Бүгүнкү күндө кыргыз киносу өнүгүп жатканы баарыбызды сүйүнтөт. Тартылып жаткан кинолору, келечектеги ойлору, жасалуучу иштери тууралуу “До+Фа-2”, “Пентхаус”, “Браво”, “Общага” сериалдарынын продюсери, “KG Club Production” компаниясынын жетекчиси Нурлан Мамакеев менен баарлаштык.
– Нурлан мырза, айтсаңыз, кино тармагы менен алектенүү идеясы эмнеден улам келди? – Алгач биз чыгармачылыгыбызды теледолбоор ачуу менен баштаганбыз. Ата мекендик каналдарга керектүү телеберүүлөрдү тартып берчүбүз. Биздин биринчи долбоорубуз «Большие Люди» болду. Бул берүүбүз эфирге чыгары менен эл жакшы кабыл алып, бат эле жайылып кеткен. Долбоорго Эльдияр Кененсаров, «Азия Микс» командасы салым кошушкан. Алар кызыктуу, шаңдуу болушуна көмөк көрсөтүштү. Биз чыгарган комедиялык продукциябызды өзүбүздүн эле эл көрбөстөн, чет мамлекетте да көрүшүүдө.
– Кино же теледолбоор деп эле баштап кетүү оңой эмес го. Бул тармакта билимиңиз барбы?
– Бул тармакта түшүнүгүм бар жана ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрөм. Эльдияр экөөбүз тажрыйбабызды жогорулатуу үчүн Москвага барып, СТС каналындагы «Даёшь молодёжь», «Кухня» сериалдарынын сценарийлерин жазган досторубуздан теледолбоор тартууну, коюуну, кинону монтаждаганды үйрөнүп келдик.
– Анан өз мекениңизде тартып көрүүнү чечтиңиз...
– Башында биз кино эмес, сериалдардан баштадык. «Общага» сериалын тарттык. Бул эфирден да, интернет порталдардан да көрүүчүлөрдүн саны боюнча алдыда болду. Жаңы бөлүгүн көрөрмандар чыдамсыздык менен күтүштү. Сериал өз учурунда биздин визиттик карточкабыз болду. Ал интернетте жайгашкан, азыр да каалоочулар көрүп жатышат.
– Сериал, кинолоруңуздун сценарийин ким жазат?
– Басымдуу бөлүгүн КВНде ойногон балдар жазат. Топтогон тажрыйбаларынын негизинде балдар кызыктуу, күлкүлүү сценарийлерди жазып жатышат. Юмор – бул негизги биздин багытыбыз. Биздин фильмдер күлкүлүү болуш керек, ошондо аны кабыл алуу оңой болот.
– Ошондо сиздердин багытыңыздар бир гана комедия жанрындагы кинолор болуп калабы?
– Азырынча ошондой. Дүйнөлүк прокатта комедия жанры мультфильмден кийинки орунда турат. Катардагы адам, мектеп окуучусу, студент, жумушчулардын бардыгы күнүмдүк көйгөйдөн чарчашат. Кинотеатрга барып күлүп эс алып, жакшы маанайда кетишсе, биз максатыбызга жеткен болобуз.
– Тасмаларыңыздын басымдуу бөлүгү жаштарга арналган. Жаштар үчүн гана тартасызбы?
– Баамдаганыңыздай, көпчүлүгү жаштарга арналган. Бирок жаштар кинотеатрларга көп келе беришпейт. Көрөрмандардын басымдуу бөлүгү орто муундун өкүлдөрү. Тескерисинче, улуу муун жаштарга арналган кинолорду азыркы тенденциядан кабардар болуш үчүн кызыгып көрүшөт. Кээде ата-энеси менен келген студенттерди көрүп калам. Ал эми ачылыштарында көпчүлүк учурда чыгармачыл адамдар, чиновниктер, бийлик өкүлдөрү келишет.
– Алар сиздерди колдошобу? Бийлик дегениңизден айтып жатам.
– Менин оюмча, кыргыз тилдүү комедияны колдоого караганда, бийликтин башка жумуштары көп. Эгерде кимдир бирөө бизди колдосо, ага каршы болбойбуз (күлүп).
– Каржы жагын ким камсыздайт?
– Бизди колдогон меценаттар, бизге ишеним арткан продюсерлер бар. Экинчи жактан өзүбүздүн каражатты тапканга аракет кылабыз. Мындан сырткары коммерциялык тармактарда өнөктөштөрүбүз бар. Биз алар менен кызматташканыбызга ыраазыбыз. Көрсөтүүлөрүбүздү анонс кылып чагылдырганга жардам берген медиа өнөктөштөрүбүз бар. Аларга да ыраазычылык айткым келет.
– Азыр кино таркандар көп. Башкалардын кинолоруна барасызбы?
– Албетте, мен режиссёрлордун көпчүлүгүн тааныйм, сыйлайм, тажрыйба бөлүшөм дегендей. Атаандаштык алдыга жылууга шарт түзөт.
– Келиңиз, жакынкы премьералар тууралуу сүйлөшөлү. Көрүүчүлөр кандай тасмаларды көрө алышат?
– Буюрса, 25-сентябрда «Султан Сулайман» тасмасын элге тартуулаганы турабыз.
– Көпчүлүк бул кинону түрк сериалынын негизинде тартылган деп айтышууда...
– Жок, кыздардын баары жакшы көргөн кыргызстандык жигит жөнүндө. Анын үйлөнгүсү келбейт. Ата-энеси үйлөн деп жанын коюшпайт. Үйлөнүүдөн качып, түрдүү жоруктарга кабылганына көрүүчүлөр тасмадан күбө боло алышат. Мындан сырткары октябрь айында экшн-комедиябызды сунуштайбыз. Ал кинонун өзөгүндө көптөгөн жарышуулар, форсаж болот.
Султан Төрөбеков