Куйкум сөздү учурунда таап, тамашаны таамай айткан тапандык – чоң өнөр. Эрмек Нурбаев бул өнөрдү аркалап, өтөсүнө чыгып тим болбостон, кыргыз тилинде КВН – «Тамашоуну» ачты. Канчалаган жаштардын жүзү элге таанылып, кыргыз тамашасы мекенден тыш жактарда да ийгиликтерди багынтууга жетишти. Ийгиликке чейинки жолду басууда Эрмек Нурбаевдин кетирген маңдай тери жерде калбады. Анын бул чыйыр жолду кантип баштагандыгы тууралуу сөз кылабыз.
«НУРЗАТТЫ БАШТА ДЕП БУТКА ЧААП ЖИБЕРДИМ»
– Мен биринчи жолу «түз эфирге» Кара-Балтада мектепте окуп жүргөндө Алиппе майрамында чыккам. Атайын картон кагаздан сыналгы жасап, бир классташ кызым менен кечени алып баргам. Андан кийин мектепте да, университетте да КВНдерге калбай катышып, эл алдына чыгып жүрчүмүн. Ал эми чыныгы телевидениеге 2005-жылы кадам таштадым. Студент кезде «Браво» долбоорунун сынагына өзүмдү сынап көрүү үчүн бардым. Катышуучулардын саны аябай көп болчу, азыр анчалык көп элди көрсө митинг деп ойлошмок (күлүп). Мен да эл катары 2-3 саат кезекте турдум. Ортосуна келгенде башка жумуштарыма кечигип калчудаймын. Ошондуктан кезекте турган балдарды алдап алды жакка жылып, кастингден өтүп кеткем. Шартка байланыштуу долбоор бир жылдан кийин башталды.
Биринчи эфирим эсимден кетпейт. Мен ортодо, Нурзат (ред. Токтосунова) менен Элнура (Өмүркулова) эки жагымда, үчөөбүз тең толкунданып көз ирмебей, дем албай катып турабыз. Башталды деп бир маалда маңдайыбыздагы экрандан тизилип үчөөбүз көрүнүп калдык. Үчөөбүз тең өзүбүздү көрүп 2-3 секундага катып туруп калсак болобу. Нурзат башташ керек эле. Ал да унчукпайт. Анан мен Нурзатты «башта» деп бутка чаап жибердим. Ошондо гана Нурзат «Саламатсыздарбы?» деп баштап кеткен. Иниме биринчи эфир деп кассетага жаздырып койчу дегем. Үйгө барып көрсөм, ошол чапканым көрүнүп калыптыр.
«БРАВОДОГУ» ЖИГИТ ДЕП КЫЗДАР ЧОГУЛУП КАЛЫШЧУ»
– Кара-Балтада биздин кичинекей «точкабыз» бар болчу. 8-класстан баштап август айында ошол жерде соода кыла баштадым. Атамдан карызга акча алат элем да, «Дордой» базарынан окуу куралдарын алып келип сатчумун. Тапкан пайдама иниме, өзүмө кийим-кечеге акча чогултуп, өзүмдү-өзүм каржылайт элем. Биринчи эфирге чыккандан кийин соодам андан да жакшы жүрүшө баштады. Апам кээде базарга келе жатып обочороок жерде чогулуп калган кыздарды ээрчите келчү. Алар мени алыстан көрүп «Бравону» алып барган Эрмек Нурбаев го, сен барчы, сен барчы» деп тургандарын көрүп, «жүргүлө, ошол жигиттен дептер алгыла» деп мага ээрчитип келчү экен. Долбоордо иштегенибизге 3-4 жыл болгондо программаны күндүзгү маалга жылдырып салышты. Аны бирөөлөр «ошол кездеги ажобузга жакпай калыптыр, ошон үчүн жылдыртышыптыр» деп айтышты. Айтор, ал режим менин окуума туура келбегендиктен кетүүгө туура келди.
«КВНдеги ДОСТОРУМ «ТАМАШОУнун» КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНИШКЕН ЭМЕС»
– Студент кезде бардык КВНге катышып, бир жолу Кыргыз-Орус Славян университетинде өзүм жалгыз чемпион болгом. Евгений Акопяндын КВНинде ойноп жүргөндө аймактан келген таланттуу жаштардын тил барьеринен улам оюнга өтпөй калгандарын көрчүмүн. Казакстанга баргандан да «силерде эне тилиңерде КВН барбы?» деп көп сурашчу. Ошонун баары чогулуп келип кыргыз тилинде КВН ачуу идеясы жаралды. Бирок анда жаш элем, «18-19 жаштагы бала эмнени чечмек эле? Алгач өзүм бир нерсеге жетип алайын» деп жүрө бердим.
Эки-үч жылдан кийин идеямды КРнын биринчи коргоо министри болгон генерал-майор Жаныбек Уметалиев таякеме айттым. Ал жактырып, «азаматсың» деп сүйүнүп калды. Окууну аяктаар маалда Омар экөөбүз Америкага барып келели деп кыялданып калдык. Бул оюмду таякеме айтсам, өзүнүн да маанайы жок болуп отурган экен, столду тарс уруп, «Америкага барасың, ал жакта 2-сорт болосуң, ал да жакшы болгон учурда. Болбосо 3-4-сорт болуп кара жумуштарда иштейсиң. Бул жакта сенин долбооруң эмне болот? Аны ким кылат?!» деп катуу урушту. Ошондон кийин Америкага барам деген оюмдан кайтып, «Тамашоу» долбооруна катуу киришкем. Алгач эле КТРдин жетекчиси Мелис Эшимкановго, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султановго, «Миң кыял» радиосунун жетекчиси Тынчтыкбек Кожобековго барып, алар маалыматтык колдоо берүүгө макул болушту. Аларга ыраазычылык билдирип кетпесем болбос.
КВНдеги досторум «Кыргыз тилиндеги КВНдин келечеги болобу?» деп мага ишенишчү эмес. Бул долбоорду ишке ашырууда бир топ кыйынчылыктар болду. Анын баары болбосо, балким, кутуруп кетмекпиз. Мына, буюрса, биринчи муунубуз бүтүрүүчүлөр чыгып жатат. Кээ бирлер жыйынтыктоочу оюнда коштошуп кетип ыраазычылык билдиришсе, айрымдары ортодо эле даярдыгы жок болгонунан чыгып кетишти. Негизгиси, адамгерчиликтүү коштошсо дейм.
Омар, досу: «АМЕРИКАЛЫКТАРГА КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨП...»– Эрмек экөөбүз 2007-жылдан бери жакын достордонбуз. Кыргызстанда канчалык кадыр-баркы жогору болсо, достор арасында да салмагы ошончо. Эрмектин патриоттуулугун, чечкиндүүлүгүн, алдыга туура максат койгондугун баалайм. Жогорудагы мүнөздөрү экөөбүздү жакындатып турат десем болот. Мен Америкада окуп, мекенге болгон сагынычым күчөп жүргөн күндөрдө Эрмек ал жакка барып калды. Мен аэропорттон тосуп алмакчы болгом. Досум келгенче полицияларга «эмне максатта келдиң, кайдан келдиң? Депортация кылабыз дегиле» деп дайындап, өзүм сырттан карап турдум. Бир кезде Кыргызстан деген жазуусу бар футболка, калпак кийип, колуна комузду кармап алып эки жакты карап Эрмек чыкты. Досум ал жакта да кыргызча сүйлөп, полиция кызматкерлерин күлдүрүп жатты. Анын күтүлбөгөн бул жоругуна биз күлүп, тамашабыз да ишке ашпай калган.
Бообек Тотошов, кармаш урушу боюнча гранд чебер: «ЭРМЕК КАРМАШ УРУШУ БОЮНЧА КАРА КУРДУН ЭЭСИ БОЛДУ»– Эрмек студент кезинен баштап менин колумда машыгып келе жатат. Ал башынан эле жөнөкөй, тырышчаак, баштаган иштин аягына жете билген бала болчу. Ошонун натыйжасында кармаш урушу боюнча кара курдун ээси, бокс боюнча спорт чеберчилигине талапкер болууга жетишти. Чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештери менен болгон мелдеште Эрмек көп деле даярданган жок. Анткени ага чейин эле даярдыгы бар болчу. Финалда Камчы Сарыбаев менен түшкөндө өзүнүн ыкчамдыгы менен жеңип кетти. Эл алдына чыгып жүргөн адам катары өзүнүн келбетине ар дайым кам көрүп жүрөт
.
Нурзат Токтосунова, кесиптеши:«МОЮНУНА АСЫЛЫП ОЙНОЧУБУЗ»– Эрмек экөөбүз «Браво» берүүсүн бирге алып барып таанышканбыз. Бирге иштеп жүргөндө мен берүү башталганча келчү конок тууралуу суроолорду даярдап, камылга көрчүмүн. Эрмек эфир башталарда мага келип, «бир-эки суроо берчи» дей берчү. Мен «сага качанкыга чейин суроо берем, өзүң даярданбайсыңбы?..» деп тамашалап калчумун. Элнура экөөбүз анын моюнуна асылып ойной берчүбүз. Бир күнү эжем далыма банка коюп, денем көгөрүп жумушка келдим. Адаттагыдай артынан чуркап барып асылсам кармабай коюп чалкамдан кулап түштүм. Калп эле ооруп жаткан кишидей жерге жатып алгам. Элнура Эрмекке «сен кармабай коюп денеси көгөрдү» десе ишенип алыптыр. Кийин чындыгын айтып алып аябай күлгөнбүз.
Ассоль Молдокматова, телеалпаруучу:«ЭРМЕК АБАЛДАН ТАМАША МЕНЕН ЧЫГЫП КЕТЧҮ»– Эрмекти мен алгач КВН оюндарында калыстык кылып жүрүп көргөм. Ал адамга жагымдуу жүзү, таланты, сахнада өзүн алып жүрүүсү менен жүздөгөн балдардан айырмаланганы үчүн калыстар тобунун чечими менен «Мыкты оюнчу» деген наам бергенбиз. «Браво» берүүсүндө да сөзгө чебердиги менен айырмаланып турчу. Бир жолу берүүдө жаңы клип көрсөтүлүп жаткан. Элнура ошол жерден сөз таба албай туруп калды. Ал жерде Эрмек тапандык кылып «Элнура, сен туура кылдың, мындай жаңы клиптер эфирге чыкканда эч кандай сөз айтуунун кажети жок, унчукпай койгон оң» деп кырдаалдан чыгып кетишкен.
Муса Ажыгулов, классташы:«ЧУРКАБАЙБЫЗ ДЕП ВЕЛОСИПЕДДИ БУЗГАНБЫЗ»– Эрмек менен 1-класстан 11-класска чейин бирге окудук. Ал мектептен эле коомдук иштерге активдүү катышчу. Бала кезибизде анын үйүнө көп барчубуз. Атасы да тамашага жакын киши. Жаш кезинен тамаша, куйкум сөзгө каныккандыктан, мектепте КВН уюштуруп баштаган. Бир жолу аскерге чейинки даярдыктан бизди алыс аралыкка жүгүртмөй болду. Чуркагандан качып Нурмат деген досум үчөөбүз (сүрөттө) бизди коштоп жүрчү агайдын велосипединин камерасын жарып салганбыз.
Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Эрмек Нурбаевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg