«Добулбас» тобу:«КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ САПАТТУУ ЫРЛАРДЫ ТАРТУУЛАЙЛЫ ДЕДИК»

Бүгүнкү каармандарыбыз сахнага жаңыдан чыккан жок. Көп жылдан бери шоу дүйнөсүнүн казанында кайнап, атүгүл өз алдынча ырдап да жүрүшкөн. Акыры үчөө чогулуп, «Добулбас» тобун түзүп, Бек Борбиевдин «Аселдейим», «Бишкекке» аттуу ырлары менен оозго алынып турган убагы.

Аты-жөнү – Ильяз Кудретов
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 17-июнь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаарчасы
Билими – Кыргызстан Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Аты-жөнү – Эдил Маматов
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 30-декабрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь айылы
Билими – Орто
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы (ырчы Мээри Шакулинанын жолдошу)

Аты-жөнү – Кубат Тургумбаев
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 14-январь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Сатыке айылы
Билими – Музыкалык педагогикалык училищени аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Жигиттер, топту түзүү идеясы кимге таандык? «Добулбас» деп атын ким атады?
Эдил:
– Үчөөбүз мурдатан эле чыгармачылык аркылуу байланышта жүргөн жакын достордонбуз. Чогуу топ түзүп сахнага чыгалы, кыргыз элине сапаттуу ырларды тартуулайлы деген ойдо жүргөнбүз. Жакында Бек Борбиев агабыздын чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата өткөн «Делбирим» аттуу сынак өтүп, ага өзүбүздү сынап көрөлү деп катышып, баш байгени утуп алдык.
Ильяз: – Топтун түзүлүп калышына продюсерибиз Мирлан Ниязов да себепчи болду. Мурун ырдап жүргөнүбүздү билген ал бизди чогултуп «Үчөөң чогуу ырдап көрбөйсүңөрбү? Бек байке өткөргөн сынакка катышкыла, аранжировкасын мен жасап берем» деп калды. Топтун атын болсо кыргыздын эски музыкалык аспаптарынын биринин атынан «Добулбас» деп атадык.

– Буга чейин эмне менен алектенчү элеңер?
Кубат:
– Мен мурда ырчы Арсен жана Бактыяр деген жигиттер менен «Мурас» деген топто ырдачумун. Топ тарагандан бери үн жаздыруучу студияда үн режиссёр болуп, көп ырчылар менен иштештим. Актёр болууга да кызыккандыктан, анча-мынча клип, тасмаларга да тартылып калам.
Эдил: – Мурун Аваз Муратов аттуу досум менен «Ырчы жигит», «Ата-эне», «Досторума», «Мусулман» деген дуэттерди аткарып жүрдүк. Кийин өз алдымча «Күтпөйм эми», «Күнөө кимде?» деген ырларды жаздыргам. Андан сырткары ырчылардын ырларына аранжировка жасайм, обон жазып берем.
Ильяз: – Мен 2004-жылдан тартып кафелерде музыкант болуп иштеп келем. Сахнага чыгууну көксөп ырларды жаздыргам. «Жан эркем», «Ашыгым» деген ырларым радиолордо жаңырып турат.

– Жеке ырчы менен топтун айырмасы болот эмеспи. Ыр тандоодо же башка нерселерде талаш-тартыш жаралбайбы?
Ильяз:
– Үчөөбүз издешпей табышканбыз. Жоошпуз, музыкага болгон табитибиз, кызыкчылыгыбыз окшош болгондуктан талашып-тартышпайбыз.

– Топ жаңы түзүлгөнүнө карабай угармандардын кызыгуусун жаратууда. Күйөрман топтой алдыңарбы?
Эдил: –
«Жакшы топ болуптур, ырыңар сонун экен, дагы ырларды жазып жатасыңарбы?» деп жакшы пикирлерин айткандар болууда. Аларды угуп кубанып калабыз.
Ильяз: – Интернеттен көргөн чет өлкөдөгү мекендештерибиз да жакшы ойлорун айтышып жатышат.

– Мындан ары деле чогуу иштей бересиңерби же жеке ырчы катары да чыгасыңарбы?
Эдил:
– Топ катары ырдайбыз. Бирок арабыздан бирөөбүз өзүнчө ыр жаздырып, жалгыз өзүм ырдайм десе деле каршы болбойбуз.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Добулбас" тобу: "Сахнага чыгуу үчүн бизге каражаттын кереги жок"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sardarbek84
2014-10-21 19:15:10
Топтун аты жакты, жакшы сапатту ырларды жаратасынар деген ишеништемин
0
Aksy-13
2014-10-22 00:11:51
огоо жердештерго ийгилик каалайм!
0
melek1
2014-10-22 03:46:51
Edil mamatovdun 3 balasy jana jubaiy meeri wakulina ekeni menin oozumdu a4yrdy)))))iygilik
0
Asan-aka
2014-10-25 23:52:55
Сапаттуу ыр кутобуз.анда силерден дагы кооп кетипгагу гагу суйдум олдум деп булдурап койбогула да
0
akusya.kg
2014-11-29 04:00:20
Ильяз Кудретов биздин мектеп окучу апамдын классташынын баласы...мектепте окуп жургондоле сынактарга катышып ырдап эле журо берчу бою узууун зынкыйган жигит красавчик !)
Биз сени менен сыймыктанабы!!!
0
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан