1-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Мелис Турганбаевдин ички иштер министри кызматына келишине макулдук көрсөтүп добуш беришти. Эл өкүлдөрүнө жооп берип жаткан М.Турганбаев кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышкан суроого: «Биз Камчы Көлбаевге республиканын ичинде эркин жүрүшүнө эч кандай чектөө коё албайбыз. Мен аны камактан чыгарган эмесмин, сот чыгарган. Жакын арада бул маселени тартипке келтирүү үчүн иш жүргүзөбүз»,- деп жооп берди.
16-сентябрда Ички иштер министрлигинин башчысы менен катар маданият, маалымат жана туризм министри дагы кызматынан бошотулган болчу. Ылайыктуусу чыкпай жатканбы же маданият саясатка айланып, кресло соодалашуу жүрүп жатабы, айтор, министрлик жетекчисин күтүүдө. Өткөн аптада «Ар-намыс» квотасындагы министрликке талапкер катары Алтынбек Максүтовду тандап, ага фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү добуш беришкен болчу. Бирок фракциянын өкмөткө жиберген протоколунда министрликке орто жолдон Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова кошула калып, 2 талапкер көрсөтүлгөн.
24-сентябрь күнү саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да отставкага кеткен. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Д.Сагынбаеванын «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин маселесине кайсы бир деңгээлде күнөөсү бар экенин, бирок анын кызматтан кетүүсү ага байланыштуу эместигин белгиледи. Ал ортодо аталган министрликке талапкер катары каралып жаткандардын тизмеси да пайда болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы орун басарлары К.Мамбетов жана А.Ибраимова, Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Р.Курманов, Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Г.Алиев, Улуттук госпиталдын башкы урологу А.Усупбаев жана Түркияда кардиолог болуп иштеп жүргөн Т.Батыралиев министрликке талапкер болот дешүүдө. КСДП фракциясынын квотасындагы министрликке талапкерлерди кароо кийинки аптада өтөрү маалымдалды.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg