Кыргызстандын түндүк аймагында 2014-жылдын 1-октябрынан баштап жаратылыш газынын метр кубу болжол менен 12 сом 95 тыйын болот. Муну 17-сентябрда «Газпром Кыргызстан» ишканасы билдирди. «Газпром» ААКсынын башкаруучу кеңешинин төрагасы Алексей Миллердин Кыргызстандагы иш сапарында Кыргызстанга жеткирилген газдын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынган. «Газпром Кыргызстан» ишканасынын эсептөөсү боюнча, 1-октябрдан тарта газдын метр кубунун баасы калк үчүн азыркыдан 21 пайызга же метр кубу үчүн 3 сом 40 тыйынга арзандай турганы айтылды. Учурда газдын метр кубуна абоненттер 16 сом 35 тыйындан төлөп келишет.
Азыркы тапта «Газпром Кыргызстан» бул тарифтик бааны Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департамент менен макулдашууда.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg