Азыркы учурда ич катууга чалдыгып, азап тарткандар көп. Ич катуунун себептери жана анын алдын алуу тууралуу Бишкектеги №1-клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Мусаев айтып берет.
«1 ЖЫЛДА 200ДӨЙ АЙЫМГА ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙБЫЗ»– Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө (анын ичинде Кыргызстандын) элинин 80 пайызы ич катуу деген эмне экенин баштарынан өткөрүшөт. Ушул себептүү ич катууда колдонулуучу каражаттар сатылышы боюнча жүрөк ооруларынын дарыларынан кийинки орунда турат. Мисалы, Германияда эле 1 жылда 39 миллион куту сатылат.
Ич катуу медицинада констипация (латын сөзү, бизче «топтолуу») деп аталат. Мындай диагноз адам бир аптада ичин бошотконго 3 жолкудан аз барса коюлат.
Учурда Кыргызстанда ич катуудан жапа чеккендердин жана операция болуп жаткандардын жарымынан көбү аялдар. Мисалы, биздин ооруканада эле 1 жылда 160-200 айымга операция жасалат.
АЛАР КИМДЕР ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН ОПЕРАЦИЯ БОЛУШУУДА?
1. Ичегилерин сууктун жана инфекциянын айынан улам сезгентип алгандар.
Учурда ысык-суукта базарда туруп соода кылган, чет жактан товар ташыган, идиш жуугуч, пол жуугуч болуп иштеген аялдар көп. Мына ошолордун көбү сууктун жана инфекциянын айынан ичегилерин (башка органдарын да болушу мүмкүн) сезгентип алышууда. Дарыланайын десе акчасы тартыш, акчасы болсо убактысы жок.
Сезгенген ичегилердин иштөөсү бара-бара начарлай берет. Анын үстүнө арзанына качырып кургак тамактанып жүрүшүп, сезгенүүнү күчөтүшөт. Акыры өнөкөт ич катууга кезигип, чыдабай калганда ооруканага келип, операция жасатып жатышат.
Сулуу жана келбеттүү көрүнүү үчүн жука кийингендер арбын. Суук болсо аларды аяп койбойт. Жыйынтык жогоруда айткандай.
2. Акыркы кезде таттууну (өзгөчө шоколад, пирожное) жеген аялзатынын саны абдан өстү. Кеңседе көп кыймылдабаганы аз келгенсип, күндө таттуу жеп отургандарчы?!
3. Бат даярдалуучу азыктарга басым жасоо. Күндүзү фастфуд, кечкисин болсо оңоюна качырып вермишель бышырып жеп алгандар толтура.
4. Геморройдон, стресстен, өт ооруларынан, кыймылдын аздыгынан, сүт ботко, быштакты көп жегенден, узакка диета кармоодон жана башкалардан да ич катуу жаралат.
5. Учурда операция жолу менен төрөп жаткандардын жана ички органдарынан (боор, бөйрөк, жатын жана башка) операция болгон айымдардын саны артууда.
Операциядан кийин ичегилердин сезгенип, жабышып калган учурлары кездешет. Андай ичегилер, албетте, начар иштеп калат.
«2-3 АПТАЛАП ИЧИН БОШОТО АЛБАЙ КАЛГАНДАР БАР»
– Ич катуу өнөкөткө айланса, ич бошотуу мурункудан сейректей баштайт. Доктурга баргандан көбү тартынышат да, ичти айдоочу каражаттарды өз алдынча иче башташат. Аларды узакка ичкенден ичегилер ага көнүп, иштөөсү дээрлик нөлгө түшөт. Заңдар жоон ичегиде жыйнала берет да, катуу тарта баштайт. Андагы уулар организмди уулантат. Адамдын башы ооруп кускусу келет, ич көбөт, дене табы көтөрүлөт, чыйрыгат, ичи бурап ооруйт. Ойлоо, ишке жөндөмдүүлүк төмөндөйт. Акырында чыдабай калганда врачтарга кайрылышат.
Бизге келип операция болуп жаткандардын ичинен 10 күндөп, ал тургай 2-3 апталап ичин бошотпой калгандар бар. Айрымдарынын ошол сезгенип, чоюлуп иштебей калган ичегисин 20-80 сантиметрге чейин кесип салууга туура келет. Оорусу ракка айланып кеткендер да кездешүүдө. Андыктан айымдар, жалпы эле мекендештер, туура тамактанууга көңүл бөлүп, жылуу жүрсөңүздөр. Тамак-ашка кара нан, жашылча-жемиш, кактарды (кара жана сары өрүктүн), гречка, сулу жана минералдык сууларды, айранды көбүрөөк колдонуңуздар. Көп кыймылдап, спорт менен алектениңиздер. Өз алдынча дарыланбай, врачтарга кайрылыңыздар.
Жаңыл, 27 жашта, Нарындан: «ИЧЕГИМДИН КАНЧА БИР БӨЛҮГҮН КЕСИШЕТ»
– Тигүү цехинде иштейм. Ич катуудан акыркы 5 айда катуу азап тарттым. Нарындык врачтарга кайрылсам, укроп суусу менен 3 маал 1 кашыктан өсүмдүк майын ичип тур деп коюшту. Бул жердеги врачтарга аны айтсам күлүшүп, «ич катууну антип дарылабайт» дешти. Азыр операцияга кирүү алдында турам, хирургдун айтканына караганда, жоон ичегимдин 20-30 сантиметрин кесишет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg