«Алымкан», Күйдүм чок» деген элдик ырларды катыра аткарган булбул үндүү ырчы Кенже Кубатованын сахнадан алыстай түшкөнүнө көп болду. Ырчы айым учурда алыскы Кочкор өрөөнүндө жашап, жаштарга өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын үйрөтүп жаткан чагы. Каарманыбыз өткөнүн, жашоосундагы оош-кыйыш-
тарын ачык баяндап берди.
«АПАМ КОМУЗУМДУ ТАЛКАЛАГАНГА АРАКЕТ ЖАСАДЫ»
– Мен 1976-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөм. Ырга болгон шыгым кичинекей чагымдан эле ойгонду. Анткени ата-энем таланттуу адамдар эле. Тукумубузда таланттуу адамдар болгондуктанбы, менин бир туугандарымдын бардыгы жакшы ырдашат, бирок сахнага чыгышкан жок.
Кичинекейимде мүнөзүм эркектердикине окшош тентек, ойноок, анан кыялкеч болчумун. Мектепте начар окучумун. 4-класста окуп жүргөндө Теңиз Нурдинов аттуу агайым колума комуз карматып үйрөтө баштады. Андан ары камчы салдырбай өзүм ырдап кеттим. Күүгө көп кызыккан жокмун, ыр жагына ыктагам.
Ата-энем чабан болгондуктан балалыгымдын көпчүлүгү Соң-Көлдө өттү. Ал убакта апам «торпокторду айдап кел» деп жумшаса, ошол бойдон ойноп жоголуп кетчүмүн. Тоолордун арасында жылкылардын, уйлардын баскандарын угуп, сүйлөсөң, ырдасаң тоонун жаңырганын угуп, кээде «кийин мен ырчы болсом ушул тоолордун арасына келип сыналгыга тартылам» деп кыялдана берчүмүн. Кечинде үйгө барганда апамдан таяк жейм. Кийин деле ал далай жолу «кыз бала оокат кылыш керек, комузуңду өрттөп салам, сындырып салам» деп жүрдү. Мен оокат жасаганды да билчү эмесмин, же кыйратып окуган да жокмун. Бирок ыр дүйнөсүндө жашадым. Кичинекейимде үналгыдан, сыналгыдан Мыскал Өмүрканованын ырларын көп укчумун. Анын аял киши экенин билчү эмесмин. «Эмнеге эркек кишинин аты Алымкан болду экен?» деп ойлочумун. Негедир «Алымкан» деген ырды ырдап жатса өзүнүн аты Алымкан деп ойлоп жүргөм, көрсө, өзүнүн аты Мыскал экен да. Анан Самара Токтакунованы сыналгыдан көргөндө, сахнага чыгып комуз чертип эле кетип калса «ий, байкуш, бул дудук турбайбы, элдин баары ырдап жатса, бул унчукпай эле комуз чертип кетип калды» деп ойлочумун.
«ТОКТОБЕККЕ ТИЙГЕНИМЕ УЛУКМЫРЗА АГАЙ ТҮРТКҮ БОЛГОН»
– Мектепти бүткөн соң Бишкектеги филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырып, Улукмырза Полотов агайдын кол алдында окуп калдым. Агайым менден «мындан ырчы чыгабы же чыкпайбы, өзү да жаш экен» деп коркуп окутуптур. Мен да башка дүйнөгө түшүп калгандай болуп «окуумду таштап салсамбы?» деп ойлонуп жүрдүм. Таштап салайын десем колумдан ырчылыктан башка эч нерсе келбесе кайда барам? Өзүм да аябай арык, кара тору кыз элем. Анан 2 айдын ичинде менден бир нерсени байкаса керек, ошондон баштап агай мени көңүлдөнүп окута баштады. Ал мага «эркектей болуп, аларды туурап ырда» дей берчү. Азыр «сени Мыскал Өмүрканованын стили менен окуткам» деп айтып калат, ал учурда мен аны билген эмесмин.
Алгачкы жолу бир концертте агай «Күйдүм чокту» ырдаткан. Биринчи куплетин аягында ырдап, аягындагысын башында ырдап, айтор, сүрдөгөнүмдөн тантырап ырдагам. Бүткөн соң эми агайым урушса керек десем, ал мени аядыбы, маңдайымдан сылап «эч нерсе болбойт, ушинтип жүрүп киши болосуң» деген эле. Ошондон кийин агай жанымда жок болсо сүрдөп ырдай албай калчумун.
2 жылдык студияны бүткөн соң Искусство институтуна тапшырып, 3-курстан Улуттук консерваторияга которулдум. Ошону менен баш-аягы музыканы 12 жыл окудум. Студент курагымда артымдан чуркап «сүйүп калдым» деген же кат жазган бир да жигит болгон жок. Кийингеним жупуну болсо артымдан кайсы жигит чуркамак эле? Биринчи жолдошум Токтобек Асаналиев менен баш кошконума да Улукмырза агай түрткү болду. Ал кезде Токтобек экөөбүз тең жаш элек да, сүйлөшүп жүрүп, ага 18 жашымда тийдим. 19 жашымда тун уулум Канатты төрөдүм. Канат 8 жашында «Түрк дүйнөсү» деген аталыштагы балдардын эл аралык фестивалына барып, алтын медаль утуп келген. Тагдыр экен, биринчи жолдошум менен 10 жылга чукул жашаган соң ажыраштым. Экөөбүз катуу деле урушкан жокпуз. Анын же менин кетирген кемчилигибизди элге жарыя кылып айткан менен, эч нерсе чечилбейт. Ажырашкан соң Канатты атасы багып калды. Ага жолугуу үчүн кичинекей чагында Токтобекке чалчумун. Азыр уулум чоңоюп өз алдынча болуп, Токтобек менен байланышпай, уулумдун өзүнө чалам.
«ЭКИНЧИ ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТАБЫШТЫРДЫ»
– Консерваторияны бүткөн соң ошол эле жерде 3 жыл мугалим болуп иштедим. Анан азыркы жолдошум Зайнидин Иманалиевге турмушка чыгып, Кочкорго көчүп кеттик. Экөөбүз чыгармачылык жолдо жүрүп тааныштык. Ал убакта "Теңир-Тоо" деген ансамблде ырдачумун. «Устат-шакирт» деген фонд түзүлүп, ансамбль менен көп чет мамлекеттерге бардык. Мен Зайнидин Иманалиевди таанычу эмесмин. Мурда бир француз келип, анын комузчулук өнөрүн тартып кетиптир. Аны көргөн фонддун жетекчилиги бир күнү «Кочкорго барсаң, өзүңдүн агаң бар, ошону Бишкекке концертке катышууга баланчанчы күнгө чейин таап кел» деп мага тапшырды. Ошондо издеп келип, бул киши менен тааныштым. Кийин жакшы тааныш болуп, уулум Канатка 6 жашынан баштап комуз үйрөтүп жүрдү. Ошентип жылдызыбыз келишип баш коштук.
Башында «өзүнөн 29 жаш улуу кишиге тийип алды» деп артымдан көп ушак ээрчиди, өзүмө келип айткандар деле болду. Бирок бул кишини мен өзүм тандап, сүйүп тийдим. Жашы менен деле жашап көрдүм го. Ошондуктан ушактарга маани деле бербейм, «картаң киши менен жашайм» деп арданбайм. Экинчи жолдошумдан 2 кыздуу болдум. Улуу кызым Төрайым 8 жашта, кичүү кызым Мырзайым 6 жашта. Кочкордогу Молдобасан Мусулманкулов атындагы Балдар музыкалык мектебинде 10 жылдан бери вокалдан сабак берем. Жолдошум ошол мектепте 42 жылдан бери балдарга комуз үйрөтөт. Бишкекке концерттерге чакырганда барып ырдап коём. Быйыл алгачкы жеке концертимди бердим, эл сагынып калган экен, жакшы кабыл алышты. Буюрса, 2015-жылы да Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесине карата концертимди тартуулайын деген максаттарым бар.
Асхат Субанбеков
star@super.kg