«Ээнсиреген үй» тасмасындагы башкы каармандардын образын жараткан Атай Өмүрбеков жана Марал Койчукараева 3-сентябрь күнү уулдуу болушту. Бул кубанычтуу кабары менен актриса төмөнкүчө бөлүштү: «Атай экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок. Кичинекейибизди жыттап, тойбой жаткан чагыбыз. Уулубуздун атын Искендер деп чоң энеси койду. Эне болуу сезимин сөз менен айтып жеткире албайм. Азыр өзүмдүн апам келип жардамдашып, небересин багышып жатат».