КОЙ (21.03-20.04)
Лидер болууга умтулуулар күчөп, үй-бүлөдө мамилелер татаалдашат. Андыктан балдарга өз алдынчалыкты бериңиз. Эмоцияңызды ичке катып, жашоого олуттуу карасаңыз, бардыгы жеңил бүтөт. Айрымдарда кызмат романдары жаралат. Короодо же дачада көп нерселерди иреттеп, жайгаштыруу иштерине да убакыт бөлүүгө туура келет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чыгармачылыкта болобу, карьерада болобу, ийгиликтер күтөт. Ал эми бойдоктор күнүмдүк жашоодон тажап, депрессияга кабылбоо үчүн айланасын жакшылап кароолору кажет. Түгөй табылып калуусу мүмкүн. Сагынган туугандар менен өз ара мамилени бекемдөө үчүн алар менен жолугуп, сыр чечише аласыз. Бул жолугушуу көпкө чейин эсиңизде калат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада сапарга чыгууга кеңеш берилбейт, жолуңуз болбой калышы мүмкүн.
Ал эми материалдык абалыңызды жакшыртууга кылган аракеттериңиз өзүн актап, жемишин бере баштайт. Апта ортосунда бир чоң маселе чыгат. Ошол себептүү чыйрак болуп, өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Апта аягында жан дүйнөңүзгө жөлөк, өзүңүзгө өбөк болчу адам табылат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй-бүлөңүздө да, жумушуңузда да тынчтык өкүм сүрөт. Ошондон пайдаланып, өзүңүзгө кам көрүп, жакшылап эс алууга жетишиңиз. Сүйүү жаатына келсек, сиз күтпөгөн жактан чабуул коюлуп, сүйүктүүңүзгө көз арткандар чыга келиши мүмкүн. Апта аягында жолдо абайлап жүрбөсөңүз, чыр-чатакка эрксизден аралашып калууңуз ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Үйүңүздөгү «аба ырайын» оңдоого ыңгайлуу апта. Жакындарыңыздын көңүлүн көтөрүп, мээрим тартуулаңыз. Жумушта болсо сабырдуулук көрсөтсөңүз, өзүңүзгө пайда болмокчу. Ден соолугуңузга залакасын тийгизбеши үчүн оор жумуштардан качыңыз. Апта аягында тактык жана сактык бирөөлөр менен тирешип калуудан сактаарын эске алыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул аптада болгон тажрыйбаңызды колдонуп, мыктылыгыңызды көрсөтүүңүз керек. Анткени жаңы идеялар ишке ашчу апта. Башкача айтканда, аз сүйлөп, көп иштөө аптанын девизи болмокчу. Бирок өзүмчүлдүктүн айынан түгөйүңүз менен пикир келишпестикке жетпөө керектигин унутпаңыз. Алыстан ат арытып келген конокторду тосууңуз ыктымал.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада ийгиликке жетүүнү көздөгөндөрдүн аракети текке кетпейт. Жеке турмушуңузду өзгөртүү жаатында ой келүүсү мүмкүн. Канткен күндө да жети өлчөп, бир кесиңиз. Жумушта ишиңизге бирөөлөр кийлигише берип, тажатуусуна жол бербеңиз. Дем алыш күнү сизди кызыктарган адам менен жолугушууңузга мүмкүнчүлүк чыгат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Окуп, билим көрөңгөңүздү, дүйнө тааным кампаңызды кеңейтүүгө киришчү убак келди. Кирешелүү болуунун жаңы жолу табылуусу да мүмкүн. Базардан эмне сатып алсаңыз да купулга толорлук болот. Жеке жашоого келсек, жактырган адамыңызга ички сезимиңизди айтып жеткирүү кыйынга турат. Тааныштардын бири сиздин кеңеш менен моралдык колдооңузга муктаж болот.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башталышы илимий иштерге, жаңы долбоорлорго киришүүгө ыңгайлуу. Болгону кесиптештердин жардамын четке какпай, кабыл алыңыз. Улуулардын берген кеңеши келечек тууралуу ойлонууга түртөт. Алыстагы жакындарыңыздан жагымдуу кабар келиши мүмкүн. Белек көтөрүнүп, жакыныңыздын жакшылыгына барууңуз ыктымал.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында чыгармачылык ашып-ташып, көөдөндө толуп турган эргүүнү чыгарасыз. Каржылык көйгөйлөрдү чечүүнү азырынча коё туруу керектелет. Аптанын экинчи жарымында керектүү адам зарыл ишиңизди бүткөрүп бербей, капа кылат. Тааныштардын биринин сунушу менен чогуу сапарга чыгып калууңуз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башында аягына чыкпай калган ишиңиз үчүн санаа тартпай, кийинкиге калтыра турганыңыз оң. Апта ортосунда жакшы тааныштар менен бир кечеде жолугушуп калууңуз мүмкүн. Жуманын аягында акчага байланышкан маселелерди шашылбай, терең ойлонуу менен чечүү талап кылынат. Дем алышта үй иштеринен тышкары өзүңүзгө убакыт бөлүңүз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Ички мүмкүнчүлүктөрүңүздү ачуу менен көп нерсеге жетише аласыз. Бул өзүңүзгө ишеним жаратып, чоң иштерге белсендирет. Жакындарыңыз материалдык колдоо көрсөтүшөт. Бирок жакшы нерселердин баары жуулуп кетпеши үчүн бирөөлөргө кастык кылуудан качуу кажет. Апта аягында керектүү маалыматтарга ээ болосуз.