Ушул жылдын 11-октябрында жүрөк хирургу Калдарбек Абдраманов интернет баракчасына электр энергиясы өчүп калган учурда уюлдук телефондун, кол чырактардын жарыгы менен бейтаптын жүрөгүнө операция жасаган видео тасмасын жүктөдү. Ага кошумча: «Токтотулган жүрөккө мына ушундай экстремалдуу кырдаалда операция жасап жатабыз. Мен айта албайм, бул кылмышпы же эрдикпи? Эмне кылабыз? Жарык жок деп бейтапты калтырып коёлубу, же тобокелчиликтерди эске алып операцияны уланта берелиби? Же кезек күтүп турган жүздөгөн бейтаптарды өмүрүнөн айрылып калуу коркунучуна кабылтып операцияларды токтотуп салалыбы? Качан бизге ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет?!» деген билдирүүсү жарыяланды.
«БИР ДА ХИРУРГГА МЕНИКИНДЕЙ АБАЛДА КАЛУУНУ КААЛАБАЙМ!»
Коомчулукту дүрбөткөн бул окуя боюнча, ошол кырдаалга кириптер болгон Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр илимий изилдөө борборунун жетекчиси КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВду кепке тарттык.
– Калдарбек агай, электр энергиясы өчүп калганына карабай жүрөккө жасалып жаткан операцияны кол чырактардын жарыгы менен улап кеткениңиз коомчулукта курч талкуу жаратты. Ошол күнкү окуяны кыскача баяндап өтсөңүз?– Демейдегидей эле күн болчу. Жүрөккө операция жасап жатканбыз. Негизи, бизде айына бир-эки жолу суунун же электр энергиясынын өчүп калмайы бар. Ошол 8-октябрь күнү электр энергиясыз калабыз деп ойлобоптурмун. Мурда да жарык өчүп, бирок 5-10 мүнөткө жетпей кайра жанган учурлар болгон, андайда атайын аппараттар бир аз убакытка чейин иштеп турчу. Бул жолу аябай эле созулуп кетти. Бейтаптын жүрөгү токтотулган абалда эле, мындайда кан жүгүртүп туруучу аппарат иштеп турат. Электр энергиясы жокто ал аппаратты кол менен иштетип жаттык. 26 мүнөттөн кийин электр энергиясы берилди.
– Бейтапты аман-эсен алып калгандыгыңыз алкоого арзыйт. Бирок операция өкүнүчтүү аяктап калганда эмне болмок?
– Хирург, айрыкча жүрөк хирургу үчүн бейтапты операциядан аман-эсен алып чыгуу маанилүү. Жүрөккө операция жасоодо абдан кылдат болуш керек. Мен негизги жоопкерчилигимди сездим. Бейтапка аман-эсен операция жасап, анын өмүрүн сактасам экен дедим. Силер кыйыткан юридикалык жоопкерчилик негизги жоопкерчилигимден кийин турат.
– Сиз башкарган борбордогу электр энергия маселесин чечип берүүгө далалат кылгандар чыктыбы?
– Ооба. Интернеттен көрүп алып чет мамлекеттик бир нече ишкерлер жардам беребиз деп жатышат. Латвиялык бир ишкер генератор алып берүүгө даяр экендигин айтты. Кыргыз жигиттери да жардам бере тургандыгын билдиришти. Көбүнчө мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатышат. Бул да жакшы.
– Айрым кесиптештериңиз жарык өчүп калганда жүрөккө операция жасоо мүмкүн эмес деп жатышат...
– Эми эмне дейм!? Ошол эле мен сыйлаган Эрнст Акрамов баш болгон хирургдар ошондой ойлорду айтып жатышат. Алар биздин ишибиздеги бардык жагдайларды билишет. Жеке мен өзүм кабылган кырдаалды бир да хирургга каалабайт элем. Мени «ушундай жол менен атын чыгаргысы келген» дешти. Мындай жол менен кантип өзүн-өзү жарнамалоого болсун? Адамдар эмне болуп баратабыз?
– Бейтаптын абалы учурда кандай?
– Абалы жакшы. Өзү басып, өзү тамак жеп калды. Жакында үйүнө чыгат.
БАШКА КАРДИОХИРУРГДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Түрдүү ойлорго түрткөн бул окуя боюнча Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун кардиохирургу САМУДИН ШАБЫРАЛИЕВге кайрылганыбызда төмөндөгүдөй оюн билдирди:
– Бейтапка операция жасоодон мурун анын коопсуздугун дарыгер камсыздап бериш керек. Биз Германия же Америка эмеспиз, Кыргызстанда баары болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан альтернативдүү жол катары генераторлорду колдонобуз. Менин практикамда деле мындай кырдаалдар орун алган, бирок электр энергиясы өчкөндө генератор иштеп баштаган. Шарт болбосо бейтаптын өмүрүн коркунучка салуунун эмне кереги бар?!
Буга катар эле өлкөбүздүн алдыңкы хирургдарынын бири Эрнст Акрамов маалымат каражаттарына КАЛДАРБЕК АБДРАМАНОВ жүктөгөн видео боюнча мындайча оюн билдирген:
– Мындай операцияны жарыксыз жасоого болбойт. Жүрөккө операцияны жасоо үчүн жапжарык болуп турушу керек. Бул деген жараат тигүү эмес да. Балким, ушинтип өздөрүн жарнамалоо аракетин көрүп жатышаттыр? Жеке мен жарыгы жок операция жасалганын тажрыйбамда көргөн да, уккан да эмесмин.
ООРУКАНАНЫ ЖАРЫКСЫЗ КАЛТЫРГАН ИШКАНА «КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСПИЗ» ДЕЙТ
Оорукана жайгашкан аймакты электр энергиясы менен камсыздаган «Жалал-Абад электр» ишканасы төмөндөкүдөй билдирүү таратты.
«8-октябрь күнү аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу авариялык абалда Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймагы боюнча жүрөк-кан тамыр хирургиясынын илимий борборунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, 21 мүнөт ичинде калыбына келтирилген. Аталган борбор Облустук кан тапшыруу борборунун 3-кабатында жайгашкан. Ал имарат «Жалал-Абад электр» ишканасынын балансында турган трансформатордон калк менен кошо электр энергиясын алат. Ошондуктан бул борбор керектөөчүлөрдүн 1-категориясына кирбейт. Буга чейин бир нече жолу аталган борборго «Жалал-Абад электр» ишканасы тарабынан кат аркылуу электр энергия үзгүлтүккө учурабашы үчүн 1-категориянын талаптарына ылайык чараларды аткаруу жөнүндө билдирүү берилген. Ошондуктан катта эскертилгендей, кандайдыр бир авариялык өчүрүү орун алса, борбордун ишине терс таасирин тийгизсе, ага «Жалал-Абад электр» ишканасы жооптуу эмес»,- деп айтылган.
Гезит басууга кетерде бейтаптын апасы Жумагүл Турдалиева байланышып, бизге «Мен үчүн Калдарбек агай баатыр. Эч ким жарык өчүп калат деп күткөн эмес. Кызымды аман алып калганына өмүр бою ыраазы болуп өтөм. Абалы азыр жакшы, кызым бутуна туруп калды» деп билдирди.
Бул окуядан кийин коомчулук дагы бир жолу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ишинде шалаакылык бар экендигине ынанды. «Өрттөн кийин» актануу кеч. Адам өмүрү баарынан кымбат, андыктан мындай тобокелчилик кайталанбашы үчүн адамдын өмүрү тараза ташына коюлган ооруканаларда жарык өчүрүлбөшү же генераторлор менен камсыз болушу шарт.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg