Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Ха, мейли... Тузума койдум. Тузум урар, эмгегим урар... Мен кетермин, мени кетирген колдор көп узатпай аны да жолго салар.
– Таксыр... Мени тез кайт деген... Кайтпасам...- деди желдет бир аз кысынып. Нүзүп кашын көтөрүп башын акырын ийкеди:
– Куп. Тез кайткың келсе, тез кайт. Сенде эмне айып, кылган ишиңди билесиң. Майли... Мен эки иракет намаз окуп алайын. Чыдасаң намаз бүткөнчө күт. Чыдабасаң оң жагыма ыкрар кылып салам бергенде кир... Ошент... Ишиңди бүтөр...
Томсоргон миршабдардын ортосунан өтүп, балахананын эскирип калган жыгач тепкичтерин жай кычыратып басып жерге түшүп, чоң чынар теректин түбүндө даарат алды. Күн кечтеп калган эле. Бактардын башында кандайдыр бир чымчык чыйт-чыйт деп сайрап, пыр-р этип шактан шакка учуп жүрөт. Жолбун жел бариктерди акырын шыбыратып, кайта дым болуп жок болуп кетет. Ава дагы эле күндүн табы жыттанат. Нүзүп кыбыланы карады. Күндүн чарасы кучак жеткис болуп, көлкүлдөп тиги бийик коргондун ары жагынан көрүнгөн узун теректердин башына конуп калган. Ал улам кызарып, ыйлаган көз өңдүү жашылданып, теректердин шиш учтарына тытылып, чөгүп баратты.
– Желдетке айтчы... Бактын ичине келсин... Намазды көк чөптүн үстүнө окугум келип турат...
Миршабдардын биринен желдетти бактын ичине чакыртты.
Көк чөпкө чөк түшүп башын ийип көзүн сүзүп отурганынан былк этпеди. Ошол даараттуу таза сөөлөтүндө өз өмүрүнүн эсебин өзү тескей, түркүн түкшүмөл ой курчады. Ыя? Ал ордого эмне үчүн келди эле? Эмне иш бүтүрмөкчү эле? Эмне иш бүтүрдү? Эмнеси бүтпөй калды? Гм... Кимге акарат кылды? Кимдин көңүлүн калтырды? Эмне үчүн кутуму көбөйүп кетти? Эмне үчүн? Кокус бирөөгө катуу айтса, кокус бирөөгө зыян кылса, ошол миңдин пайдасы үчүн эле го? Четтеп басканды кылыч менен коркутуп ортого күргүчтөсө, чачылганы жыйналсын деген жандалбас эле го, ыркы кеткен ордо бириксин деген ниет эле го. Көңүлү көтөрүлө түштү. «Менин өлүмгө баратканым менин жамандыгымдан эмес. Менин каталыгым эмес...» деп ойлоду. Өзүн-өзү жубатты. Өзүн-өзү өлүмгө даярдады. Эсине баягы шумдуктуу түшү келди. «Гм... Баары келди. Бийик тоодон туруп сунсам колум бир тоого жеткени даңкым алыска кеткени болду. Бир тоодон кыйкырсам бир тоонун кийиги шагырап үрккөнү бийлигим чоң болду. Баары келди. Баары өзүм жоругандай келди. Аттиң, ошондо түзүк моокумум канбай калды эле, бат ойгонуп кеттим эле. Мына а да келди...» Көзүнө уланып элет келе баштады. Ана, шаңкайган улуу тоолор... Көпкөк чөп... Бейгам күн... Кымызга ныксыроо. Кылкылдаган гүлдөрдү жай ыргап жыпарын авага сээп жүргөн жумшак жел... Ана, туугандарынын көздөрү... Булар Нүзүптү эзди. Жүрөгү тыз-тыз тилинди. Каңырыгы түтөп кетти. Эй, көздөн ным чыкса даарат бузулат! Капилет келе калган жашык сезимин силкип таштады. Эй, не болуп турасың? Өлгөн жалгыз сенби? Атаң кана? Өзүн-өзү кайрады, жаш чыгарбай күчүркөнүп көзүнүн кычыктарын кызартып токтотту. Бүттү бул дүйнөнүн кызыгы... Бүттү бул дүйнөнүн оюну... Бүттү бул дүйнөнүн азабы...
Туруп намазын баштады. Сеждеге баш койгон учурунда чөп шырт-шырт деди. Жылан акырын сойлоп келе жаткандай. Билди, ким келе жатканын билди. Дүрүлдөп эти жыйрылды. Бирок жүрөгү козголгон жок. Аны акылдын күчү, эрктин күчү бек кармап турду.
Абил жетпей калды... Ал коргондун дарбазасына келип, кара тер баскан атын теңселтип үзөңгүсүнө тура калып:
– Аталык! Ой, аталык ушундабы?- деп кыйкырды. Желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, кандын жытына мас болуп, көзү кызарып, шалдырап отурган эле. Үн чыккан жакты көңүл кош бир карап койду.

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
semakg
2014-09-15 13:20:12
Кобураак жазсанар болмок кызыгына келгенде туготуп койбой? ((((((
0
Sheva
2014-09-23 13:34:34
Улгурбой калды...мына драма
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан