БИР БҮРКҮМ

  • «Ар-намыс» фракциясы 12-сентябрдагы жыйынында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫН Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүүнү сунушташты.
  • Жыл башынан бери тоолордо 31 өрт кырсыгы катталган. Алардын көпчүлүгү Нарын жана Чүй облустарында болгон. Кырсыкка кургакчылык себеп болууда.
  • Кыргызстанда 249 унаа айдоочуларын даярдоочу мектеп катталган, алардын 95и же 38 пайызы гана бардык талаптарга жооп берет.
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таштак айылында турак үй курулуп жаткан жер тилкеден жерге көмүлгөн 268 МИНА ТАБЫЛДЫ. Алар жер астында 30 жыл жаткандыгы белгилүү болду.
  • 10-сентябрдан тарта ар бир кыргызстандык айдын акыркы жума күнү саат 17:00дө башкы прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугуша алат. Мындай эрежени башкы прокурор АИДА САЛЯНОВА буйругу менен бекитти.
  • Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, «КАРА ТИЗМЕГЕ» кирип калган кыргызстандыктар бул маселе боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылса болот. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Дареги Бишкек шаары, Чүй проспекти, 142. Телефону: (0312) 62-04-35
  • Кыргызстанда АЗИЗ ЖАНА ДҮЛӨЙЛӨР коомунда 10 200 адам катталган.
  • Облустар арасында КӨМҮРДҮН эң кымбат баасы Баткенде катталды. Ал жакта 1 тонна көмүр 10 миң сомдон сатылууда. Ал эми эң арзаны Нарын облусунда, тоннасы 1,3-3,5 миң сом турат.
  • НУРБЕК ЭЛЕБАЕВ Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы ЫРЫСБЕК МААТКАБЫЛОВ ээлеген кызматынан бошотулду.
  • Нарын облусунун Кочкор районунда ушул жылдын сентябрь айынан тарта бир күндө 2 миң БУТ КИЙИМ чыгаруучу фабрика иштеп баштайт.
  • Ош облусунун ӨЗГӨН шаарында бири-бирине байланышкан жер алдынан төрт тоннель табылды. Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымовдун айтымында, бул тууралуу кабар кылган жергиликтүү тургундар аталган аймакты археологдор изилдеп чыгуусун суранышууда.

Наргиза Бекжанова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 620, 19-сентябрь-25-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан