КАЙЫН СИҢДИСИН ЖЕҢЕСИ ЗӨӨКҮРЛӨРГӨ САЛЫП БЕРГЕН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Адамдардын ортосундагы кек күчтүү болсо, анын аягы жакшылыкка алып келбейт. Ал эми кектин келип чыгуусуна болбогон бир дүнүйө, акча, эч нерсеге арзыбаган бир кесим чүпүрөк сыяктуу нерселер себеп болот. Мына ошондой келишпестиктерге жаш балдарды аралаштырып, аларга зыян келтирген адамдарды укканда кыжырың кайнайт. Төмөндөгү 2 жыл мурун кайын журтунан кетип калган келин "14 жашар кайын сиңдисин 2 эркекке зордуктаткан" деп айыпталып, учурда изделүүдө.

КЫЛМЫШТЫ АТКАРГАНДАР КАРМАЛЫП, УЮШТУРУУЧУ КАРМАЛА ЭЛЕК
Үстүбүздөгү жылдын июль айында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Торкен айылында бир үй-бүлө үчүн каргашалуу окуя болгон. Үй-бүлөнүн кумшекер алуу үчүн кеткен 14 жаштагы кызы кечиккенинен баары жапырт кызды издеп калышат. Кечке жуук кийим-кечеси айрылып, дене бою көк ала, анан калса зордукталган кыз ыйлап кирип келген.
Жалал-Абад ОИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубаныч Акматов билдиргендей, кыздын апасы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылат. Тестиер кызды зордуктаган зөөкүрлөрдүн сары изине түшкөн милиция кызматкерлери аларды 2 айдан соң, 23-сентябрда кармашкан. Кылмышка шектүүлөр ошол эле айылдын тургундары 1988-жылы туулган Максатбек Жумакалиев жана 1974-жылы туулган Азамат Токтошов болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар жасаган кылмышын моюнуна алып, буга өз каалоолору менен эмес, бөтөлкөлөшү Кымбат Мырзатованын суранычы менен мас абалында баргандыктарын айтышкан. Учурда «кылмышты уюштурган» деп шектелип жаткан айым изделүүдө.

КУМШЕКЕР АЛУУГА КЕТКЕН БОЙДОН ЖОГОЛУП...

Тергөөдө белгилүү болгондой, окуя төмөнкүчө болгон. Окуя болгон күнү жаман нерсе оюнда жок эне 14 жашар кызынын колуна акча карматып, «мөмө бышып калыптыр, кыям жасайбыз, базарга барып, кумшекер алып келе кой» деп Токтогул шаарчасына баруучу маршруттук таксиге салып жиберет. Базарга жеткен кыз кумшекер алганга жетишпей, жолдон агасынын мурунку аялына, башкача айтканда, жеңесине жолугуп калат. Ошол жерден кызды жеңеси «жүрү, үйүм бул эле жерде. Мен да анан базарга келип, майда-чүйдө алып, кайра айылга жөнөйүн деп жаткам. Чогуу кетип калабыз» деп кайын сиңдисин үйүнө ээрчитип кетет.
Жеңесинин үйүнө барып, аркы-беркиге алаксып отурганда эшиктен чала тааныш эки айылдашы кирет. Дасторкон жайылып, сыралар ачылып, бака-шака түшүп, айтор, отуруш башталат. Өзүн ашык сезген кыз «мен кете берейин, апам күтүп калат» дегенине карабай «булар азыр кетишет, коё тур, чогуу эле кетебиз» деп убакытты создуктурат. Ичке бир нерсе киргенден кийин келин эки бөтөлкөлөшүнө мурда пландалган арам оюн ишке ашыргыла деп ишарат кылат. Бирок тиги экөө балапан кызды зордуктоого даабай отура беришет. Буга кыжыры келген келин кайын сиңдисин кыйнап оозуна сыра куюп, кагып-силкип коркутуп койгонго да жетишет.

ҮЙДӨН ИШКЕ АШПАГАН АРАМ ОЙ КӨЛМӨНҮН ЖЭЭГИНДЕ АШАТ
Кылмышка шектүүлөр үйдө дем жетишпей, күн ысып кеткенин айтып, шаардын чекесиндеги көлмөгө түшүп, серүүндөп келүүнү пландашат. Кетем деген кыздын эркине койбой аны да көлмөнүн жээгине жетелеп барышат. Ал жактан да оозуна сыра куюп, кордук көрсөтүп коркутушат.
Ал эми 14 жашар кыз менен жыныстык катнашка даабай турган аларды келин эптеп көндүрөт. Көлмөгө бир-эки ирет чумкуп чыккан экөөнүн сырасын кайрадан толуктап куюп, кызды чечинтип, аны да сууга түшүрүп, айтор, зөөкүрлөрдү кызыктырууга болгон аракетин жумшайт. Макул болбой каршылык көрсөткөн кичине кызды жеңеси бет талаштыра бир муштайт. Дене бою ачылып, жылаңач ыйлап отурган кызды көргөн зөөкүрлөр биринин артынан экинчиси зордуктап, келиндин арам оюн ишке ашырышат. Мындан соң эки зөөкүр жана кылмышты уюштурган жеңе сөрөй курмандыгын окуя болгон жерге таштап, из жашырып кетишет. Зордукка кабылган өспүрүм кыз үстү-башы тытылып ыйлаган бойдон үйүнө келет.

«КЕЛИН КАЙЫН ЖУРТУНА КЕК САКТАП ЖҮРГӨН БОЛУШУ МҮМКҮН»
Жогорудагы кылмыш тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары КУБАНЫЧ АКМАТОВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Арыз бизге июль айында, окуя болгон күнү эле жазылган. Бирок качып жүргөн кылмышка шектүүлөр 23-сентябрда колго түшүрүлдү. Арыз жазган үй-бүлөнүн мурдагы келини, 1985-жылкы Кымбат Мырзатова учурда изделүүдө. Алдын ала болжолдоолор боюнча, анын жабыр тарткан үй-бүлөдө өчү болуп, нааразычылыгын ушундай жол менен билдирген.
Издөөдө жүргөн кылмыштын уюштуруучусу Кымбат Мырзатованы көргөн-билгендер болсо 102 номуруна кабарлап койсоңуздар. Болжолдоолор боюнча, ал Бишкек шаарында жашынып жүрүшү мүмкүн. Себеби чек ара кызматтарына шектүү тууралуу толук маалыматтарды берип, ал өлкөдөн чыккан жок деген тастыктамаларды алганбыз. Бирок легалдуу эмес жолдор менен өлкөнү таштап чыгып кетиши да мүмкүн.

Учурда жогорудагы кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жабырлануучу кызга балдар психологдору, медицина кызматкерлери жардамга келип, каргашалуу күндү унуттуруунун жолун издешүүдө.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
gemma95
2014-10-22 10:55:13
Тообо женемден коркуп баштадым(девеле),ушунчалык да зоокур болобу??
0
mafi
2014-10-24 00:27:45
gemma95, балээ кылбасан эмеге коркосун?
0
basyz-kaman.
2014-10-22 12:45:57
Адамдарга эмне болуп бара жатат! кылмыш кылаарда эртеңки күнүн ойлошпойт экен да. Кандай гана кылмыш кылбагын акыры түбү жазасын аласың, милиция тарабынан жазаланбай калган күндө деле кудай карап турат, өз бала-чакаңа кайтышы мүмкүн.
0
jipara86
2014-10-22 14:54:27
jash kyz deisiner oshol jash kyzda bir ui buloonu buzushu mumkun.M:men da 13jashar kyzdy(kainsindimdi) estesem chachym tik turat.any men kudaiga saldym.
0
Aidai87
2014-10-22 18:30:06
Кудай сактасын! Мындай адамдар жок болсо экен Кыргызстанда.
0
Boldukan86
2014-10-23 09:53:27
дагы тим эле жакшы каалоо тилектерди айтып ичесинер. Ичкиликтин аягы мажбуру. соо болсонор оюнарда болсо да колкнар бир аз коркот ичип алып каалаганды жасап анан мас элем билбей калыпмын деп. Дининер Ислам. Ислам дининде арак арам макуру. анда эмне ичесинер а. ушул комм жазгандардын да ичишкендери бар. Мусулманбыз Кудайымдын алдына барабыз. каалаганын кылып журушот тооба. педофил дегени бачабаз дегени кобойду. не заман озу.
0
xperia_kg
2014-10-24 00:16:57
Пенделерине озун ыйман, ынсап бер жараткан алла!
0
mafi
2014-10-24 00:25:37
Каждому Аллах воздает по возможности. Даже лист с дерева падает по велению Его.
Судить мы все мастера. Но у каждого здесь свой косяк: Почему девочка маму не послушала (все родители говорят своим детям "эрте кел!")? почему она идет с бывшей женой своего брата? Наверно есть причина, на то, что они развелись? Сейчас 14 летние сообразительнее чем раньше. Может заказчицу в её же возрасте украли и изнасиловали? Человек же таким зверским образом не может же мстить за 5 копеек. Месть слепа, однак
0
alym_ss
2014-10-24 19:38:03
кейпинди урайын туру суук кайнисиндисинде эмне куноо жап жаш кыз ...ой йо
0
Sharipa-asia
2014-10-25 01:25:26
ХХХ ХХХ тусу суук, , озундо кыз жок бекен шумшук! Кудай озу жазалайт ХХХ ХХХ десе
0
admin_superstan
2014-10-27 10:27:46
Sharipa-asia, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
0
sarishka
2014-10-25 05:40:25
baikush kizda emne kunoo tagdiri talkalandi,kelindin akulu taiku tura emi ani jakshi nerse kutkon jok kudai eki ese jazasin beret.
bir jaktan korgondoi bolup atam estei albai jatam
0
milashka91
2014-10-25 10:06:01
Жараткан озу жазаласын.мыкачы,адамдык сапаат кайда калган......
0
ayildik_kiz
2014-10-25 10:35:52
Келини акылсыз болгон учун кайын журтунунан айдалган болсо керек.?Кызга аябай оор болуптур.Кетип калган женем менен учурашпас болдум го эми
0
Kalin466
2014-10-25 13:47:39
Баары бир кудайдан жазасын алышат. Тозокту тиги дуйнодо эмес ушу жашоодо эле коруп калышы мумкун. Бул жерде акылдуулар коп,кайын журтунун жаманынан ушундай окуя келип чыкты дегендер. Корот элек силерди,кудай сактасын,ушу сымал окуяга туш болуп калсанар,сайраганынарды алдыгинтип.
0
kanykei.96
2014-10-26 19:27:08
аии мындайлар качан тугойт
0
Eliza-2014
2014-10-26 21:18:35
келесоого кудай корсотсун
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан