Болгон кара күчүн, акыл-билимин жумшап, ак эмгек менен үй-бүлө багып, оокатын кылган мырзалар бар. Эркектер менен тең жарышып, базарда, талаада, дегеле бардык тармакта шымалана киришип, бирди эки кылган айымдар андан көп. Ак эмгеги менен тыйын таап тиричилик кылган аялдардын алсыздыгынан пайдаланып, кол салып акчасын тартып алган эркек сөрөйлөр да кездешет. Бир нече күн мурун жапжаш жигит 30 миң сом акчаны тоноо максатында айымды өлтүрүүгө аракет кылган.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАРМАЛЫП, ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ:– 26-июль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаардык №4-ооруканадан Ызат аттуу айым оор жаракаттары менен келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды деген маалымат түшкөн. Абалы оор болуп, ошол учурда суракка алганга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Жабырлануучу өзүнө келген соң окуя тууралуу аныктала баштады. ИИМдин жана Аламүдүн РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 1995-жылы туулган Өмүрбек Мурзабек уулу аттуу Жайыл районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 172-беренеси (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
«2 БАЛАҢДЫ ОЙЛОСОҢ МИЛИЦИЯГА БИЛДИРБЕ ДЕДИ»
Жабырлануучу Ызат Калбаева кылмышка шектүү Өмүрбек Мурзабек уулун кыштан бери жүк ташуучу катары иштетип жүргөнүн жана андан мындай кылмыш ишин күтпөгөнүн айтат:
– Өмүрбек бизге кыш айларында келди. Ага чейин иштеген бала Орусияга кетип жатып ордуна «тааныш бала, жакшы иштейт» деп Өмүрбекти таштап кеткен. Жарым жылдан ашык убакыттан бери тынч эле иштеп жүргөн. Ким ойлоптур, аны ушундай кылмышка барат деп...
Мен «Дыйкан» базарында соода кылам. 26-июль күнү Орозо айт майрамына карата жаңы товар келип, Өмүрбек кечке товар түшүрүп иштеген. Ал күнү банктан акча алганымды да билсе керек. Кечинде жумуш убактысы аяктап, кечки саат 8 болуп калганда Өмүрбек «эже, Пригородноеге досторума барып жолукмак элем, кетип баратып жолдон таштай кетесизби?» деп калды. Жаман ой жок «макул, отур» деп салып алдым. Жолдошума телефон чалып, үйгө бара жатканымды кабарладым. Пригородное айылы бүтүп, дачалар башталган жерге келгенде «токтоп коюңузчу» деди. Артта отуруп келе жаткан, түшүп кетет экен деп жатсам эле моюнума бир нерсени салып, муунта баштады. Унаанын ичиндеги баламдын оюнчуктарынын арасынан ылайыктап бир нерсе тапкан окшойт. Муунуп, дем жетишпей, каршылык көрсөтө баштадым. Колунда отвёрткасы бар экен, ошону менен моюнума сайгылап кирди.
Мен коркконум менен паникага алдырбай, эсимди жоготпоого аракет кылдым да, каршылык көрсөтүп, эптеп сыртка качып чыктым. Чоң жолдо маршруттук такси келе жатыптыр. Алдынан чыга калып токтоткуча тиги чуркап келип мени түртүп жиберди эле жыгылып кеттим. Аңгыча кырдуу таш менен башыма койгулап кирди. Демим кысылып, колдорум учтарына чейин чымырап чыкты. «Эмне керек, айт? Акчаны алып кете бер, бирок мага тийбе» дедим. «Унааңды да айдап кетем, 2 балаңды ойлосоң милицияга билдирбе» деди. Эсиме келип, бирде эсимди жоготуп жолдун чекесине чыктым. Бети-башымдын баары кан. Муну көргөн бир да айдоочу токтобой койду.
Көз байланып, айланага караңгы кирип баштаганда жол чекесинде дарбыз сатып отурган аялдар көрүндү. Алардан телефон сурап, жолдошума чалып, алар келип мени ооруканага алып барып жаткырышты. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Башым катуу чайкалыптыр, чачымды кырып, баш теримдеги терең жаракаттарды дарылашты. Ал арада жолдошум милицияга кабарлап, арыз жазып койгон экен. Көп узабай Өмүрбек колго түшүрүлдү дешти.
«ЭНЕСИНЕ БООРУМ ООРУП ЖАТАТ»
– Азыр ден-соолугум жакшыра баштаган менен дале коркуп жүрөм. Эми деле артыман бирөө келип кол салчудай сезилет. Азыркы жаштарга түшүнүш кыйын. 30 миң сом үчүн эле ушуга бардыбы деп таң каласың. Ата-энеси «бардык чыгымдарды төлөп берели, тосмо арыз жазып бер» деп жатышат. Алар деле жетиштүү жашаган жакшынакай эле үй-бүлө экен. Өмүрбекти окууга өткөрүп коюшкан, студент болчу. Баарынан да энесине боорум ооруп жатат. «Өзүң деле энесиң го, менин ордума өзүңдү коюп көрчү? Жапжаш, он гүлүнүн бири ачыла элек жатып түрмөнү көрсө, баламдын келечеги эмне болот?» деп сыздап жатат.
Денеме урган соккуга караганда жаш баланын ушундай болбогон акчанын айынан кылмышка барып, темир тор артына камалышы, энесинин сыздаганы катуураак тийип жатат. Эне, аялзаты катары баланын энесин ойлосом, алган соккум чымын чаккандай болбой кетет. Антейин десең, колу менен кылган күнөөсүн моюну менен тартыш керек. Эгер мен өлүп калсам анда менин эки жаш балам эмне болот эле? Кыскасы, ушундай мендей аёосуз чайналган абалды душманыма да каалабайт элем. Жайыма койсо күн сайын укук коргоо кызматкерлеринин чакырыктарына барбай, жада калса сотуна да катышкым жок. Мыйзам экен, өзүмдүн ошол учурдагы абалымды эстеп, кылмышкер мыйзам алдында жооп берет да деп жатам.
Эки буттап басып жүргөндөрдүн баарын эле адам деп айтыштан коркосуң. Жапжаш туруп эжесиндей болуп калган аялга кол салып, кырчындай келечегине өз колу менен өзү балта чаап отурат. Өмүрүнө кол салган кылмышкерди аяп, көзүнө жаш алып турган жабырлануучуну көрүп акыр-чикирине карабай кең дүйнөнү батырган энелердин жүрөгүнө дагы бир ирет даңк дедим.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg