«Казак ханбийкеси», «нефть ханышасы», «куртизанка» атка конгон Гога Ашкеназинин торуна жалаң бай, мансаптуу мырзалар чалынышкан. Казакстандан чыккан кара тору кыз бат эле мырзаларды азгырып, «юбкачан олигарх» атка конгон. Эмесе, 34 жаштагы Гаухар Бергалиеванын кантип Гога Ашкенази атка конгону жана кантип миллионер мырзаларды багындырганы тууралуу кызыктарды тартуулайбыз.
Чыныгы аты-жөнү – Гаухар Бергалиева
Туулган жылы – 1980-жыл
Туулган жери – Казакстандын Тараз шаары
Билими – Оксфорд универститетинин экономика-тарых факультетинде окуган
Учурда – 2 уулдун энеси
НАЗАРБАЕВДИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫНА УУЛ ТӨРӨП БЕРГЕН
Атасы Еркин Бергалиев инженер, компартиянын мүчөсү болуп жогорку кызматтарда иштегендиктен, Гаухар жетиштүү турмушта өсөт. Бала кезинен Москва шаарында жашап, 10 жашында апасы менен Лондонго көчүп келет. 13 жашынан британиялык жеке менчик мектепке окуп баштаган Гаухар тунук акылы, зээндүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, Оксфордго тапшырат. Дал ошол жерден ал бай мырзаларды торуна иле баштаган.
Бир жолку кечеде сулуунун көзүнө отель бизнеси менен алектенген миллионер Стефан Ашкенази илинет. Кечеден башталган сезимдер жалындап, бир нече ай сүйлөшкөндөн кийин Гаухар 23 жашында миллионер мырзага турмушка чыгат. Тараздан чыккан сулуу ошентип жолдошунун фамилиясын алып, Гога Ашкенази атка конгон. Жолдошу менен үч жыл жашагандан кийин Гога Казакстанга келип, жашоосунун жаңы барактарын ачат. Дегенибиз, ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев менен ысык мамиледе болуп, жолдошу менен ажырашат.
2008-жылы «News of the World» басмасы Улуу Британиянын ханзаадасы Эндрюнун Гога аттуу казакстандык айым менен сүйүү романы тууралуу жазып чыккан. Баарынан кызыгы, ханзаада менен романтикалык жолугушууга келеринен аз күн мурун Гога Назарбаевдин күйөө баласына никесиз уул төрөп бергенинде. Көрсө, төрөтканадан жаңы гана чыккан Ашкенази дарыгерлердин тыюу салганына карабай жасанууга 3000 доллар коротуп, корсетти тырсыйта кийип, кезектеги курмандыгы ханзаада Эндрюну багындырууга аттанган экен.
Мындай маалымат интернет айдыңына тарагандан көп өтпөй Гоганын ханзаада Эндрю, нефть магнаты Кулибаев менен түшкөн сүрөттөрү бардык британиялык, орусиялык сайттардан алынып салынганы да көп нерсени айтып турат эмеспи.
«АЙДАР АКАