«ЭКИ БАЛАЛУУ КЕЛИНГЕ ҮЙЛӨНГҮМ КЕЛЕТ, БИРОК...»

– Өзүм бойдок болгон соң интернеттен өз теңимди издөө адат болуп калган эле. Күндөрдүн биринде Гүлнур аттуу келин менен таанышып калдым. Келбеттүү, көздөрү сырдуу тиктеген Гүлнур күйөөсү менен ажырашканын, эки баласы бар экенин баяндады. Ошону менен экөөбүз кат жазышып жүрүп, жакын боло баштадык. Кээде ал жашоодон жадай тургандыгын кеп кылар эле. Анда мен «антпе, балдарың үчүн болсо да жашашың керек» деп акыл айтып калчумун.
Жай келгенде өзүм жашаган Ош шаарынан Бишкекке иштегени кеттим. Ал жакта жүрүп да Гүлнур менен байланышымды үзгөн жокмун. Убакыт өткөн сайын ал мени өзүнө тартып, сүйүп калганымды билдим. Кайра Ошко келдим. Экөөбүз кездештик. Ал мени уялыңкы көз карашы, назиктиги менен ого бетер арбап алды. Ошол күндөн тарта кыз-жигит катары жолугуша баштадык. Анан үйдөгүлөр мени иштеп келүүгө Орусияга жиберип ийишти. Ошол күндөн бери экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сагынычыбыз улам өсүүдө.
Мен ата-энемдин жалгыз уулу болгондуктан, алар менин 2 балалуу келинди алам дегениме каршы болору анык. Гүлнур «мага айтпай үйлөнүп ал, укканымда бир-эки күн ыйлап басылам да» деп айтып келет. А менин башка кызга көңүл бурмак турсун таанышуудан качып, Гүлнур менен ооруп жүргөнүмө 2 жыл болду. Эмне кылам, кеңеш бериңиздерчи.
Нуралы, 29 жашта, Ош шаары
– Сиздин баяныңызды окуп, суроолор жаралды. Биринчиси, сиз Гүлнурга болгон сезимиңизди канчалык чыныгы жана күчтүү деп ойлойсуз? Бул жаатта сезимдериңизди талдап көрдүңүз беле? Экинчиси, Гүлнурдун эки баласын өз балаңыздай кабыл алганга даярсызбы?
Эгер ушул суроолорго «ооба» деп жооп бере турган болсоңуз, анда ата-энеңизге баарын ачык айтканыңыз оң. Албетте, болочок келинин башкача элестеткен алар каршы болуулары мүмкүн. Бирок сүйлөшкөн адамыңыздын жакшы жактарын белгилеп, жоопкерчиликти толук мойнуңузга аларыңызды, жакшы жашап кетериңиздерди белгилесеңиз, балким, алар көнүшөт.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (86)
башынн иштебейт экен сенин. Омурдо бир жолу уйлоносун, ошондо да кыздык белги дегенди корбой калуу эркек учун эмне экенин билесинби!?. Бул отуп кете турган уйронуп калуу эле. Жалгыз уул болсон, азыр кызык уйлонгондун эртеси эле сезилет,дароо эле жек корбосон мага кел. уйлонуп эле 2 баланын атасы болуп жашай береттирсин, бирок алгачкы баланы кутуу, аны коруу кандай бакыт экенин сезбейсин да сезбейсин сага кызык болот, но жанындагы эбак эле башка бироо менен сезип койгон бул сезимди...
Кеп соз дегендер болот бирок, Тиги эки баласын аялы менен таштап кеткенге караганда бир кыйла жакшыго. Бакыт каалайм!
Ар ким озуно жараша жооп жазат экенин билип кой! Сенин башын озундо, озун чеч
Elder janagy Yakutardyn kolunda kor bolup jurgon jaw naristeni tapkanga jardam bergile4i ?
Суйуунун козу кор,жанылышып калба.
Elder siler bul jigitke ayabai sarsana boldunargo,ozunun bawy ozundo da Jon koigula,al prosta azyr bawy m/n oilonboi jatat. Andan koro maga jardam bergile4i janagy Yakutyada kor bolup jurgon Naristeni tapkanga jardam bergile4i ?
aidai89 Yakutydagy Nariste jonundo siz jazyptyrsyzgo owonun daiynyn bilip taktap bergile4i ?
Сен жалгыз уул болсоң.Ата-энеңди ойлоп иш кылып жатасыңбы?Бир баласы болсо да,ичине жутмак.Эки баланын энеси.Ата-эненин арзуу-үмүтү жөнүндө ойлодуңбү?Мен жалгыз уулума,эки балалуу келин алып бермек эмесмин!Ар бир ата-эне мен ойлогондой ойлойт болуш керек.
жакшы ойлон азыр аялды суйуп жатасын балдарын эмес, эгер уйлонсон бир кун эмес бир кун казан аяк кагышат дегендей ошондо озуно кыйын,анын балдарын озундун баландай жакшы корбойсунда, озун балалуу болгондо анын балдары сага жат болуп калганы калган
жакшы ойлон азыр аялды суйуп жатасын балдарын эмес, эгер уйлонсон бир кун эмес бир кун казан аяк кагышат дегендей ошондо озуно кыйын,анын балдарын озундун баландай жакшы корбойсунда, озун балалуу болгондо анын балдары сага жат болуп калганы калган
менде да ушул сыяктуу сезим ушундай окуя болгон 2 балалууу бирок брат баары отуп кетет...уйлоном деген созду унунт смысле ошол келинге 2 жыл болсо анда кучтуу экен сезимин...баары бир сенин жолун андан башка экенин озун билип турасын
menin tuuganymda uilongon bir balaluuga azyr dagу2 балалуу болуп бир жакшынакай жашап атышат
мына мен ошондой болуп уйлонгом.азыр жашоом ойдогудай.башында баары каршы болушкан.азыр келинчегимдин козун карашат го.эгерде сен эрктуу болсон баарын женесин.мына азыр бир уул бир кыздуу болгом.а мурунку куйоосунон кызы бар.ага да меерим тогуп калгам кадимки озумдун кызымдай болуп калган. кабарлашкын келсе почта аркылуу кабарлаш.таразага салып коруп кенешебиз.
мен кобуно кенеш берип келем ушул кунго чейин.мына 6 жылдан ашты уй було курганыбызга