деп анын жарылуусунан экөө каза таап, калганы катуу жаракат алышкан.
20-июлда да Баткен облусунун Жылуу-Суу аймагындагы «Кожо-Ачкан» тозоту жактан авиабомба табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Авиабомба чек араны бузгандарды аныктоо боюнча түзүлгөн атайын топ тарабынан чалгындоо-издөө иштерин жүргүзүү маалында табылган.
Айта кетчү нерсе, акыркы 13 жылда Баткен облусунда 7 авиабомба, 15 мина жана 11 граната табылган.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg