«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Кош, Мустафа...

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
122-124-сериялар:

МУСТАФАНЫН АРТЫНДА ТУЯК КАЛБАЙТ
Хүррем менен Рүстем тарабынан Мустафанын атынан жазылган кат Персиянын шахына жөнөтүлүп, көп өтпөй андан «Сулейман султанды тактан түшүрүү менин да кыялым» деген сөздөр камтылган жооп келет. Катты падышага карматышат. Жасалма кат падышаны эң оор чечим чыгарууга түртүп, кезинде Ибрагимди муунтуп өлтүрүүнүн алдында Эбуссууд эфенди менен акылдашкандай, бул сапар да султан муфтийге кат жазат. Эбуссууд эфенди Сулейманга «Мустафаны өлтүрүүгө болот» деп жооп берет.
Бул аралыкта Персияга каршы жүрүштүн даярдыктары уланып, султан такты Баязидге аманат кылып таштап, өзү Селим жана Жихангир менен лагерге жолго чыгат жана Мустафаны да дубанынан чакыртат. Кат тууралуу сөз Амасьяга жетип, апасы Махидевран, жубайы Михриниса, жолдоштору Ташлыжалы менен Атмажа башкы мураскерге «султандын жанына барбашың керек» дешет. Мустафанын жолун аскерлер да тосушат. «Артка кайтыңыз» деген сөзгө кулак салбаган башкы мураскерди лагерде жайгашкан аскерлер «Мустафа ханзаада, көп жаша» деген сүрөөн менен тосуп алышат.
Мустафа улагадан курал-жарагын тапшырып, өзү жалгыз атасынын чатырына кирет. Төр жакта турган султан «сен мени саттың» деп айтып, баш кесерлерге ишарат берет. Башкы мураскер баш кесерлер менен алышып, аларды жыгып, сыртка качып чыгып бара жаткан жеринен Рүстем пашанын оң колу Зал Махмуд ага аны кулатып, мойнуна сыйыртмакты салып, муунтуп өлтүрөт. Султан уулунун сөөгүн кучактап, көкүрөгүнө катылган катты алып чыгат. Анда «Бул кат колуңузга тийсе, демек, сиз мени өлтүргөн болосуз. Билип коюңуз, сиз күнөөлүүсүз. Ата, мен акмын...» деген сөздөр жазылуу болот.    
Жихангир атасын айыптап, тамактануудан жана уйкудан баш тартат. Рүстем паша аскерлердин нааразычылык толкунунан улам улуу вазирликтен түшүрүлөт. Аскерлердин «Сулейманды тактан түшүрүп, Мустафанын уулу Мехметти бийликке алып келебиз» деген сөздөрүнөн улам падышанын буйругу менен наристенин өмүрү да кыйылат.

«ААЛАМДЫН БИР БУРЧУ ЖЫГЫЛДЫ»
Ханзаадалардын эң улуусу Мустафа муунтулуп өлтүрүлгөн соң жолдошу Ташлыжалы Яхья мындай ыр саптарын жазган: «Аттиң, ай! Бул ааламдын бир бурчу жыгылды. Өлүмүн тилегендер Мустафа ханды жок кылышты». Султандын таажысын кийбей, такка отурууга жетпей кеткен ханзаадалардын ичинен бир гана Мустафага эң көп чыгармалар арналып жазылган. Осмон империясында, Европа өлкөлөрүндө анын өлүмүн чагылдырган миниатюралар тартылып, бүгүнкүгө чейин сакталып калган.
Мустафа 38 жыл жашап, тарых барактарында «кебетеси чоң атасы ырайымсыз Селим султанга өтө окшош болгон» деп жазылат. Анын устаттарынын султанга жөнөткөн катында чоң уулу мындай мүнөздөлөт: «Аалам падышасы болгон атасындай адилеттүү, чоң атасы Селим султандай эр жүрөк, бабасы Мехмет султандай акылдуу. Султанат көргөн эң жаркын ханзаада»
Мустафа ордонун жана карапайым калктын сүймөнчүгү болгон. Өлүмүнө келсек, Хүррем менен Рүстемдин күнөөсү чоң дешет. Анын үстүнө Осмон империясынын падышасы эч качан күнөөлүү деп эсептелген эмес. Бирок Мустафанын чөйрөсүндөгү адамдар да «өкүмдар тактысын сизге таштап кетүүсүнө Рүстем паша тоскоол болот. Эң жакшысы, сиз сакалыңызды өстүрүңүз, атаңыз султан болуу ниетиңиз бар экенин түшүнсүн» деп айтышат. Мустафа ханзаадаларга сакалын өстүрүүгө тыюу салынганына карабай сакалын өстүрөт. Бул жагдай да улуу ханзааданын такка көзү түшүп калганын айгинелейт.  
Мустафа өлтүрүлгөндөн кийин  аскерлер арасында, калк ичинде тополоңдор башталган. Анын атын жамынып «мен Мустафамын» деп козголоң чыгарууга кол топтоп чыккандардын ичинен 5 кишинин башы Сулейман султандын буйругу менен алынган. Эң акыркысы Мустафанын өлүмүнөн 12 жыл өткөн соң өлүм жазасына тартылган.

