Батыш Африкадагы эбола вирусунун эпидемиясы бүт дүйнө элине коркунуч туудуруп турган маал. Бул материкке чектеш жайгашкан Сауд Арабиясына ажылык зыяратка 8-сентябрдан 28-сентябрга чейин Кыргызстандан 3685 жаран аттанганы турат. Дүйнөнүн төрт бурчунан мусулмандар чогулган жерде мекендештерибизде вирусту жугузуп алуу коркунучу жок деп эч ким кепилдик бере албайт.
Алгач вирус 1976-жылы Заирдеги (азыр Конго Республикасы) Эбола дарыясынын аймагында пайда болгондуктан, эбола аталып калган.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ:
1. Адамдын дене табы кыска убакыттын ичинде көтөрүлөт.
2. Адам өзүн алсыз сезет.
3. Башы, тамагы, булчуңдары ооруйт.
4. Көңүлү айланат.
5. Денеге бүртүкчөлөр чыгат.
6. Боор, бөйрөктүн иштеши бузулат.
7. Оорулуу калтырап-титирейт.
8. Ич өтөт.
9. Айрым учурларда ичтен жана сырттан кан кетүү менен коштолот.
Инкубация мезгили 2 күндөн 21 күнгө чейин.
КАНДАЙ ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ?
1. Кан, шилекей, тер, жаш, какырык, оорулуу колдонгон идиш-аяк, буюм-тайым, кийим-кечек, түздөн-түз байланыш (кол алышуу, кучакташуу ж.б.) аркылуу.
2. Вирусту жуктуруп алган жаныбарлардын этин жегенде, аларды союп жатып жаракат алса, же мурда бар жаракатка оорулуу жаныбардын каны тийсе.
3. Вирус менен жабыркаган адам каза болгондо анын сөөгүн жууган адамдар, маркум менен байланышка баргандар (колун кармап же өөп).
4. Маймыл, жарганат, чиркей, кантала, кемирүүчүлөр да вирусту жугузуучу негизги каармандардын катарына кирет.
ДАРЫЛОО
Эбола вирусунун расмий түрдө ачылышына 40 жылга жакындап калганы менен, бир дагы фармакологиялык компания тарабынан ага каршы натыйжалуу дары-дармек сатыкка чыккан эмес. Вирус чакырган ооруларды айыктырат деп лицензия алган бир дагы дары-дармек жок. Ар кайсы мамлекетте түрдүү дарыларды сыноодон өткөрүп келишет. Бирок медицинада атайын аталышка ээ болуп, ооруну айыктырат деп коомчулукка жайылтыла элек.
Эбола вирусунун эпидемиясы Батыш Африканын Гвинея Республикасында 2014-жылдын февралында башталып, бүгүнкү күндө коңшу жайгашкан Либерия, Сьерра-Леоне, Конго, Мали, Нигерияга чейин жайылып отурат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, Батыш Африкада эболадан мерт кеткендердин саны бүгүнкү күндө (6-сентябрга карата) 2097ден ашса, 3944кө жакын адам бул вирусту жугузуп алды деп катталды. Мерт кеткендердин катарында оорулууларды дарылап жаткан врачтар да бар. Вирустун эпидемиясы жүрүп жаткан мамлекеттерде өзгөчө кырдаал жарыяланып, көптөгөн чектеш өлкөлөр чек арасын (суу, аба, кургактык) жабышты.
БИОЛОГИЯЛЫК КУРАЛБЫ ЖЕ АТАЙЫН БИЗНЕСПИ?
Буга байланыштуу ар кандай пикирлер айтылууда. Кээ бирлер «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кайсы бир топтордун кызыкчылыгы үчүн акча иштеп калуу максатында вирус ойлоп табылган» дешсе, дагы бири «айрымдар акча табуу үчүн атайын вирусту таратып, ага каршы дарыны кымбат баада сатууну көздөөдө» деп, айрымдар «Батыш Африка кара алтынга бай, ошол байлыкты басып алуу максатында вирусту ойлоп табышкан» деген пикирде. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эбола табигый жана бүт дүйнө эли үчүн кооптуу вирус экенин жар салды.
«Фармакологиялык компаниялар тарабынан жүргүзүлгөн эксперимент же атайын ойлонуп табылган курал» деген да пикирлер айтылууда. Бирок изилдөөчүлөр мындай ойлорго кошулбайт. Алардын ою боюнча, бирөө вирус ойлоп тапса, аны жок кылчу дарысын кошо чыгарат. Ошондой эле ал бир аймактан сыртка чыкпашы зарыл. Ал эми бул жерде дүйнө жүзүнө тарап кетүү коркунучу бар табигый вирус жөнүндө сөз болуп жатканын белгилешет.
ВУДУ ДИНИ
Батыш Африканын айрым өлкөлөрү вуду динин карманышат. Бул диндеги айрым өзгөчөлүктөр эбола вирусунун кеңири жайылышына түздөн-түз жол ачып бергендей. Мисалы, вуду дининде ак терилүү адамдар жамандык алып келет деген ишеним болгондуктан, оорулуу адамдарды «актар» иштеген бейтапканага алып барбай, өздөрү келген врачтарды кубалап жатып эбола вирусунун кеңири кулач жайышына алып келген.
Сөөктү жерге берүү каадасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Маркумду жерге берерден мурун анын жаны чындап денесин таштап кеткенине ынануу үчүн сөөктү террасага алып чыгып коюшат. Сөөк ал жерде бир нече күндөн бир канча айга чейин турат. Мындай иштер вирустун кеңири жайылышына жол ачат.
Мүрзөлөрү көбүнчө айыл-кыштактарга жакын жайгашкан. Эгер адам оорудан каза болсо, оорусу суу менен агып кетсин деп суунун жанына көмүшөт.
«Билимсиздик, жакырчылык жана диний ырым-жырымдар эболанын жайылышына көмөк көрсөтүүдө» деп Либериянын президенти Эллен Жонсон-Серлиф айткандай, вирустун жугушуна, анын таралышына адамдар өздөрү гана күнөөлүүдөй.
Эбола вирусу тууралуу айрым суроолорубузга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу оорулар борборунун жетекчиси НУРБОЛОТ УСЕНБАЕВ жооп берди:
– Эбола вирусу Кыргызстанга келиши мүмкүнбү?
– Эбола табигый чордондуу, вирустун резервуары бар гана аймакта болушу мүмкүн. Пандемиялык түрдө мамлекеттен мамлекетке өтүп, Кыргызстанга келүүсү мүмкүнбү деген суроого эпидемиолог адис катары жок дейт элем. 1) Бизде резервуар болчу жарганат, маймылдар жок. 2) Келемиш сыяктуу жандыктарды кармап алып куйкалап жебейбиз. 3) Вирустун таркай турган шарттары да биздин аймакка туура келбейт. Бир гана кооптуу нерсе, адамдан жугузуп алуу.
– Ошол адамдар аркылуу жугуп, таркап кетпеши үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
– Кыргызстанга шарттуу түрдө келип калабы деп аэропорттордо, чек ара постторунда тепловизор орнотулган. Ал штативде турат, фотоаппаратка окшогон кичинекей аппарат. Аны эч ким деле байкабайт. Эгер адамдын дене табы көтөрүлүп турса, тепловизор дароо белги берип, ал адам текшерүүгө алынат. Эл аралык маанидеги ар бир аэропорт, чек ара постторунда санитардык-карантиндик пункт бар. Атайын медициналык кызматкерлер эмгектенишет.
– Өлкөбүзгө эпидемия жүрүп жаткан кооптуу аймактардан адамдар келсечи?
– Тышкы иштер министрлигине кат жолдоп, кооптуу аймактардан адамдар биздин өлкөгө виза ача турган болсо, кайсы жерге, канча убакытка келип, качан кетерин тастыктаган маалыматтарды берүүсүн сурадык. Эпидемия жүрүп жаткан аймактан адам келсе, биз аны изоляцияга алабыз. Оорунун белгилери билине турган убакыт 2ден 21 күнгө чейин делгени менен, негизгиси 4 күндөн 1 жумага чейин билинет. Инкубациялык убакыт өткөндөн кийин оорунун белгилери байкалбаса, ал адамды коё беребиз. Эгер вирустун белгилери байкалса, анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна кайрылабыз. Алар кайсы жакка алып баргыла десе, ошого жараша иш кылабыз.
– Батыш Африка элинин сөөк узатуу каадасы боюнча адамды суунун жээгине коюшат экен. Ал суу башкаларга оору жугузбайбы?
– Суу, аба аркылуу жукту деген расмий маалымат жок. Болсо, каза болгондордун саны бүгүнкү күндө миң эселеп көп болмок. Азыр вирустун эпидемиясы жүрүп жаткан аймактын эли кооптуу абалды түшүнүп, каза болгондорду кремация (сөөктү өрттөө) кылууга уруксат бере башташты.
– Вирус айрым бир кызыкчылыктар үчүн таратылган дегенге оюңуз...
– Атайын таратылды дегенге кошулбайм. Анткени эбола сыяктуу табигый вирустар өтө көп. Бир кезде холера, кара тумоо да канчаларды мерт кылган. Булардын баары изилдөөлөрдүн жыйынтыгында табигый вирус экени аныкталган.
– Мекендештерибиз жакында Сауд Арабияга ажылык сапарга аттанышат. Ал жерден вирусту жугузуп алуу коркунучу жаралбайбы?
– Оорулуу адам менен тыгыз байланышта болбосо эле жукпайт. Ал жерде да кооптуу кырдаалга байланыштуу алдын алуу чаралары көрүлгөн. Чек аралар жабылган, медициналык текшерүүлөр күчөтүлгөн.
Африка материгине чектеш жайгашкан Сауд Арабиясына бараткан мекендештерибизге түшүндүрүү иштери жүрүп жатабы? Бул тууралуу муфтийдин орун басары, умра бөлүмүнүн башчысы ЗАМИР РАКИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Ар жума сайын ар бир кадамыбызды, учакка кандай отуруш керек, эмне тамак жеп, ким менен сүйлөшүп, ким менен байланышка чыкпаш керектигине чейин үйрөтүп жатабыз. Андан сырткары Сауд Арабиядан коопсуздук үчүн алдын ала кандай дарыларды алышыбыз керектиги тууралуу кат келген. Азыркы учурда менингит, грипп жана башка ооруларга каршы дарылануудан өтүп жатабыз. Калгандарынан эми Кудай сактасын.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg