Шаардын четиндеги айланма жолго жакын жерде жайы-кышы дебей түтөгөн жай бар. Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын асманынан жүздөгөн куштардын айланып учуп жүргөнүн көрөсүң. Жерде болсо кийимдери чаң, таштанды чукуган адамдар.
ТАШТАНДЫЛАР КЕЛЕЧЕКТЕ ЖОК БОЛОТ
Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайы бир нече чакырым алыстыктан эле көрүнөт. Тилекке каршы, анын жалпы аянты да акыркы жылдары кеңейип, учурда 85 гектар жерди ээлеп жатат. Тегереги тосулбаган бул жай 1978-жылдан бери иштеп келет. Аянттын ордунда мурун «Красный строитель» заводунун карьери болгон экен. Бул жайга мезгилге жараша 5 миң метр куб же 700дөн 1500 тоннага чейин таштанды ташылып келинет. Орточо эсеп менен бул жерде 25-27 миллион метр куб таштанды жатат. Аны атайын техника менен улам тегиздеп коюшат, башка эч кандай чара көрүлбөйт. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагындагы Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайынын жетекчиси БАКАЙ СУЛАЙМАНКУЛОВ төмөнкүлөрдү айтып берди. – Бул жерди чет өлкөлүк стандарттарга ылайык рекультивациялоо, башкача айтканда, жерлерди кайра калыбына келтирүү зарыл. Андай жерге кийин бак тиксе болот, а биз мындай эрежелерди жасабай келебиз. Себеби баягы эле каражат маселеси. Мэрия Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 22 миллион евронун 11ин насыя катары, калганын грант катары алганы жатат. План боюнча бул жерге бак тигилип, парк зонасы болот. Ушул жылдын 1-октябрынан баштап аталган банк өзүнүн каржылоосун баштаса, жаңы техникалар алынып келинип, таштандыларды иштетүүчү завод курулат. Андан түшкөн пайда кайра насыяны төлөөгө жумшалат.
БУЛ ЖАЙДА ТҮНӨП ИШТЕГЕНДЕР ДА БАР
Акыр-чикир чогултуп акча таап иштеп жүргөндөр фотоаппарат менен камераларыбыздан жашынганга аракет кылып жатышты. Эптеп бир эжени сөзгө тарттым.
– Эмне себептен мындай оокат кылып калдыңыз?
– Шаарда жумуш жок, талаада деле жумуш бүттү, анан келип иштеп жатабыз. Бир күндө 400-500 сом табам. Жашыраак балдар миң сомго чейин табышат. Мурда көп тапса болот болчу, азыр бизге жетпей эле сорттолуп келип жатат. Былтыр бир заматта эле 20 миң сом иштеп алган элем. Быйыл болсо иштей алган жокмун, балама араң 8 миң таап бердим.
– Канча балаңыз бар?
– Үч балам тең мектеп курагында, эң кичүүсү 7-класста окуйт. Өзүм мурда мектепте иштечүмүн, анан инсульт болуп, колу-бутум жакшы иштебейт. Күйөөм 5 жыл мурун каза болуп калган.
– Үйгө барып-келип иштейсизби?
– Жо-ок, кээде унаанын дөңгөлөктөрүн байлап жай жасап, тээтиги эле жерге жатып алам.
Өзүм Военно-Антоновкада турам, бүгүн үйүмө кетейин деп жаткам. Жуунуп-тазаланып алып кайра келем. Көбү бизди бул жерде иштеп жүрсөк эле селсаяк деп ойлошот. Андай эмес, баарыбыз жакшынакай эле адамдарбыз, акчасына кызыгып иштейбиз. Арабызда селсаяктар да бар, алар ушул жерге жатканга ылайыкташтырып «кепе» жасап алышкан. Кээ бирлери болсо бул таштандыларды өзүнчө эле бизнес кылып алышкан. Бөтөлкө, целлофан, картон чогултуп өткөрүшөт, бизден да сатып алышат. Жакында завод курулат деп жатышат, анысына деле көзүм жетпейт. Кайра эле Ак үй менен Көк үйдүн кулкунуна кирип кетет да. Завод курулса жаштардын баары иштемек.
– Болжол менен бул жерде канча адам иштейт?
– Көп эле. Жыл сайын көбөйгөндөн көбөйүп келе жатат. Кышында келсеңер мындан да көп болот.
«ӨЧПӨС ОТ» ЭЛДИ УУЛАНДЫРУУДАБЫ?
Таштандынын жанына үй куруп алган адамдар кандай жашоо өткөрүшөт, өздөрүнөн билүүнү чечтик. 2-3 үйдү каккылап көрдүк, баары сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Биздин кийинки каарман атын атабообузду өтүнүп, төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул жерге көчүп келгениме бир жыл болду. Иши кылса түтөйт да бул жер, айрыкча кечинде конок келгенде уят кылат кишини. Эгер шамал бизди көздөй урса, аябай эле ыш болуп, дем ала албай кыйналабыз. Эшик, терезелерди жаап, тумчулап жатабыз. Шамал ары урса, аркы айылга залакасын тийгизет. Бул жердин айланасында 4 конуш бар, ошонун баарына зыянын келтирет. Бизди таштандынын жанында дешет, баарына эле түтүн барып жатпайбы.
Бул таштандыны жабабыз деген, бирок белгисиз. Ортодон жергиликтүү тургундар митингге чыгып, бул жакка барчу жолду буушкан. 3 күндөй таштанды жабылып, бирок кайра эле иштеп жатат.
Ден соолукка тийгизген зыяны боюнча билбейм, көрө элекмин, бирок кандай болгон күндө да ушунча таштандынын жанында жашасак билинсе керек кийинчерээк.
Үйлөрүбүздүн кызыл китептери жок, басып алганбыз, аны моюнга алыш керек. Биздин конуштун суусу жок, башка конуштардан жаман-жакшы көрүнүп ташып келебиз. Аты да белгисиз, бирөө Алтын-Казык десе, бирөөлөрү Калыс-Ордо-2 дейт. Электроэнергиябыз бар, трансформатор койдуруп алганбыз. Үйлөрүңөрдү сүрдүрөбүз деп бийлик коркутат, бирок мынча эл кайда барат? Бул жерде 400дөй түтүн бар. А тигил жактагылар болсо 150 түтүн деп элди алдап жүрүшөт.
Наргиза Бекжанова
koom@super.kg