АКТЁР БАШ КЕСЕРЛЕР МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ ЖАРАКАТ АЛГАН
«Даңазалуу кылымда» Мустафанын өлүм жазасына тартылган сериясы көрсөтүлгөндөн кийин Түркиянын эли улуу ханзааданын күмбөзүнө барып, куран окуп, атүгүл Осмон империясынын бүгүнкү күндө жашап жаткан тукумдарын каргаганга да жетишишкен. Бул көрүнүш дагы бир жолу Мустафанын өлүмү осмон тарыхынын унутулгус жана эң аянычтуу окуясы экендигин далилдеген. 
Мустафанын ролун аткарган Мехмет Гүнсүр: «Каарманымдын өлүм жазасына буюрулган эпизоду үч күн бою тартылды. Баш кесерлер менен күрөшүүдө кабыргамды кайыштырып алдым. Тарыхка келсек, Мустафа өлтүрүлө турганын, керек болсо, баш кесерлер да билген эмес деп айтылат. Жашынган жерлеринен чыгып, алдында Мустафанын турганын көрүшкөндө алар бири-бирин «эмне, башкы мураскерди өлтүрүү керекпи?» деп суроолуу карашкан экен»,- дейт.
Актёр ханзааданын ролун ийине жеткире аткаруу үчүн 2 жыл даярдык көргөн жана дагы 2 жыл бою сериалда тартылып жүрүп, баш-аягы Мехмет Гүнсүр «Даңазалуу кылым» менен 4 жыл жашаган.
Бул эпизоддор тууралуу Рүстем пашанын ролун аткарган Озан Гүвен: «Ошол заманда, балким, телефон болгондо, Мустафа атасына чалып «мен акмын» деп айтмак деп ойлой берем. Бирок Мустафа да адам, айрым жагдайларга көз жумуп койгону кейиштүү жыйынтыкка алып келген. «Улуу ханзаада адилеттүү өлтүрүлгөнбү же жокпу?» деген суроого жооп издей баштаганда «атасынын колу кантип уулунун көзүн тазалоого барды?» деген суроого жооп таппай каласың. Анан да Мустафа султан болсо, биринчи болуп Рүстем пашанын башын алмак. Ошол үчүн Рүстемдин башкы мураскердин өлүмүнө кошкон үлүшү чоң»,- дейт.
Сценарист Йылмаз Шахин: «Мустафанын өлүмү баяндала турган бөлүктү жазарда биздин топ бир апта бою чогулуш өткөрүп, бирок ишке келгенде эле эч нерсе жаза албай калып жаттык. Катуу таасирленип алган экенбиз. Анан сүрөт тарта баштадык, бул жерде чатыр болот, артында токой, бул жак менен Мустафа келет деп. Акырындык менен текст да жазылып бүттү»,- дейт.
Бул эпизодду тартуу убактысы кыш мезгилине туш келип, тартуучу топ аба ырайынын начардыгынан бир топ убайым тарткан. Мисалы, Мустафа чакчайып турган күндө жолго чыгат, асманды булут каптап калганда аттан түшөт, жамгыр жаап жаткан учурда султандын чатырына кирет. Режиссёр Мерт Байкалдын айтымында, аталган эпизоддорду тартууга 300-400 киши катышкан жана аяктоодо сууктун айынан колдорун иштете албай калышкан. «Бирде күн тиет, көп өтпөй жамгыр жаайт, анан эле кар. Жаратылыштын өзү Мустафанын өлүмүн тартпагыла деп каршы чыккандай болуп жатты»,- дейт режиссёр.

(Уландысы кийинки санда)

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Kyzyl-Unkur
2014-10-21 10:37:41
Уффф, кинонун бул жагын корбой эле коюш керек болуп калды (((
+2
jigit.paren
2014-10-21 18:09:49
эркек башым менен кадимкидей солкулдап ыйлаган элемушул эпизодту коруп жатып андан кийин Жахангирдин олуму коздон жашты агызды го чиркин.
+1
sardarbek84
2014-10-21 19:32:36
Осмон империясында эчбир башкаруучу калган эмес деп угам , Сулейман балдарынын баары олгондон кийин олот окшойт
+1
Oceana
2014-10-21 19:48:58
Супер.инфо,буларды каяктан алып жазып жатасынар,айтарым каяктан которуп жазотасынар!
0
elli_88
2014-10-22 20:49:11
Oceana, интернеттенда))))) турк сайттардан
0
Aksy-13
2014-10-22 13:08:57
супер инфо даназалуу доорду эмнеге кинозалдан очуруп салдынар жооп бергилечи кызыгып коруп аткан элек
0
admin_superstan
2014-10-22 14:32:50
Aksy-13, саламатсызбы!
"Кинозал" бөлүмүнөн чет элдик тасмалар кыргыз тасмаларын өнүктүрүү максатында алынган.
0
sezimay
2014-10-22 23:43:58
созсуз коруш керек экен
0
Patrik
2014-10-24 09:29:17
Мустафа олсо бовой калат го
+1
№ 624, 17-октябрь-23-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан