Аскердик кызматын өтөп келүү кайсы бир деңгээлде өзүнчө сыймык эмеспи. Бирок азыр мөөнөтү бүткөнчө ашканада жашылча тазалап, улуулардын ур-токмогуна алынып жүрүп эптеп мөөнөтүн өткөрүп келишерин угуп жүрөбүз.Төмөндөгү Аскар аттуу 19 жашар жигит ал жактагы жашоо тууралуу кеп кылып, ур-токмоктон улам майып болуп калганын айтат.
«БАРГАН КҮНҮ ЭЛЕ ООРУКАНАГА ТҮШТҮМ»
– Ушул жылдын 12-май күнү Бишкектеги №702-аскер бөлүгүнө түштүм. Ага чейин деле улуу чакырыктагы аскерлердин ар түрдүү «фокус» көрсөтө тургандыктарын угуп жүрчүмүн. 5-6 балага кошуп, чачыбызды бир эле устара менен, лезвиесин алмаштырбай эле канталатып алып салышты. Кеч кирди, жатып уктап калыптырбыз. Бир убакта бир нече жигит кирип келип, колго тийгенин муштап, сабап жатып калышты. Аңгыча эле бирөө үстүмө буту менен чыгып алып, 3-4 ирет секирип жиберди.
Эртең менен ичим такыр чыдатпай ооруганынан дааратканага барып, заара кыла албай койдум. Ошол жерден жыгылып калыптырмын. Мени аскер бөлүгүнүн дарыгери Талант Наматовго алып барышыптыр. «Тез жардам» чакырып, алар мага ооруну басаңдатуучу дары сайып, Республикалык хирургиялык борборго алып барып жаткырышты.
Хирургия борборунан дарыгерлерге заара кыла албай калганымды айттым. Ошол учурда Талант Наматов жана мени жаракатка кабылткан Нуралы Эркинбеков дагы жүрүшкөн. Борбордун дарыгерлеринин баарына эле менин аскер кызматын өтөгүм келбей жатканын айтышып «бул бала өзүн-өзү көк ала кылды» деп жатышты. Дарыгерлер «телефон колдонгонго болбойт, дароо операцияга кир» деп, мага «операцияга макулмун» деген тил катты жаздырып, ишти башташты.
Операциядан кийин палатага которушуп, аскер бөлүгүнөн келгендер үйдөгүлөргө байланышууга мүмкүндүк бербей аңдып туруп алышты. Эртеси ийне сайганы келген бейтааныш медайым «кароолчулар» жокто телефонун бергенде апама чалып, операция болгонумду жана даректи айтканга үлгүрдүм.
Жабырлануучу Аскар Айтбек уулунун апасы Максат Өскөнбаева: «ӨЗҮ ИЧИН ЖАРЫП ӨЛДҮ ДЕП КОЮШМАК ОКШОЙТ»– Аскар жалгыз уулум. Мындан кийин 3 кызым бар, өзүм жалгыз бой энемин. Балдарымдын атасы өзүнчө жашайт. Аскар аскерден ата тарбиясын алып, бышып келсин деп өз каалоосуна каршы болбой жибергем. Азыр оң бутун сүйрөп, сылтып басат. Бир нече ирет заара кармай албай, ушатып койгон да учурлары болду. Анан калса азыр уулумду аскер комиссариатынан кайра-кайра «оорусунан айыкса кызматын өтөөнү улантсын» деп келип жатышат. Ичине эмне операция жасашып, эмнесин кесип салышты, билбейбиз. Эгер медайым балама телефон бербесе, ичин жарып кайра тигип, госпиталына сүйрөп барып салмак окшойт. Кудай сактасын, бир нерсе болсо «кызмат өтөгүсү келбей жаткан, өзүнүн ичин өзү жарып өлдү» деп чыгарып берип коюшмак окшойт.
Жабырлануучунун жактоочусу Динара Медетова төмөнкүлөрдү билдирди: «АСКАРДЫКЫНДАЙ ОКУЯЛАР КӨП»– Аскер кызматына барып бирок, кызматын аягына чейин өтөй алышпай токмоктолуп же каза таап калган аскерлер көбөйүп баратат. Менин ишимде эле бир нечеси каралып жатат. Аскарды ушундай абалга алып келген адам жазасын алыш керек. Себеби адамдын өмүрүнө кол салынып, анын денесине жаракат келтирилип жатат. Азыр аскер прокуратурасына арыз жаздык. Жыйынтыгы кандай болорун тергөө аныктайт деңизчи, бирок кооптоно турган нерсе, бардык иш экспертизанын жыйынтыгын кароо менен башталып, ошого жараша негизделет жана корутунду чыгарылат. Ал эми экспертиза баланын оор абалын жашырууга далалат жасап, улам бир текшерүүгө алган сайын мурункусунун жыйынтыгындагы ооруну жокко чыгарып жүрүп отурган. Азыр кылмыш ишин козгогонго негиз жок деген жыйынтыкка келишиптир. Аскер прокуратурасы чыгарган корутундуга жараша өзүмдүн да далилдеримди кошуп, андан аркы процесстерди уланта бермекчибиз.
«АСКЕР КЫЗМАТЫН УЛАНТУУСУ КЕРЕК»
Аскар кызмат өтөгөн Ички аскер бөлүгү Улуттук гвардиянын курамына кошулган. Улуттук гвардиянын басма сөз катчысы ТААЛАЙБЕК МЫРЗАБАЕВ бул жерде чуулуу нерсе жок деп эсептейт:
– Катардагы жоокер Аскар Айтбек уулу 12-майда 702-аскер бөлүгүнө Ленин райондук аскер комиссариатынан барган. Ал жерден аскердик антын бере электе эле ушундай окуяга туш болуп, аскер бөлүгүнөн 1 айлык мөөнөттөгү өргүү алып, дарыланууга жиберилген. Ага улуттук госпиталдан дарыланууга шарт түзүп берели десек ал жакка ишенбей, учурда ар кайсы жакта стационардык дарыланууда болуп жатат. Мыйзам боюнча жоокер улуттук госпиталда дарыланып, аскердик дарыгерлер комиссиясынан текшерүүдөн өткөрүлүп, алар чыгарып берген чечим менен гана кызмат өтөөнү улантуу керекпи же жокпу аныкталышы керек. Өзү барып ошол жактан таза же оорулуу деген маалым кат алып келсе, анан ошого жараша аракет кылат элек. Мыйзам деген мыйзам, Айтбек уулуна 3 ирет өргүүсүн узартып бердик. Тиешелүү маалым каты болбогондон кийин мыйзам боюнча кызматты улантуусу керек. Эгер дагы деле аскерге келбей же өзүнүн ден соолугу тууралуу маалымат берүүчү документтерин толуктоого мүмкүндүк бербесе, анда аскер прокуратурасына тиешелүү берененин негизинде арыз жазып, чара көрүүгө Улуттук гвардиянын укугу бар.
Улуттук гвардия жабырлануучу тарапка 25 миң сом жана Эркинбековдун туугандары 1000 АКШ долларын бергенин Аскардын апасы билдирди.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg