Балалык кезди эскерүү кандай жагымдуу. Өткөн күндөр бизге кайрылып келбесе да, эскерип алып жеңилдей түшүп, өзүбүзчө кубанып калат эмеспизби. Анын сыңары, ырчылардын да өткөн-кеткендери баарыбызга кызык болсо керек. Бул ирет өзүнүн балалык чагындагы кызыктуу көз ирмемдерин Дайыр Исмадияров эскерет.
«АТА-ЭНЕМ 10 ЖЫЛ БАЛАЛУУ БОЛУШПАПТЫР»-Бала кезимден жетиштүү турмуштагы үй-бүлөдө чоңойдум. Ата-энем тектүү бүлөдөн чыгышкан. Апам учурунда дүкөнчү болуп иштесе, атам эт комбинатынын директору эле. Андыктан бизде тамак-аш же кийим-кечеге муктаждык болгон жок.
Ата-энем чогуу түтүн булатышкандан кийин 10 жыл балалуу болушпаптыр. Улуу эжем төрөлгөндө да аябай кубанышкан экен. Мен атамдын 60 жаштан ашкандагы көргөн уулу, үйдүн эркеси болдум. Андыктан менин айтканым айткандай, дегеним дегендей аткарылчу. Азыр кара тору жигит эмесминби, кичинекейимде ак жуумал, болпойгон бала болгон экем. Мени жакшы көрүп кошуналар үйүнө уурдап кетип, көп издеп калышканын айтат апам. Эжемдер үйдү таза жыйнабаса же дагы башка туура эмес иш кылса апам кадимкидей чачынан тартып жазалачу экен. Агам экөөбүзгө катуу сүйлөгөн да жок.
Менин шоктугум жанда жок эле. Тентек балдар мектептеги тепкичтин кармагычтарын жылгаякка айлантып алгандыктан мык кагып коюшкан экен. 1-классымда 2-кабаттан ошол «жылгаяк» менен түшүп келатсам баягы мык бармагымды үзүп кеткен. Колумдун канжалаганын көрүп, бакырган бойдон үйгө жөнөгөн элем. Балдар менен мушташып баш, көз жарылган кез көп болду.
Үйдөгүлөр мени Кумарбек, Куму деп аташат. Атам атымды Дайыр деп койсо, апам биздин кумарыбыз болуп жүрсүн деп Кумар деп алган экен. Ошол боюнча Кумарбек болуп калдым. Үйдөгүлөр Дайыр десе башкача боло берем.
ТИЗМЕДЕ ЖОК ОКУУЧУ
-Боюм кичинекей болгондуктан «боюң өссүн, мектепке 7 жашыңдан барасың» дешкенине карабай, 6 жашымдан агамдын дептер, калем сабын уурдап мектепке барып алгам. Байкем 2-класска көчкөндө мен 1-класска келдим. 1-класстагылардын көбү фамилиясын билбейт эмеспи. Жагдайдан пайдаланып бир жумача тизмеде жок эле барып жүрдүм. Ошентип көгөрүп отуруп ошол класста окуп калдым. Окуу жылынын жарымына чейин орус класста окудум. Бир жолу үйгө мугалимдердин бирөө келип апама «бала орус класста окуса ата-эне, бир туугандарга күйүмү жок болуп калат» деп кетиптир. Ал кепти угары менен ата-энем кыргыз класска которуп коюшту. Ошого Жаңы жылда же ал жактан белек албай, же бул жактан албай аябай тополоң кылгам.
Окуучу кезимде апам менен атам ажырашып, жашоодон бир топ эле кыйналдык. Ошондо гана биз чыныгы турмуштун даамын таттык. Апам намыстанып атамдан жардам керек эмес деген принцип менен жашады. Ал кезде улуу эжем Бишкекке келип, иштеп калган эле. Ошол эжем баарыбызды бутка тургузду. Жетиштүү жашоодон жөнөкөй турмушка тез эле түшүп калган кыйын экен. Эжем ошол нерсе сезилбесин деп бизге таттууларды, кийимдерди жөнөтүп турчу. Мен өзүмө тиешелүүсүн жебей, эшикке алып чыгып сатчумун. Ал акчама шарап алып, аны бөтөлкөгө куюп жакшы эле акча иштеп алгам. Ошол чогулткан акчаларымды бир күнү капыстан дааратканага түшүрүп албаймынбы. Мээнетимдин текке кеткенине моюн сунгум келбей, жан талашып акчаларымды сузуп алып, суу менен чайкап, кургатканым эсимде.
Бир жолу эжемдин үйүнө барып калдым. Столунда бир сом турган экен, анда уурдаганды деле билбейм да, дароо чөнтөгүмө салып койдум. Ошону менен ал тууралуу унутуп калыпмын. Апам кир жууп жатканда чөнтөгүмдөн таап алып, «балта менен колуңду кесип салам» деп коркутуп, аябай урушкан. Ошол нерсе жүрөгүмдө сакталып калган экен, кийин бирөөнүн бир нерсесине кызыксам да албас болгом. Өспүрүм чактан эле ийгиликке жетишим керек деп көп эмгек кылдым. Эмгегимдин акыбети кайтып, кыргыз элине таанымал болдум. Буюрса, жакында Спорт Ордосунда жеке концертимди берейин деп жатам. Концертти Юлия Руцкая, Анжелика, Максат Давранов алпарышмакчы.
«ШААРДАН КЕЛГЕН КЫЗГА АШЫК БОЛУП...»
-7-класста аруу сезимдерге туш болдум. Классыбызга шаардан бир кыз келген эле. Чачын каре кылып кестирген, жарашыктуу кийинген кыз мага укмуш эле көрүндү. Ага арнап биринчи жолу кыйын болуп орусча кат да жазгам. Ал кыздын азыр атын деле эстей албайм, жакшы эле сүйлөшүп жүрдүк. Каникулга чыкканыбызда ал шаарга кетип, ошону менен кабарлашпай калганбыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg