«Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт жана «Майлуу-Суу IV» кениндеги жаратылыш газынын запасы менен Кыргызстандын түштүк аймагын толук камсыздаса болот. Азырынча түштүк аймагына баллон менен газды жеткирүү, келечекте 600 чакырымды түзө турган «Түндүк-Түштүк» газ куурун куруу менен камсыздоо пландары каралууда»,- деди журналисттерге 8-сентябрда Бишкекке келген «Газпром» ААКсынын башкаруусунун төрагасы
Алексей Миллер. Анын айтымында, буга чейин кен иштетилбей келген, учурда анда газ издөө иштери жүрүп жатат.
Ошол эле күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Алексей Миллер менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча «Газпромдун» Кыргызстандагы ишмердигине байланыштуу маселелер талкууланды.
Эске салсак, 1-октябрдан тартып орусиялык энергетикалык компания Кыргызстандын түндүгүнө көгүлтүр оттун 1 миң метр кубун 165 доллардан сата баштаары маалымдалган. «Ошондо газдын баасы 1,4 эсеге арзандаган болот, бирок калк үчүн тариф канчалык ылдыйлай турганын айтуу оор»,- деди А.Миллер. Себеби керектөөчүлөр үчүн тарифти өкмөт бекитет. «Кыргызгаз» ААКсы «Газпром Кыргызстан» деген жаңы ишканага айланып, мекеменин башчылыгына Болот Абилдаев бекитилди. Буга чейин ал «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген. Б.Абилдаев Аскар Акаевдин кезинде каржы министри болуп турган. Ал 2003-жылы «Кумтөр» кенине байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген документтерге кол койгон деп айыпталган аткаминерлердин катарында эле. Бирок 2014-жылы январь айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага байланыштуу кылмыш ишин токтотуп койгон. Мындай чечим жазага тартуу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу кабыл алынган.