ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ЖЫЛЫНА ЖАРАША МҮНӨЗҮ...

Ар бир адам туулган жылына, төрөлгөн айына, коюлган атына жараша мүнөз күтөт. Биздин белгилүү ырчыларыбыздын да көпчүлүк сапаттары төрөлгөн жылына төп келеби, сиздер менен бирге байкап көрөлү.

Айжан Газиева
Чычкан жылында төрөлгөндөр тапкан акчасын өзүнөн аябайт. Чындыгында эле Айжан өзүнөн акча аябай, тез-тезден стилин өзгөртүп, өзүнө жарашыктуу кооз кийимдерге басым жасаарына баарыбыз күбөбүз. Жашынан “ийин казып”, үй-бүлө күттү эле эмгеги текке кетти. Азыр жалгыз болсо да күчү жеткен, тиши өткөн жумуштун баарын кемирип, баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багууда.

Бактыгүл Бадыева
Уй жылында төрөлгөн Бактыгүл Бадыеванын берекелүү айым экени белгилүү. Бул ырчы кыз кимге буюрса да, Кудай берди дей берсе болчудай. Анткени "майга май тамат" демекчи, Бактыгүлдүн ар бир кадамы уй жылына жараша майлуу-сүттүү. Болбосо, ушунча ийгиликке жетүү ар бир эле айымдын колунан келе бербес.

Мирбек Атабеков
Жолборс изинен, жигит сөзүнөн, Мирбек Атабеков ырынан кайтпайт. Ал чыгармачылыкка жортуулга чыккандан кийин курмандыгы болгон ырды мыкты жаратмайынча жаны жай албайт. Ошондуктан өз курагындагы ырчылардын жолборсу аталып келе жатканы бекеринен болбосо керек.

Каныкей
Өзгөчө стили, өзгөчө үнү бар ырчы Каныкей коён жылында жарыкка келген. Коёндор коркок болгону менен, эл көзүнө көрүнгөндү жакшы көрүшөт. Бул жылга таандык адамдардын табити өзгөчө болот экен. Каныкей сыртынан сыр бербегени менен, коёнек экени билинип турат. Бирок коён мүнөз кызыбызды коргоп кете ала турган өзгөчө үнү бар. Ошонусуна шүгүр.

Ильяз Абдыразаков
Балык жылында төрөлгөндөрдүн арасында Ильяз кездешет. Чындыгында эле балыктай болуп унчукпастан, ырчылык кесибин жогорку деңгээлде аткарып келүүдө. Элдей болуп жасаган ишине мактанбайт деле. Башка жылдыздар КТР деген кургактыкта популярдуу болуп жатканда, бул ырчыбызды суудан кургакка чыгарбай бут тоскондор болуп келген. Ага карабай элге таанылып, эл оозуна алынып келет.

Анжелика
Жылан жылында ырчы Анжелика төрөлүптүр. Бул кызыбыз көздөгөн максатына сөзсүз жете алат. Сойлочу жерден сойлойт, жойлочу жерден жойлоп да коёт. Жакшы сүйлөп, тили менен жыланды ийинден чыгарганга да кудурети жетет. Жыландын уусу табылгыс дары деп эсептелгендей эле Анжеликанын сулуулугу да мырзалардын табылгыс дабасы.

Роза Шакирова
Роза деген кызыбыз жылкы жылында төрөлгөн. Жылкыдай сөөктүү болгон ырчыбызды иштетсеңиз, дурус эле күч берчүдөй. Роза көп сүйлөп, дайыма шайыр жүрөт. Ошондой эле ишенчээктик мүнөз жылкыларга тиешелүү болгондуктан, бул ырчыны алдоо оңой эле. Розанын үнү күлүк аттай тапталганын ырларынан байкап жүрөбүз.

Бегимай Эсенгулова
Кой жылында төрөлгөн Бегимай койдой жоош. Атүгүл, башкаларчылап жулунганын да көрбөйсүң. Ал мүнөзүн ойноок кез жаштыгына карабай, өзүн токтоо алып жүргөнүнөн байкаса болот. Качан болсо, продюсери чуркап, колуна кол, бутуна бут болуп жүргөн болот.

Съездбек Искеналиев
Съездбектин эмнеге териге жакындыгынын сырын таптык. Көрсө, бул ырчы жигитибиз маймыл жылында төрөлгөн экен. Маймыл жылында төрөлгөндөр эл менен бат тил табышкандыктан, ийгиликтерге тез жетет. Бирөөгө зыян да алып келбейт. Кандай кырдаал болбосун, жеңүүчү болуп чыга алат.

Урмат Усенов
Урмат тоок жылында төрөлгөн. Улам бир кызды чокуп жүрүп, акыры теңин тапты окшойт, турмуш куруп, тынч жашоого өттү. Тоок жылында төрөлгөндөр өзүнөн башка эч кимге ишенбейт. Анан да дайыма өзүн лидер сезишет. Чындыгында эле сахналаштарынын арасында Урмат өзгөчө болуп турганы буга далил.

Аида Кулуева
Ырчы Аиданын жылы ит. Андыктан бул кыздын кооросуна өзүнүн уруксатысыз чымын да баш бага албаса керек. Себеби көз карашынан эле элдин баары коркуп, көзүн ала качат эмеспи. Бажылдап арылдай бербесе да, жинине тийген кишинин жанына акырын барып бир тиштеп алмайы бар. Ошентсе да ит жылында төрөлгөндөр ишенимдүү дос болуп бере аларынан күмөн жок.

Неля
Доңуз жылында төрөл­гөн­дөр аз жана саз сүйлөгөнү менен, чыныгы билимге умтулгандар болушат экен. Аталган жылы Неля айым төрөлгөн. Кыйынчылыкта бирөөдөн жардам күтпөй, кандай маселе болбосун, өзү жол таап кетет. Ушундай мүнөзүнөн улам Неля да оппоненттерин жеңип, өз бактысын өзү таап, бактылуу жашап жаткан кези.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 367, 13-19-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан