«СУПЕР-ИНФО» ГЕЗИТИ МЕНЕН SUPER.KG ПОРТАЛЫ ЭЛГЕ ЭМГЕГИ СИҢГЕН ИНСАНДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

"Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, 1-октябрь күнү "Супер-Инфо" гезити менен super.kg порталынын өкүлдөрү өлкөбүздөгү элге эмгеги сиңген инсандарыбызды куттуктап, редакция тарабынан даярдалган белек-бечкектерди, таттууларды тартуулап келди. Алгач эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз киносунун, театрынын залкар өкүлү, актёр Чоро Думанаевге барып куттук сөздөрүбүздү айттык. “Мен быйыл 62 жашка чыктым. Бирок дале өзүмдү жаш сеземин” деп тамашалаган актёр гезиттин окурманы экенин айтып, жамаатка ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.
Кийинки каарманыбыз Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Таң сыры", "Бульварым" өңдүү далай популярдуу обондорду жараткан композитор Сардарбек Жумалиев болду. Агайдын жумуш ордуна, Улуттук филармонияга барып куттуктадык. 73 жаштагы композитор: “Карыганда ден соолук гана тилеп калат экенсиң. Силердей болгон жаштар бизди унутпай, дайыма көңүлүндө түйүп жүрүшсүн. Бизге атайын келип, жагымдуу сөз айтып, көңүлүбүздү көтөрүп турганыңар биз үчүн бакыт”,- деп жылуу узатты.
Бул күнү кош майрамды белгилеп жаткан медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевди да майрамы менен куттуктап кетпесек болбойт эле. Андыктан 87 жашын кесиптештери менен белгилеп жаткан хирург агайыбызга да барып куттук айтып, жылуу кебин угуп кайттык. “Карылар күнүндө улгайган инсандарды куттуктап чакырышат эмеспи. Мени болсо бир да жолу эч ким чакырып куттуктаган эмес. Бүгүн силердин атайын куттуктап келгениңерге ыраазы болуп жатам. Карылар асмандан түшүп калган жок, алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, жаштардын келечеги үчүн жан үрөп иштешкен. Ошондуктан карыларды сыйлагыла”,- деп агай бизге ак батасын берип узатты.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Улууну сыйлабасаң кичүүдөн сый көрбөйсүң!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
XURREM.
2014-10-06 10:56:51
Азаматсынар.
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан