– Жаңы конуштардын биринде үйүбүз бар. Бирок ал үйгө биз көп деле жашабайбыз. Ай сайын жаккан электр энергиясынын дүмүрчөгүн квартал башчысы алып келип берчү. Ошол дүмүрчөктө көрсөтүлгөн акчаны убагынан кечиктирбей ишканага төлөп турчубуз. Бир ирет биз жокто электриктер үйүбүздүн электр зымын кыркып кетишиптир. Кесе тургандай карызыбыз деле жок болчу. Мына ушинтип, эскертпестен эле өзүлөрү билип жарыкты өчүрүп кетсе болобу?
Барчын, Бишкек
– Мындай учурда сизди электр энергиясы менен камсыздап жаткан ишканага кайрылууңуз керек. Арызда үйүңүзгө электр энергиясын жеткирип берүү боюнча мекеме менен алдын ала түзүлгөн келишимди бузуп, жарыгыңызды мыйзамсыз өчүрүп кеткен кызматкерлердин үстүнөн доо-арыз жазыңыз. Ишкананын тиешелүү адамдары ишти териштирип чара көрүүсү керек.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Фемида» юридикалык компаниясынын жетекчиси АЗИЗ ТОКТОСУНОВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.