Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 58 ЖАШТА

№619 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж


Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгында "Ала-Тоо" аянтына Манас бабабыздын эстелиги коюлуп, Алмазбек Атамбаев бул ишке башкы демилгечи жана демөөрчү болгон. Кырк уруунун башын бириктирип, курама жыйып журт кылган айкөл Манас атанын жолун жолдоо ниетин билдирип, өлкө бүтүндүгү, эл биримдиги үчүн иштеп келе жаткан Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата анын таржымалына токтолгону турабыз.


Атамбаев Алмазбек Шаршенович Чүйдүн Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында үй-бүлөдөгү эки уул, бир кыздан кийин туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Мектептен соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Сейитбек, Сейтек, Кадыр аттуу 3 уулдун жана Диана, Динара, Алия аттуу 3 кыздын атасы.

Чоң саясатта 1995-жылдан бери келе жатат. Ошол жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келип, 2000-жылы президенттик шайлоодо 3-орунду ээлеген. 2005-жылдын Март окуясына чейин оппозициялык жээкте акаевдик кландык-авторитардык режимди кулатуу үчүн күрөшкөн саясатчылардын сап башында турган. 2006-жылы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баш болгон жоон топ саясатчылар «Курманбек Бакиев саясий реформаларды жүргүзүүнү токтотту, криминалды колдоп-жактап жатат» деген нааразычылыктар менен ири масштабдуу митингдерди өткөрүп башташкан.

2007-жылдын март айында оппозициянын атынан бийлик менен иштешүү макулдашуусуна келип, өкмөт башчылыкка бекитилген. Эки айдан соң ууландырылып, Түркияда дарыланууга аргасыз болгон.

2009-жылы президенттик шайлоого оппозициядан бирдиктүү талапкер катары чыгып, бийликтеги талапкер Бакиевге олуттуу «баш оору» жараткан. Шайлоо жүрүп жаткан 23-июль күнү «добуш берүү учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун» айтып, шайлоо мыйзамсыз деп жарыялануусун талап кылып чыккан.

Медет Садыркулов сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер өлтүрүлгөнүнө, өмүрлөрүнө чоң коркунуч жаралып турганына карабай оппозициядагы саясатчылар Курманбек Бакиевдин кандуу режимине каршы чечкиндүү күрөшкө чыгышты. 2010-жылдын 7-апрелине караган түнү бийлик тарабынан бир тобу камакка алынып, эртеси "Ала-Тоо" аянтына агылып келген эл бийликти кулатуу менен оппозиция лидерлерин бошотуп алды. Эгерде ошол күнү митингчилер жеңилүүгө дуушар болушса, Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыздын бир нече азаматтарынын тагдыры бүдөмүк бойдон калмак.

2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, 16 талапкердин ичинен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. Үй-бүлөсүн коомчулуктан, бийлик иштеринен алыс кармагандыгы менен айырмаланган Алмазбек мырзанын мамлекет башчылык милдетине киришүү боюнча ант берүү аземине жубайы Раиса Атамбаева, уулу жана кызы катышкан.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып жаткан жылдары Кыргызстан Орусия, Түркия жана Кытай менен тыгыз кызматташууга багыт алды. Ошондой эле «жарандык аэропортто аскердик база болбошу керек» деген убаданын өтөсүнө чыкты. Ушул жылдын июль айында террорчулукка каршы коалициянын авиабазасы, АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу Транзиттик жүк ташуу борбору «Манас» аэропортунан чыгарылды.

Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү жарымына жакындап калды. Ант берүү учурунда «Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчасына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт. Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык. Биз эч качан кул болбойбуз» деп айткан. Алдыда дагы үч жыл турат, жол башчыга үмүт арткан, убадасын аткарат деп күткөндөр азыр да арбын.

Эльвира Караева
politika@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(96)
16.09.2014. 09:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
04-12-2010
Соӊку аракети:
16-09-2014 10:47
Жынысы:
Белгисиз
-11
эээ тобо жанында жургонсуп суйлойсунор да,
"коп тукурсо,кол болот" - дейт. Алмазбек Шаршеновичтин кылып жаткан иштерин силерге окшогондор жокко чыгарып жатат.
16.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
03-06-2012
Соӊку аракети:
14-01-2015 10:28
Жынысы:
Белгисиз
-16
туулган кунунуз кут болсун урматтуу президентибиз! кыргыз эли тагдырын сизге тапшырган.алаканга салып асыбеттеп кийинки муунга калтырыныз!сизге узун омур,кыргыз эли менен бейпил омур сурунуз.
16.09.2014. 11:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
06-07-2012
Соӊку аракети:
06-07-2017 02:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай
-17
Жаманбы жыкшыбы эл башчыны сыйлашыбыз керек.Арнерсени жазып отура бербей,мен эмне кылдым мекеним учун деп ой жугурткуло.силер да Кыргызстандын онугушуно салым кошушунар керек.бир кишинин колунан эмне келмек эле.
16.09.2014. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
156
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
10-08-2017 01:04
Жынысы:
Белгисиз
-12
Emnesi bolso da prezidentibiz da. Birinchiden tuulgan kununuz kut bolsun urmattuu Almaz Sharshenovich! Ozumo kaalagan jakshylyktardy sizge da kaalaym, antkeni siz da kudaydyn kulusuz. Men ishenem, siz da ayabay kaalaysyz Kyrgyzstandy guldotkondu. Birok kaaloo mn jasagan ishibiz aykalyshkanda gana maksatka jetebiz. Oshentse da chyndykty aytysh kerek, Siz Bakievdey prezident bolo albadynyz. Menimche bolo da albaysyz. munu moyunga alyshynyz kerek
16.09.2014. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-07-2010
Соӊку аракети:
07-04-2017 21:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
-15
Коп жашаныз, ушул мамлекетибиздин онугуп оркундоп кетишине чон салымынызды кошосуз жана биздин уул кыздарыбызга улгулуу президент болуп беришинизге ишенгибиз келет.
16.09.2014. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
21-11-2018 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
-11
Atambaev ishtep araket kylyp jatat bizde parlamenttik bashkaruu bolup jatpaiby myna osholor ishtegen jok kyiratkan myizam chygara elek 120 deputat 120 jagynan jep jatat Atambaev bashka mamleketterden akcha karyzga alsa dagy Tunduk-Tushtuk Alternativnyi joldu Kemin Datka liniasyn saldyryp jatat buga cgeyin kim ushundai ish kyldy ele biz syn takkandan bashkany bilbeibiz
16.09.2014. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-12-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+17
эл башчы жакшы болсо кыргызстан элдери таалап ар жерлерде кыйналып журбойт эле кыргыз болуп болуносунор Бакиев болгондо Оштук деп айтынар а Атамбаев болгондо баардык нерселерди кымбататырып жиберсе деле оозунарды ачпайсынар го дагы кыргызбыз дейсинер.Кыйын президент экен кана анда окуунубуткондорго жумуш оорундарын бербейби созу отумду болсо окуу жайлардын директорорунун оозун жапса болот ко элдер балдарыны кыйналып окутушат бирок жумушка албайт пара беришин керек минимум 1000доллар деп сурашат
16.09.2014. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
138
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
-19
Туулган кунунуз кут болсун урматту алтын АЖО.Коп жашаныз.оорубаныз
16.09.2014. 14:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
442
Катталган:
15-01-2014
Соӊку аракети:
27-06-2015 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moscow
-8
Атасынын суроту барбы? Бу кишинин?
16.09.2014. 16:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-02-2012
Соӊку аракети:
19-04-2015 13:44
Жынысы:
Белгисиз
-9
Биз учун азыр эн негизгиси тынчтык же стабилдуулук деп койобу.азырынча бизде башка призиденттикке татыктуу адам жокко деп ойлойм.орун алмашуудан сумма озгорбойт дегендей.
АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ туулган кунунз менен.Элдин ишеничин актайс деген уммуттомун.
16.09.2014. 16:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
16-09-2014
Соӊку аракети:
21-11-2014 15:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ ХХХ ХХХ... Атамбаев ал сыйлыкты Кулов, Сариевдин митингин басып Бакиевге берилгендиги, ак кызматы учун алган... Муну элдин баары билет... ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 16.09.2014 17:22
16.09.2014. 17:21 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-16
fanfan-sansan, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Акыркы эскертүү!
Ошондой эле провокация жарата турчу комментарий жазуудан алыс болуңуз!
Модератор admin_superstan түзөттү 16.09.2014 17:23
16.09.2014. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
29-09-2018 12:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
-11
Атамбаев иштеп эле атат чек ара маселесин Токон мамытов бузуп кетти силер билбей эле оозунарды чойо бербегиле Алмазбек Шаршеновичке ыраазыбыз Бакиевди сагынгандар ошонун тамгын жеп жургондор да ош газсыз калды дейсинер газпром менен арзандатып беребиз деп атат
16.09.2014. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
11-08-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
+8
sirgak_92, Токон Мамытовду ал жакка жоноткон ким, бугун ара кундо жанжал болуп адам олуп жатса сенин аган Туркиялап журот.. Ошко газ келсин, бензиндин, автомашиналардын, продукты, тамак-аштын баалары, коммуналдык толомдор азайсын, анан суйло, жомок айтпай... Бакиевди сагынгандар Белоруссияга кетсин, Атамбаевди колдогондор Туркияга билет алып жоной берсин, суйуктуу аганар силер барып орун алгыча барып калат, ошол жакта бир-бирине жомок айтып журо бергиле!!! Кыргызстанга жаны эл уулу керек!!!
16.09.2014. 19:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
461
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
0
Билдирүүлөрдү окуп олтурсам ак же көк дей албай калдым. деги эмнеси болсо да Аллахым маңдайга жазган иш, кандай башчы болоору да Аллахым маңдайга жазган, баары нерсени барында баркына жетели.
16.09.2014. 21:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
04-02-2016 04:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Италия
+12
-Ийий КЫРГЫЗСТАНЫМ БАЙКУШУМ ДЕСЕ КУЧУГУМ биз качан онолбуз я?
-Саясатчылар тойгондо дейсинби я?
-Иии это значит никогда:-(
-Эми оздору олсо туугандары, балдары, ойношторунун туугандары, балдары,дагы ким ой толтурада эми.
Эми кантебиз?:-(
16.09.2014. 23:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
04-05-2016 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+12
58ге чыгып каарып калыптыр ошон учун ар нерсени ХХХ берет экенда. озу эле жаштарга бошотуп кете берсе болот туркияга.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.09.2014 10:09
17.09.2014. 10:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-12
furkat80, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
17.09.2014. 03:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
25-04-2014
Соӊку аракети:
21-11-2018 04:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskva
-13
Туулган куну кут болсун!Жаман ойдон алыс бололучу,ал дагы кыргыз элим деп болгон кучун жумшап жаткандыр.Буга чейинкилер тугоп кетсе ошончо нерсенин баарын топтош бир адамга чоон иш.Жакшы ойлор жакшы ийгиликтерге жеткирет.
17.09.2014. 04:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
03-07-2014
Соӊку аракети:
27-03-2015 02:14
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эххх саясат десе баш ооруй турган болду. Булар жалган суйлогонду койбоду койбодуда , элди каратып туруп жалган айтышат! Мейли жегенинерче жегиле элдин акчасын ошо жегенге жараша кииичине болсода элди ойлоп иштеп коюшсачы.
17.09.2014. 07:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
499
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
22-11-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
-12
Туулган кунуз менен кутуктайбыз! Урматуу президент.бугун менин да туулган кунум
17.09.2014. 09:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-05-2014
Соӊку аракети:
30-09-2014 11:15
Жынысы:
Белгисиз
-14
биринчиден туулган куну кут болсун!!! башкаруусу коптогон кан тогуулор менен коштолду бул ачык чындык, жок дегенде бир аз жакшы жака озгоруулор болсо жакшы болоор эле...
17.09.2014. 10:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
10-04-2015 09:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жер бетинде
+3
Оз жашынан картан корунот экен
17.09.2014. 14:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
10-03-2015 18:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
-7
Жаманбы жакшыбы ажобуз болгондуктан туулган куну менен куттуктап кетейин. Урматуу Алмазбек Шаршенович бугунку туулган кунунуз менен куттуктайм ден соолукта болунуз. Элдин кыргызстандын умутун актайсызго деген умутомун. „алтындарым кыргызстан онолот буйруса ишенгиле„ деген созунузду кайра кайра айтуунузду койунуз деп суранат элем. Биз чарчадык урматуу ажо мырза жакшы жашоо учун алдыга умтулуудан. Коруп турасыз элибиз кара курсак учун кайсы жерге барба тентип жургонун коросун мекендештерибизди.
17.09.2014. 14:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
10-03-2015 18:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары.
+8
Ошондуктан Алмаз байке сизден суранат элем иштоо убактыныз акырына чыккычан бир эл айта журо турган эл ошол кызматынызды сыймактана журо турган иштерди бутурсонуз демекчимин. Айтыныз эле биринчи иш оорунузга келгенде электро энергия ж.б нерселер эч качан кыбатоого жол берилбейт деп мынакей караныз эми эмне болуп жатат ошто газ жок аныда мактануу менен айтыныз эле газпром баарын жайлайт деп. Бакиев тезек тергиле деп тике айтса сиз ошол созду кагазга ороо менен айтып кылып жатасыз.
17.09.2014. 15:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
04-08-2015 15:58
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бирөөнү жамандатып эле койсо, ал эл башчысы болсо деле мейли. Мамлекеттин өсүшү үчүн канча жардам бердиңер урматтуу форумчулар, канчооңуздар биометрикалык маалыматтарыңыздарды тапшырдыңыздар.
17.09.2014. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
09-01-2014
Соӊку аракети:
28-11-2017 05:10
Жынысы:
Белгисиз
-10
"Элине жараша башчысы" деген соз бар. Адал иштеп жатабы, арам иштеп жатабы, аны Кудайдын сынына коюп, ар ким онолууну озубуздон баштасак.Ажобуз жонундо комментарийим жок, айта берсем арман коп дегендей эле кеп да.
17.09.2014. 18:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
31-05-2011
Соӊку аракети:
27-09-2014 14:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-9
Алмазбек Шаршенович сизди туулган кунунуз менен чын журоктон куттуктайбыз уй-булом менен! Сизге чын ден соолук каалайбыз, коп жашаныз! Сиз убадаларынызды аткарып келе жатасыз. Ишеничтебиз президенттик срогунуз буткучо Кыргызстанды онолтуп кетесиз. Сизди коро албагандарга конул бурбаныз. Иттер уро берет, караван журо берет. Билебиз сиздин душмандарыныз коп. Аларды женесиз. Кызык, мага эми канча минус коюшат болду экен.
17.09.2014. 20:43 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
30-08-2014
Соӊку аракети:
07-10-2017 16:06
Жынысы:
Белгисиз
-7
Алмаз Шаршенович, туулган кунунуз менен куттуктайм!!! Чын ден соолук, узун омур, ишинизде чаалыкпастыкты каалайм!!! Жакшы ишке сынчы коп-деп коюшат го анын сыңары сизди коро албагандар толтура, корруппционерлердин колдорун балта менен чабыныз. Сизге ийгилик каалап Москвадан мен Расул. Эгер чалгыныз келсе номерим +79260412748 ватсаппта бармын.
20.09.2014. 16:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
05-01-2016 01:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул шаары
+1
Урматтуу кыргызым силерге бироону жамандатып эле койсо аллахха шугур кылсанар атамбаев не силерге жаман юир иш кылдыбы. Атамбаевти жамандаганча озунор ойлонсонор не иш кылдынар мамлекетке кыргызым ойлонолум терен терен билесинетби атамбаев канча иш кылды канча иш кылбады биз билбейбиз билиш мумкунда эмес. Биз атамбаевтин ордуна барсак иштей албайбыз
21.09.2014. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
11-08-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
maksat_iz_toktogula, сен элдин баарын озундой корбо, АША озу иштей албаганы, мамлекетти тоноп Акаев, Бакиевчесинен жер сатканы аз келгенсип иштегендерди иштетпей отурат го аброю озуп элге жага берсе эртен менин ордумду талашат деп... Мындан 6-7 жыл мурун Ош шаарынын абалы кандай эле??? 1991-жылдан Мырзакматов мэр болгонго чейин шаар кароосуз калып акыр-чикир, таштандыга толгон шаар болуп калбады беле, Мырзакматов 3-5 жылда Ошту канчалык озгортуп кулпунтуп койду
21.09.2014. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
11-08-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
maksat_iz_toktogula, Ошто Ош коогаланы болуп канча уй-жайлар, ишканалар отттонгонун эске алганда аз убакытта шаарды эски коркуно чыгарып ондоп, иреттеп, элдин алкышына, ишенимине татыган адамды коп жыл аракет кылып журуп акыры шаардык кенешке оз адамдарын откоруп, Улуттур Биримдигинен шайланган депуттаттардан 1-2 бузукуну байлык-бийлик берип жатып оз тарабына тартып отуруп Мырзакматовду мэрликтен алып тушушту, муну элдин баары билет го... Атамбаевин Мырзакматовдун тырнагына да арзыбайт...
21.09.2014. 14:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
11-08-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
maksat_iz_toktogula, Бир адамды сынагын келсе айткан созуно карап эмес аткарган ишине карап баа бер дейт... Атамбаев баш-аягы 15-20 жылдан бери бийликте аралашып ар кандай ири постторду ээлеп да Мырзакматовдун 6 айда кылган ишинче иш кыла алган жок... Мырзакматов эле эмес Мырзакматовдон башка да элдин карапайым азамат атуулдары коп, болгону аларды эл тааныбайт, алардын колунда байлык бийлиги жок элге таанылгыдай, оздорун реклама кылууга алардын абийри, намысы жол бербейт, ошолор президент болуш
21.09.2014. 20:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
30-07-2014
Соӊку аракети:
08-07-2016 05:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты Президент! Ал кеткенде гана кадырын билебиз. Жалко что кайра президент боло албайт. :'((((
21.09.2014. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
11-08-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sopsonun, конулун кыйбай жатса Туркияга кошо кет, бийликте туруп элди ойлобогон, миллиарддарды артынып качып баратканда элди ойлойт бекен, мен Акаевди да, Бакиевди да сагынбайм, аларды желкемин чункуру корсун, Атамбаевди тем более!!!... Кошоматчылар да кошо кетсе Кыргызстан кыйла оноло калмак оор жуктон арылгандай... Кыргызстанга карапайым элдин мудоосун коздогон карапайым патриот адам керек эл-журт башчылыгына бизнесмен же токумун жеген саясатчы эмес Акаевдин мектебин бутуруп чыккан...
22.09.2014. 10:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Sharos, этикага туура келбеген, маанисиз билдирүүлөргө, сайттын башка катышуучуларын кемсинтүүгө жана мазактоого тыюу салынган.
messi.kg, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган!
Эскертүү сызыктарыңар толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
29.09.2014. 09:28 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Nurwin, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган! Жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: