Үстүбүздөгү жылдын 22-август күнү Баткен облусундагы Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылында 6 жаштагы Ираида жана 4 жаштагы Канзаада Авазова аттуу эже-сиңдилерди үйүнүн жанынан жүк ташуучу унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткен. Канзаада ошол жерден жан берсе, Ираида ооруканада көз жумган. Ал эми наристелерди сүзүп кеткен айдоочу дале кармала элек. Бир заматта чырактай болгон эки чүрпөсүнөн ажыраган ата-эне көз жаш төгө окуя тууралуу буларды айтып беришти.
«КЫЗДАРЫНАН АЖЫРАГАН ЭНЕСИ ТӨШӨККӨ ЖАТЫП КАЛДЫ»
РУСЛАН АВАЗОВ, наристелердин атасы:– Ал күнү күндүзү кечке курулуш иши менен алек болуп, кечке маал үйгө кирдим эле. Бир убакта агам чуркап келип «кыздарыңды машине уруп кетти» деди. Сыртка чуркап чыксам үйдөн 20 метр алыстыкта кичүү кызым Канзаада топуракка аралашып жолдо жатат. Дароо барып колума алып, башын кармасам сөөктөрү майдаланып кетиптир. Тыңшасам жүрөгү сокпогондой болду. Аңгыча эле агам жол боюндагы арыктан улуу кызым Ираиданы көтөрүп чыгып калды. Анын колу-буту кыймылдагансыды. Дароо эле райондук ооруканага алып бардык. Мени сыртка калтырып, кыздарымды жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Кичүү кызымдын абалын сурасам кошо баргандардын бири да эч нерсе айтышпады. Көрсө, кызым машина сүзгөн убакта эле жан берген экен. Улуу кызымды жакшы болуп кетет дешип, башын томографияга тартып, операцияга киргизип кетишкен болчу. Эртеси эртең менен анын да каза болгонун уктум (ыйлап жиберди).
Ошентип айдай болгон эки кызымдан бир заматта ажырап калдым. Келинчегим Орусияда эле, ал келгенден бир сааттан кийин кыздарыбызды жерге бердик. Кыздарыбыздан ажыраганыбызды көтөрө албай төшөккө жатып калды. Абалы оор, ооруканага да жатып чыкты. Эми үмүтүм орган кызматкерлеринде, кылмышкерди табышса, анын жүзүн карагым келип жүрөт. Кандай адам болду экен деги?..
«2 АДАМДЫН ЖАНЫН КЫЙЫП КАНТИП КҮН КЕЧИРИП ЖАТТЫ ЭКЕН?»
АЙПАРЧА АВАЗОВА, чоң энеси:
– Ушунча бала чоңойтуп мынчалык азапка баткан эмесмин. Уулумдун эки кызы бар эле. Эшиктин алдынан машина сүзүп кетип, чырактай болгон экөөнөн тең айрылып калдык. Эгиз козудай болуп ээрчишип эле жүрүшчү. Өмүрлөрү ушунча кыска беле?..
Неберелеримди сүзгөн айдоочу жаш бала окшойт. Болбосо эки наристени сүзүп кантип качып кетет. Ата-энесине айткан жокпу? Айтса же алар да унчукпай коюшту бекен?.. Эки адамдын жанын кыйып коюп кантип күн кечирип жатат? Милиция кызматкерлери тапса аны күчүмдүн жетишинче уруп алсам, кичине болсо да оорум бөксөрүп калат беле?..
«ООРУКАНАДАН ӨЛҮГҮН АЛЫП КЕЛИШТИ»
ГҮЛГАКЫ ЖУСУПБЕКОВА, күбө:
– Ошол күнү саат 17лер чамасында суу алганы сыртка чыккам. Кошунанын эки кызы жол боюнда келе жатып мага салам берип өтүп кетишкен. Эңкейип арыктан суу алып жатсам тарс деген үн угулду. Башымды көтөрүп жолду карасам ак түстөгү жүк ташуучу унаа тормоз берип токтоп, кайра эле жогорку ылдамдыкта жүрүп кетти. Унаанын артынан карасам токтогон жеринде эки кыз жатат. Кыйкырган бойдон жүгүрүп барып, ары жакта турган балдарды жардамга чакырдым. Бир заматта эле эл топтолуп, кыздарды ооруканага алып кетишкен болчу, кайра өлүгүн алып келишти.
Кадамжай РИИБинин жетекчисинин тергөө боюнча орун басары Алдаяр Имамназар уулуна байланышканыбызда ал «бул боюнча тажрыйбалуу кызматкерлер иш алып барып жатышат, кылмышкер жакын арада кармалып калат»,- деп билдирди. Наристелерди сүзүп, алгачкы жардам бергендин ордуна качып кеткен айдоочу кармалып, тийиштүү жазасын алат деген үмүттөбүз.
Айсана Паизова
koom@super.kg