АЯЛДЫ ОРГАЗМГА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ЧЕКИТТЕР

Чыныгы секс оргазм менен аяктап, төшөктөгү өнөктөштөрдү канааттандырышы кажет. Бул үчүн аял, эркек дебей, бири-биринин денесиндеги эрогендик зоналарды билүүсү кажет. Аялды жыргалдын туу чокусуна чыгарууну каалагандар аларды оргазмга жеткирүүчү чекиттердин кайда экендигин билип алышса болот.

G чекити
Көрсө, аялдарда бир эмес, оргазмга жеткирүүчү бүтүндөй 3 чекит бар экен.
G чекити аялдардын жыныс кынынын ичинде, 5-6 сантиметр те­реңдикте жайгашкан. Бул чекитти 1950-жылы немис гинекологу Эрнест Грэфенберг ачкан. Андыктан чекит ушул адамдын фамилиясынын баш тамгасынан аталат.
Аталган чекитке таасир этүү ме­нен, аялга жыргал сезим тартуулоо­го болот. Ал үчүн эркек “алигиси” менен аялдын кынынын ичин жакшылап ыйкашы керек. “Эркек үс­түндө” ыкмасын колдонуу абдан ылайыктуу.
Өз алдынча жыргалга баткысы келген аялдар колу менен жыныс кынын эмне үчүн ыйкайт десе, сыры ушунда тура.

U чекити
Бул чекит заара чыгаруучу каналдын үстүн жана эки капталын камтыйт. Аталган чекит жакында эле америкалык изилдөөчүлөр тарабынан ачылган. U тамгасы англисче urеtral spot дегендин кыскартылган түрү, бизче “заара чыгаруучу каналдын чекити” дегенди түшүндүрөт. Чекит «Скин бези» деген аталыш менен да белгилүү. Анткени аял оргазмга жеткенде без суюктук бөлүп чыгарат. Суюктук болсо заара чыгаруучу канал аркылуу чыгат. Муну түшүнбөгөн эркек тургай аял өзү да “заара ушатып койдум окшойт” деп жаман абалда калат. Андыктан мындай абалды табигый нерсе катары кабыл алуу керек.
Өзүн-өзү рахатка батыргысы келген аялдар аталган чекитке массаж жасоосун сексологдор сунуштап келет.

А чекити
Окумуштуулардын бир тобу бул чекиттин бардыгын ырастап, “жатындык оргазмга жеткирүүчү чекит” деп аташат. Булардын ою боюнча чекит аялдын жыныс кынынын абдан тереңинде жайгашкан. Чекитке эркектин “алигиси” жетип, ыйкашы үчүн аял алдына катуу жаздыкча коюп алышы шарт. Аял үстүндө, же 4 буттап туруу ыкмасын колдонсо да жакшы.
Жатындык оргазмга гана канааттанган аялдар фаллоиммитаторду (жасалма жыныстык мүчө) колдонот делет.
Ал эми окумуштуулардын экинчи тобу бул чекитти төгүнгө чыгарып келишет. Буга кээ бир аялдар эркектин жыныс мүчөсү терең кирсе, оорутууну сезе тургандыгы себепчи делет.


Силер билесиңерби?

ЭРКЕК ОЙНОШТУН ТҮРЛӨРҮ

Күйөөсү аялын эркелетпесе, аны менен үй-бүлөлүк маселелерди чогуу талкуулабаса, же аялын төшөктө канааттандырбаса, анда аял башка мачо эркекти көксөйт. Ошентип, тымызын ойнош күтүү келип чыгышы мүмкүн.

Секс үчүн ойнош
Балдарды сүйгөн, атүгүл, чайын өзү даярдап ичкен күйөөсү төшөктө нөл болсо, аялы ойнош күтүүгө барышы ыктымал. Анткени аял төшөктөн лаззат алгысы келет. Секс үчүн гана эркек менен жолугууга барган аялдардын көбү аларды сүйө деле беришпейт. «Жолуктук, тарадык» дегендей гана кеп.
Жакшы жагы. Секс үчүн ойнош табуу кыйын эмес. Мисалы, жумуштан, сейил багынан, сиз жашаган подъездден.
Кемчилиги. Аял сүйүү болбосо, оргазм анык жыргалга окшобой тургандыгын сезет. Сүйүп калууга аракет кылайын десе, өзүнүн балдары, күйөөсү бар. А мындай бакыттын эмне кереги бар?

Оозеки ойнош
Сексте мыкты болгону менен күйөөсү сөзгө жок, бир жакка аялы менен барууну каалабайт дейли. А аял болсо театрга же киного барып бир нерселерди эркек менен талкуулагысы келет. Абалдан чыгуунун жолу катары аял оозеки ойнош күтүүгө баруусу мүмкүн. Мындай жагдайга көбүнчө күйөөсү окубаган, билимдүү аялдар туш келишет. Аял өзүнө пикирдеш эркек менен кийим, ичкилик, жадакалса, секс жаатында да сүйлөшө алат.
Жакшы жагы. Бир пикирдеш дос табуу – жагымдуу нерсе.
Кемчилиги. Билинбей жүрүп оозе­ки ойнош эркек чыныгы ойношко айланып кетүүсү толук мүмкүн.


Кызык экен

УЗУН ЖҮНДҮҮЛӨР
Борбордук Африкада жашаган пигмейлердин бир уруусу болгон нуа-нуанын эркектери жука чурайындагы жүндөрдү узун кылып өстүрүп жүрүшөт. Андыктан алардын жыныстык мүчөсүн жылаңач жүрүшсө да оңойлук менен көрө албайсың. Көрсө, алар жүндөрдү өстүрө турган дарактын жалбырагынын ширесин “алигисинин” тегерегине сүйкөп жүрүшөт экен. Анын үстүнө, шире күчтүү кара боёк болуп да эсептелет тура.

АТАЙЫН ОКУТУУ
Илгертен эле Индия менен Кытайда аналдык секс колдоого алынып келе жатат. Андыктан жакынкы кезге чеийн эле жаш кыздарга мындай секс түрүн үйрөнүү үчүн атайын курстан өтүү талап кылынган. Ал эми окутуп-үйрөтүү үчүн профессионалдуу мугалимдер кызмат көрсөтүшкөн. Курсту чоң суммада акча төлөп окушкан.


Эротикалык окуя

ШЕЙХТИ ОНТОТКОН БИЙКЕЧ

Кымбат жибектен тигилген халат жамынган шейх уктоочуу бөлмөсүнө баш бакты. Аны жарым жылаңач кийинип, колуна кумган кармаган бийкеч күтүп турган эле. Шейх анын ээгин өйдө көтөрүп, эркелетип, мурдунун учунан өөп койду. Төшөк кулдарынын ичинен муну өзгөчө жакшы көрөр эле. Анткени бул кыз мөөнөтү сайын ар түрдүү жол менен кожоюнун рахаттын туу чокусуна чыгарчу.
Кыз шейхтин халатын чечип, аны жуундурууга киришти. Жылуу сууга кожоюну магдырай түшкөндө, анын денесинен аккан сууну тили менен жалоого өттү. Бул ишти шейхтин моюнунан баштап, акырындап төмөн түшө берди. Кожоюнунун “алигисине” келгенде оозу, тили менен далайга эркелетти. «Аспабы» чыңала түшкөн шейхти эми артына буруп, отура калып жамбашын сылагылай, өпкүлөй, бир колу менен умасын кармалай баштады. Көзү коюулана түшкөн шейх алсыз онтоп алып, тактысына чалкалай жыгылды. “Жаным, менин коргоочум” деп жагымдуу шыбыраган кыз кожоюнунун үстүнө чыгып, көзүн жумуп бир топко желди. Анан “кана, менин айгырым, бир азынап койчу” деп шейхтин колунан тартып тургузуп, өзү керебетти кармай, жамбашын дөмпөйтө тосту. Кожоюну кыздын белинен кармап, ишке киришти.
Бир убакта жан жыргалына жеткен шейх кызды белинен кармаган абалда “бул жыргалың үчүн сага бир шакек” деп шыбырады.
Кыз болсо “эмкиде сизди башка оюн күтөт” дегенге араң жарады.


ЭРОТИКАЛЫК ТОСТТОР

Бир арканды чынжырча түрүндө байланышкан альпинисттер тоого чыгып баратышат. Аркандын эң аягында доктур бараткан болот. Бир убакта эң алдыдагы альпинисттин “алигисин” жылан чагып алат. Кокуйлаган альпинист өзүнөн кийинкиге:
– Биягымды жылан чагып алды, эми эмне кылам?! Доктурдан сурачы!- дейт. Экинчи альпинист:
– Тигинин тиягын жылан чагып алды. Эмне кылабыз?- деп улам бири-бирине айтып отурушуп, бул кабар доктурга да жетет.
Доктур:
– Дароо соруш керек, соруш!
Анын сөзүн улам бири-бирине айтып отурушат. Бул сөз экинчи болуп келе жаткан альпинистке жеткенде, ал эмне кыларын билбей туруп калат. Биринчи альпинист чыдабай:
– Ох, чыдатпай жатат!!! Доктур эмне деди?
– Доктурбу?.. Сен өлөт экенсиң!- дептир.
Келгиле, ушинтип аркан байланганыбызда ар бир эркектен кийин бирден айым болушу үчүн алып жиберели.

Астра Айдарова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Neo
2009-11-16 15:37:25
Жакшы бирок кыргыз элине туура келбейт жана мумкун эмес мен каршымын
+1
aiana
2009-11-17 03:53:40
:-)))
0
Ilays
2010-01-13 18:49:34
Окелер йкандай "Пошлый" экен, бирок пайдалуу маалымат деб табам.
+1
anam
2011-09-10 17:01:17
ии аябайле уятго...
+1
bektursun2010
2012-07-26 20:26:10
ото пайдалуу
0
furik_89
2013-04-08 18:52:11
хаха
-1
pantera1
2013-11-15 23:02:37
жакшы бул пайдалуу кенеш
0
mir123
2015-11-19 19:50:41
Ха.ха.ха.ха мага тост жакты жаттап алдым достор менен ичип калганда аларга да айтып берем рахмат силерге super.kg
0
raykray
2017-04-27 17:23:16
менде болгон u чекитине жетип оргазм алганда заара ушаткам калтырап титиреп коркком кийин окуп тушунгом
0
Adilem
2019-07-18 18:35:42
Ушундай кенештерди калтырып тургула
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан