«Саясат – бул элдин маселеси, саясатчы – элдин маселелерин чечүүчү, эл үчүн иштеген адам» деген депутат Эркин Сакебаев 4 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Эл өкүлү «Бейне» рубрикабыздын төрүндө болуп, бала чагы, үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу ой бөлүштү.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
«БИОЛОГИЯНЫ ОКУШ МЕН ҮЧҮН КЫЙЫН БОЛЧУ»
– Ата-энем экөө тең чүйлүк болушканы менен мен Ош шаарында, бир туугандарым да башка аймактарда төрөлдүк. Себеби атам партиялык кызматкер болгондуктан, дайыма кызматтык которулуулар болуп турчу. Үйдө үчүнчү баламын, менден улуу агам жана эжем бар.
Ошентип балалыгым бир эле Ошто өткөн жок. Көбүнчө эсимде калган балалык күндөрүм Таластын токойлорунда өтүптүр. Токой арасында жайгашкан футбол талаасына барып чаң ызгытып чуркап ойногон күндөрүм али эсимде. Анан дагы токойдун сууларына барып балык кармап, бүлдүркөн терип ойночубуз. Көбүнчө өзүмдөн улуу балдар менен достошуп өстүм. Ошондуктан аларга баш ийип, алардын айтканындай жүрө берчүмүн. Ал эми мектепте көпчүлүгү орус, немис балдардын арасында окугандыктан, атамандык жагынан эмес, лидерлик жагынан жарышчубуз. Сабактарды жалаң «5»ке окугандыктан, сүрөтүм дайыма мыкты окуучу катары мектептин ардак тактасында илинип турчу. Математика, физика сабактарын жакшы көрүп окудум. Мен үчүн бир гана биология сабагы оор сезилип, тапшырма аткаруу кадимкидей кыйын болчу. 11-классты Кант шаарынан окуп бүтүрдүм, аттестат алып жатканда 2 сабагымдан гана 4 алып калгам.
«МОСКВАДАГЫ ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛГАМ»
– Улуу агам да, менден кийинки иним да башка мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга тапшырып, окуп кетишкендиктен, атам мага «Фрунзедеги эле бир окуу жайга тапшыр» деп айтчу. Бирок мен Москвадагы университеттердин биринде окууну чечип, экзамен тапшыргам. Тилекке каршы, физика сабагынан «4» алып калып, баллым жетпей, мен каалаган окуу жайга өтпөй калгам. Кабыл алуу комиссиясындагылар «Фрунзедеги каалаган окуу жайга окуй берсең болот» деп айтып калышты. Ошентип Политехникалык институттун автомобилдик инженер адистигин тандап алгам. Институтту бүтүп, эмгек жолумду баштоо үчүн ЖОЖдон мени бөлүштүргөн автобазага барсам, ал жакта бош орун жок болуп калды. Өзүм башка жумуш издөөгө туура келип, Кант шаарындагы 1-автобазага барып механик керек болуп жатканын билдим. Ал жерде 1 жыл иштеп өзүмдү көрсөткөндөн кийин мени жашсың, билимиң бар экен, орус тилин билет экенсиң, иштеп бер деп компартиянын райондук катчылыгына чакырып калышты.
«АБДЫШ-АТА» СЫРА ЗАВОДУНА ЭЧ КАНДАЙ ТИЕШЕМ ЖОК»
– «Абдыш-Ата» сыра заводун көпчүлүгү мага тиешелүү деп ойлошот экен. Ал тургай көпчүлүк басылмалар мени бизнесин коргоо үчүн депутаттыкка келди деп да жазып чыгышты. Ишкана толугу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, иним Советбек Сакебаевге таандык. Учурунда ишкананын сапат иштери боюнча директордун орун басары болуп иштегем. Кээде гана кеп-кеңешимди айтып турбасам, менин ал жерге эч кандай тиешем жок. Иним «байке, сиздин өзүңүздүн ишиңиз бар, менин да өзүмдүн ишим бар, өзүбүздүн иштерибиз менен эле алек бололу» дейт. А мен өзүм буга чейин Чүй облусундагы 6 райондо аким, акимдин орун басары кызматтарында иш алып барып келгем. Чарба иштерин, андагы маселелерди жакшы билем. Саясатка Кыргызстан үчүн жакшылап иштеп, өлкөгө пайда келтирүү максатында келгем. Анын үстүнө атам мамлекеттик кызматкер болгондуктан, ата жолун улоо катары да болуп калды окшойт.
«БАЛКИМ, МЕНДЕН АТАКТУУ ФУТБОЛЧУ ЧЫКМАК»
– Бала кезимден эле футболду жакшы ойночумун. Балким, менден атактуу футболчу чыкмак. Бирок негедир бул багытта профессионалдуу деңгээлде машыккан жокмун. Футбол ойнобой калганыма бир жылдай болуп калды. Болбосо өкмөттүк, депутаттар арасындагы футбол жарыштарынан калбай ойночумун. Бразилияда өткөн Дүйнө биринчилигин эч жакка чыкпай, үйдө отуруп көрдүм. Мындан тышкары балык уулаганды, мергенчилик кылганды жакшы көрөм. Кышкысын тоого чыгып, лыжа тээп эс алып, жандуу операны берилүү менен угам.
Университетте окуп жүргөндө КВН командасында ойночумун. Азыр да кээ бир майрамдык корпоративдерде ырдап-бийлеп калам.
ҮЙ-БҮЛӨ...
– Жубайым Гүлнара экөөбүз 33 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатабыз. Балдарым учурда өз жолдорун таап, орун-очок алышкан. Жеке бизнестери бар, ошол нерселер менен алек болуп жүрүшөт. Айрым депутаттардын «жумуш көп, үй-бүлөгө убакыт бөлүүгө жетишпей калам» деген сөздөрү болбогон кеп. Үй-бүлөгө убакыт дайыма табылат. Мен үйдө өзүмдү кадимки эле кожоюн катары алып жүрөм, чарба иштерин кылам.
АТА-ЭНЕ...
– Атам 1943-жылы согушка кетип, 1947-жылы аман-эсен кайтып келген экен да, ошол эле жылы апам экөө үйлөнүптүр. Атам бизге «китеп окугула» деп көп айтчу, ошого көнүп, биз да көп китеп окудук. Айрым таасирдүү чыгармаларды кайталап окуп чыккандан да тажачу эмесмин. Болгону, акыркы учурларда интернет менен алаксып, китепке көп убакыт бөлбөй калдым. Ал киши ошондой эле балдарына тактыкты үйрөтө алды. Анын таасири депутаттык жумушумдан да байкалат. Жыйындарда дайыма чырылдап эле жүрөм. Себеп дегенде залда аз гана депутат отуруп алып маселе талкуулайбыз дешет.
Апам атама турмушка чыкканы өмүр бою үй кожойкеси болуп, 6 баланы багып өстүрдү. Кээде «өмүр бою силер менен үйдө отурбай иштеп кетсем болмок экен, ошондо ден соолугум бекемирээк болмок беле» деп калчу. Себеби бизди багам деп түйшүк тартып жүрүп, апам кийинки кездерде көп ооруп калды.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg