«Мен 2013-жылы 6-февраль күнү Сокулук айылынын Карагачевая көчөсүндө жайгашкан 5 бөлмөлүү үйдү 11 миң АКШ долларына сатып алгам. Бирок учурда же акчамдан жок, же үйдөн жок болуп отурам» дейт Медина Карабекова. Төмөндө бир жесир менен төрт жетимди ыйлаткан эски үй баяны.
Медина Карабекова, «ҮЙҮМӨ ЧЕЙИН БАРЫП, САТЫП АЛ ДЕГЕН»– Үйүн саткан Сүйгүнбай Хайдаров «Дордой» базарында менин жанымда кийим сатып иштечү. Ал «тез арада үйүмдү сатышым керек, аны күрөөгө коюп, насыяга акча алдым эле. Пайызы өсүп жатат. Сатып, карызды төлөйм» деди. Мен да сатып алууга үй издеп жаткам. Баасы мага туура келген үй тапсам, банктан насыя алып сатып алып, кийин акырындык менен алган насыямды төлөп алсам дечүмүн. Сүйгүнбай үйүн
15 миң долларга баалады. «Менин ага күчүм жетпейт. Өзүм жесир аял болсом, 4 баламдын жеп-ичкени да бар. 10 миң долларлык үйлөрдөн гана алышым мүмкүн» дедим. Эки жолу үйүмө чейин барып, «үйүбүздү ал, сен айткан баада берем» деди.
Үйлүү болуп калайын деп банктан банкты кыдырып жүрүп документ даярдап, бир банктан 2013-жылы 4-март күнү 11 миң
доллар насыя алдым. Банктын юристи, нотариаттын кызматкерлери да үйдүн документин бирме-бир текшерип чыгышкан. Үй Сүйгүнбай Хайдаровдун наамында экен. «Аялым менен жарандык никеде эле жашайбыз» деп паспортундагы «никеси жок» деген жазуусун көрсөттү. Үйдү документтештирип берген кызматкерлер, банктын юристи баары «анда аялынын макулдугунун кереги жок» дешип менин атыма каттап беришкен. «Үйдү 1 айдын ичинде бошотуп беребиз, убакыт бер» дегенинен макул болгом. 1-апрель күнү үйгө келсем «Сүйгүнбайдын аялымын» деп бир аял туугандары менен жүрүптүр. «Менин уруксатымсыз сатылган, бербейбиз» деп мени үйдөн кууп чыгышты.
«СОТТОР 26 268 СОМ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨЙСҮҢ ДЕШТИ»
– Арыз жазайын деп Сокулук РИИБине барсам «бар, ошол сени алдап кеткен адамдарды таап кел, сурак кылып көрөбүз» дешип эки жолу арызымды карабай коюшту. Сокулук райондук соту Сүйгүнбайдын аялы Элмира Дүйшөбаеванын «сатып алуу мыйзамсыз болду» деп жазган арызын карап, нике күбөлүк жана башка документтерин текшербей эле алардын пайдасына чечим чыгарып койду.
Бир күнү Хайдаровду жолдон кармап алып, «эмнеге мындай кылып жатасың?» десем, «Элмиранын үйгө эч кандай тиешеси жок. Ал менин үйүмө 3 баласы менен өзү кирип отуруп алган. Мына менин аялым башка» деп Нурзат Дөөлөталиева аттуу аял экөөнүн ортосундагы нике күбөлүгүн көрсөттү.
2013-жылдын сентябрь айында Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылдым. Ошондо «жаңы жасаттык» деп Элмира Дүйшөбаева нике күбөлүк алып барса, Хайдаров болсо Нурзат Дөөлөталиева менен катталган нике күбөлүгүн алып барды. «Эмнеге 2 нике күбөлүк? Кайсынысы жасалма?» деп соттор да суроо бергенге жарабады? Сот отурумуна үйдү күбөлөндүргөн нотариаттын кызматкерлери, банктын юристи катышып, «документтер туура, мыйзамдын негизинде Элмира Дүйшөбаеванын үйгө тиешеси жок» дешсе соттор аларды «силер жөн эле катышуучусуңар, сүйлөбөй отургула» деп тыйып койду. Ошентип облустук сот да чечимди Элмира Дүйшөбаеванын пайдасына чечти. Мага
26 268 сом айып пул салды. Жогорку Сотко кайрылайын дейм, бирок алар да айып пул жазып койсо кантип төлөйм деп жазыштан коркуп жатам.
«АЙЫНА 20 355 СОМДОН НАСЫЯ ТӨЛӨЙМ»
– Үй алам деп банктан 11 миң доллар алып, азыр айына 20 355 сомдон төлөп жатам. Ачка калган балдарымдын ыйлаганын көргөндө «төлөбөйм, банк үйдү алса алып коё берсин» дейм. Бирок анын 60 пайызын төлөп бүтүрүп койгом. Үзүлбөгөн үмүт менен «үйүм кайра өзүмө тийип калар» деп жашап келе жатам. Жолдошум автокырсыктан каза болуп калган. Ал каза болгон соң «Дордой» базарынын жетекчилиги мага бир орун берген. Ошол жерде оюнчук сатып иштеп жаткам. Насыяны төлөйм деп аны да саттым. Азыр күндүз кечке кафелердин биринде идиш жуугуч болуп иштейм, кечкисин «Дордой» базарында көчө шыпырам. 4 балам жетим болгондуктан, аларга 5500 сом пенсия, 2000 сом жөлөк пул алабыз. Аны иштеп тапкан акчаларыма кошуп банкка, батирге да төлөп жашап келем. 12 бир тууганбыз. Баары эле мага окшогон карапайым адамдар. Жардам бергенге чамасы жок.
Нурзат Дөөлөталиева:«ЭЛМИРА СОТТОРДУН ООЗУН АКЧА МЕНЕН ЖААП ЖАТАТ»
Талашта турган үйдү көрүү үчүн Сокулук айылына бардык. Ал жерди Элмира айым бирөөлөргө ижарага бериптир. Батирде жашап жаткандар «ээси келбесе ачпайбыз» деп дарбазаны ачпай коюшту. Үйдү сатып коюп, ортодо эки аялга талаштырып, чырды чечип берүүгө даремети жетпей жаткан Сүйгүнбай Хайдаровду издеп, анын учурда жашап жаткан келинчеги Нурзат Дөөлөталиевага байланыштык. Жолдошунун дайынын айтпай, ал менен сүйлөшүүбүздү каалабаган НУРЗАТ айым төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жолдошум бойдок кезинде шаардан үй алган экен. Кийин аны сатып, Орусиядан иштеп таап келген акчасын кошуп, Сокулуктагы ошол үйдү сатып алган. Жарандык никедеги аялы Элмира менен жашаган жылдары кыздуу болушкан. Кийин ал Элмира менен ажырашып, Сүйгүнбай экөөбүз мыйзамдын негизинде баш коштук. Жолдошумдун банктан алган насыясы бар болчу, анын үстөк пайызы өсүп жаткандыктан үйдү тез арада сатып, ага төлөш керек болду. Сатарда Элмирага «мен үйдү сатып жатам» деп айткан. Ал «билгениңди кыла бер» деген. Шашылыш болгондуктан 5 бөлмөлүү чоң үйдү арзан эле сатып жиберген. Сатардан мурун Мединага «бул талашта турган үй, алың жетсе ал» деген. Медина билип туруп «эптеп алам» деп сатып алган эле. Эми минтип же акчасынан, же үйдөн жок болуп отурат.
Үй жолдошумдун атында болчу, мыйзамдын негизинде үйдү Мединанын атына өткөрүп берген. Элмира соттордун оозун акча менен жаап коюп жатса жолдошум эмне кылсын? Жасалма нике күбөлүк даярдатып алыптыр.
«Элмира Дүйшөбаеванын бул үйгө кандай тиешеси бар? Үй анын наамында болбосо сот кантип анын пайдасына чечим чыгарып берген?» деген суроолор туулбай койбойт экен. Элмира айымды издештирип, анын учурда Орусияда иштеп жүргөнүн уктук. Соттордон жооп алалы деп бул ишти караган Чүй облустук сотунун судьялары Шааркан Калыбаева менен Алма Кадыркулова айымдарга телефон аркылуу байланыштык. Судья Алма Кадыркуловадан «Биз докладчы эмеспиз. Жогорку Сотко кат менен кайрылгыла» деген жооп алдык. Ал эми Жогорку Сотко жазган катыбызга жакын арада жооп беребиз дешти. Жооп келген соӊ бул окуяга дагы кайрылмакчыбыз.
Юристтин кеңеши
«ҮЙ АЛАРДЫН ОРТОДОГУ МЕНЧИГИ ЭМЕС»
Бул боюнча юрист ЖООМАРТ ЖОЛДОШЕВ Медина айымга төмөндөгүдөй кеңешин берди:
– Урматтуу Медина айым, Үй-бүлө кодексинин 35-беренесине ылайык никенин учурунда жубайлардын тапкан мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. Ал эми ошол эле кодекстин 11-беренесине ылайык жубайлардын укуктары менен милдеттери түзүлгөн нике мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат. Демек, жубайлардын никеси мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүктөн жогорудагы айтылган үй алардын ортодогу менчиги болуп эсептелбейт.
Ал эми сот органдарынын чечимине укуктук баа берүү үчүн алардын чыгарган актыларын карап чыгуу зарыл. Негизсиз болгон соттун актылары мыйзамсыз жана ал жогорку инстанциядан жокко чыгарылат. Албетте, соттордун дагы жеке абийирине тиешелүү учурлар болот. Ошондуктан бул учурда тиешелүү деңгээлдеги жактоочу менен иштешүүңүз керек.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg