Дүйнөдө адам үшүн алган жаңы тумоонун экинчи толкуну каптоодо. Болжолго караганда, 2010-жылы дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын чочко тумоосуна чалдыгышы мүмкүн.
ТУМООНУН БЕЛГИЛЕРИКадимки сасык тумоонун белгилеринен көп деле айырмаланбайт. Андыктан тумоологондо өз алдынча дарыланбай, врачка кайрылуу зарыл.
Белгилери:
- Дене табынын көтөрүлүшү (38 градустан жогору);
- Жөтөл;
-Тамактын оорусу;
- Мурундун бүтүшү;
- Дененин жанчылып оорусу;
- Баштын оорусу;
- Адам өзүн чарчагандай сезүүсү;
- Кээде көңүл айлануу жана кусуу.
ЖАҢЫ ТУМООГО КАРШЫ БИЗДЕ ВАКЦИНА БАРБЫ?
КРнын башкы санитардык врачы Сабиржан Абдикаримовдун маалыматына таянсак, ноябрь айынын аягы, декабрдын башында 500 миң доза вакцина келет.
Келери менен биринчилерден болуп: медицина кызматкерлери, бажычылар, чек арачылар, пресса кызматкерлери, 5 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, анан калган жарандар эмдөөдөн өтөт.
А/Н1N1 САСЫК ТУМООСУНАН САКТАН!
Башка өлкөлөр менен соода жана туристтик байланыштарыбыз болгондуктан, Кыргызстан бул тумоодон четте кала албайт.
Андыктан ар бир жаран өзүн жана үй-бүлөсүн чочко тумоосунан сактоосу керек.
САКТАНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
КӨБҮНЧӨ КИМДЕРГЕ КОРКУНУЧ КЕЛТИРЕТ?
Башкача айтканда, иммунитети начарларга.
КАНДАЙ БЕЛГИЛЕР БАЙКАЛГАНДА ООРУКАНАГА ЖАТКЫРЫЛАТ?
Балдарда:
– Дем алуу кыйындаса;
– Тамак ичпей калса;
– Күч менен кусуу күтүлсө же кусуу токтобосо;
– Дене табы көтөрүлүү менен жөтөл күчөсө.
– Тери көгүш тартып калса;
Чоңдордо:
– Дем алуунун кыйындашы же аба жетпей муунуу;
– Көкүрөктөгү же ичтеги оорутуу;
– Күтүүсүздөн баш айлануу;
– Аң-сезимин жоготуу;
– Катуу кусуу күтүлсө же кусуу токтобосо;
– Дене табы көтөрүлүү менен жөтөл күчөсө.
САСЫК ТУМООГО КАРШЫ ЭМДӨӨДӨН ӨТТҮҢҮЗБҮ?
«Эмдөө кандай максатта жүргүзүлөт, кимдер эмделиши керек да, кимдерге болбойт?» деген суроолорго Бишкектеги “Цадмир” жеке клиникасынын жетекчиси Сапарбү Тобокалова жооп берет.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда январь-февраль айларында куш тумоосу аз келгенсип, сасык тумоонун Венера аттуу түрүнүн жайылышы күтүлүүдө.
Андыктан өлкөбүздө эпидемиянын алдын-алып, эмдөө 2-октябрдан баштап жүргүзүлүүдө. Республикада учурда сасык тумоого каршы 1,5 миллион доза вакцина бар.
Эмдөө деген эмне?
Эмдөө – иммунитетти пайда кылуу максатында организмге антигенди киргизүү. Антиген болуп тирүү, бирок алсыздандырылган вирус, атайын өлтүрүлгөн микробдор эсептелет.
Сасык тумоого каршы жылдын каалаган убагында эмдөөдөн өтсө боло берет. Бирок сасык тумоонун сезонунун алдын алып, күздө өткөн жакшы. Анткени сасык тумоонун сезону башталгыча, 2 ай ичинде иммунитет иштелип чыгып калат.
Эмдөөнү 6 айлык баладан баштап өткөрүүгө болот. 3 жашка чейинки балдарга эмдөө 2ге бөлүнүп жүргүзүлөт. Алгачкы эмдөөдө 0,5 доза салынып, калган 0,5 доза 2 аптадан кийин жүргүзүлөт.
Эмдөөдөн биринчилерден болуп кимдер өтүүсү зарыл?
Эмдөөдөн каалаган ар бир жаран өтө алат. Болгону, жумуртканын агына аллергиясы барларга эмдөө жүргүзүлбөйт.
Мындай адамдар врачка кайрылып, сасык тумоонун алдын кандайча алууга болорлугу тууралуу кеңеш алуулары зарыл.
Биринчилерден болуп өтүү керектелген адамдар:
Башкача айтканда, иммунитети начарлар.
Эмдөөдөн өткөн адам сасык тумоо менен оорубайбы?
Сасык тумоо өзү бир нече оорулардан турат да, негизгиси грипп болуп эсептелет. Эмдөө алгандардын 80-90 пайызы тумоого каршы иммунитетке ээ болот. Демек, оору жуккан учурда да жеңил өтөт. Эл эмдөөдөн өтсө, сасык тумоо оорулары азаят.
Ооруп жаткан адам эмдөөдөн өтө алабы?
Ооруп жаткан адамга, мейли ал сасык тумоо менен ооруйбу же башка оору мененби, эмдөө жүргүзүлбөйт. Качан гана бейтап оорусунан айыгып, өзүнө келгенде гана эмдөөдөн өтө алат.
Кош бойлуу же бала эмизген аялдарчы?
Кош бойлуулуктун 1-2 айында эмдөө жүргүзүлбөйт.
Бойдогу түйүлдүккө 3 ай толду дегенден баштап, эмдөөдөн өтүүгө уруксат.
Бала эмизген аялдардын баарына эмдөө жүргүзүлө берет.
Башка эмдөөлөр менен катар жүргүзүүгө болобу?
Балдарга түрдүү эмдөөлөр жүргүзүлөт. Мисалы, кызамыкка, кептөөргө каршы дегендей. Мындай учурда аталган эмдөөлөр менен катар, сасык тумоого каршы эмдөөнү жүргүзө берсе болот.
Кандай вакциналар бар?Вакцинанын түрлөрү көп. Аларды көптөгөн өлкөлөр чыгарып, сыртка да экспорттойт. Эң көп таралган вакциналардан мисал келтирсек, аларга Орусиядан чыгарылган “Гриппол”, “Гриппол+”, “Грипповак” вакцинасы , Франциянын “ Ваксигрипп”, Нидерландынын “Инфлювак” вакцинасы кирет.
Биздин жеке клиника “Гриппол” жана “Гриппол+” вакцинасы менен каалоочуларды эмдөөдөн өткөрүүдө. «Эмне үчүн аталган вакциналарды тандап алдыңыздар?» деген суроо чыгат. Анткени биз 2003-жылдан бери сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүп келе жатып, аталган вакциналардын жакшы көрсөткүчтөрү бар экендигин байкадык. Учурда мекеме, уюмдардын жалпы жамааттары өтүп жатышат.
Вакцинанын терс таасирлери барбы?
Вакциналардын терс таасирлери жок. Болгону, кээ бирөөлөрдүн дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, адам өзүн жакшы сезбеши мүмкүн. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш, бардыгы 1 сутка ичинде өтүп кетет.
“Гриппол” жана “Гриппол+” вакцинасы тууралуу кененирээк сөз кылсак, алардын курамында тумоонун 2 вирусунун түрү (А/H1N1 жана H3N2) бар. Андыктан вакцинанын канчалык бир деңгээлде чочко тумоосунун алдын алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кошумча
Учурда өлкөдө сасык тумоодон жана чочко тумоосунан сактануу жаатында элдер дакиден жасалган беткаптарды сатып алып жатышат. Бирок беткаптар жетишсиз болууда. Андыктан сырттан 2 миллион даки-беткап алынып келинүүсү күтүлүүдө. 11-ноябрга карата 200 миң даанасы алынып келинсе, кийинки аптада 700 миңи алынып келинет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg