– 2 жыл мурун Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театрда иштеп жүргөнүмдө 5 күнгө Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо беришти. Пансионатка барып 2 күн эс алган соң досторум да Көлгө эс алганы келип калышты. Алар менен кечке жүрүп, кечинде жаткан жериме кабарлабастан келбей койдум. Эртеси күнү да кечке чейин досторум менен көңүл ачып жүрө бердим. Кечинде гана өзүм жашаган пансионатка келип, бөлмөмө кирсем жанымда жаткан байке мени көрүп, ордунан тура калып «сен келдиңби?» деп сүйүнүп кетпеспи. «Ооба» десем, «тирүүсүңбү?» деп коёт. Колумдан кармап көрүп, тирүү экениме көзү жеткен соң кучактап, «эмнеси болсо да аман болчу» деп бетимен өптү да, пансионаттын жетекчилигине чалды. Көп өтпөй 2-3 киши келип мени аябай урушту. Көрсө, келбей калганымдан жергиликтүү балдар сабап өлтүрүп коюштубу же сууга чөгүп кеттиби деп ал жактагылар милицияга кабар беришип, мени аябай издешиптир.