ЖЫЛДЫЗДАР ПАРЛАМЕНТИ

Сахнада колуна микрофон кармап жүргөн ырчылар деле депутат боло алат. Буга мисал, айтылуу Ибрагим Жунусов. Ырчы акебиз жол ачып берген соң артындагы сахналаштары кандай депутат болоруна көз жүгүртүп көрөлү.

Ырчы Бактыгүл Бадыева депутат болуп калса, ой-бай анда эмне болмок, билбейм. Чет өлкөлөрдү сүйгөн кызыбыздын бир буту Парижде, экинчи буту Кыргызстанда болуп Кытайда да издери калмак. Минген машинасы күндө алмашып, алтын зер буюмдары эки сандыкка жетмек. Шайлоочулары менен жолукканда аларды сөзү менен болбосо да, өңү менен арбаганга жетише алмак.

Тилинен чаң чыккан Назира Айтбекова депутат болуп калса, Эрмектин атаандашы болмок. Бирок карга карганын көзүн чукубайт демекчи, трибунага чыгып, эл көзүнчө кайым айтышымыш болушу мүмкүн. Бирок ары басары менен эле кучакташып чай ичишери турган иш. Эч нерсесин жашырбаган бул айым кызып кетип үйүндөгү ызы-чууну да сессияда балп эттире айтып салышы мүмкүн.

Эрмек Нурбаев “Тамашоу” партиясынан шайланып депутат болуп алмак. Өзү өткөн соң акырындап куйруктарын батырып алып, ой да тамашаны коймок. Кесиптештерине каймана түрүндө, чымчып сүйлөп жатып төрагалыкка да жетет болчу. Депутат болуш үчүн тил эң керектүү курал эмеспи. Эрмек бул тили менен бат эле элдин колдоосуна арзымак.

Сылык мүнөз Акбар Сүйүнбаев депутат болуп калса, шайлоочуларында ишенич чоң болмок. Анда Акбардын кабинетинен бей-бечаралардын аягы үзүлбөйт болчу. Эч кимди нааразы кылгысы келбеген мүнөзү менен ар бир адамга жардамын аябаса керек эле. Кесиптештерин да эч качан капа кылмак эмес.

Айбек Карымов деген акебиз депутат болсо, болбоду дегенде 10 чакты катчы кызы коштоп жүрсө керек эле. Катчы кыздарынан энергия алган мырза көп аялдуулук маселесин кабыл алып, далай кыздардын бактысын ачмак. Мүмкүн, кыз-келиндер парламентин ачып салмак беле? Эмнеси болсо да жалаң аялзатынын атынан шайланган депутат болмок.

Мырза мүнөз Кенже Дүйшеева депутат болсо, парламенттеги аял депутаттардын бирин да жигиттер менен сүйлөштүрмөк эмес. Күнү-түнү мыйзам жазып, анча-мынча мырзалар аркалай албаган албан иштерди бүтүрмөк. Көп сүйлөп, көп иш аткарып, жеке жашоосу азыркыдай эле эсинен чыгып кетсе керек эле. Ош-Бишкек жолунда эң көп каттаган депутат Кенже “келиң, чай ичиң” деген сөзү менен көп ийгиликтерди багынтмак.

Камчы Сарыбаев депутат болсо, анда актёрдун курсагы столго батпай калмак. Парламентке күнүгө кечигип келген Камчы той-аштан эч качан калмак эмес. Эл нааразычылык акциясына чыгып жатса да, оозун кулагына жеткире жылмайып жеңген депутат болмок.

Куудул кызыбыз Назира Жетигенова депутат болсо, алка-шалка түшүп баарын бетке айтмак. Тайманбастыгы күч куудул айым «Текебаевден кем бекем?» деп пикири келишпеген депутаттар менен мушташа да кетмек беле, ким билет?..

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aiana
2009-11-17 04:03:11
xa xa
0
manasjan
2009-11-17 18:23:43
силерди сынатып эле койсо ха ха
0
Simpotka
2009-11-18 10:31:24
Ха-ха!!Кызыктуу маалымат экен........
0
leylaaa
2009-11-21 16:56:16
мындай болушу толук ыктымал!!!
0
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан