Бишкекте каза болгон адамдардын сөөгүн көмүү үчүн жер тилкесинин баасы 20-50 миң, айрым жерлерде 100 миң сомго чейин чыгууда. Бул тууралуу депутаттар парламенттин 1-октябрдагы жыйынында айтышты. Жогорку Кеңеште «Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: «Бишкекте сөөк коюу кызматынын баасы 3400 сомдон 4400 сомго чейин турат. Ал эми көмүүдө бул иш менен алектенип жүргөндөр өздөрү каалагандай бааны коюшат»,- деп билдирди. Айрым депутаттар вице-мэрдин жообу ынандырбай турганын айтышты.Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Татьяна Левинанын айтымында, мыйзам долбоору сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши боюнча коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө жана сөөктү көмүүнү ишке ашырууга, анын ичинде сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүүгө багытталат. Мыйзам долбоорун колдоого алган депутаттар шаарда да, айыл жеринде да жер бекер берилиши керектигин, каза болгондорго жер сатуу бизнесин токтотуу керектигин айтышты.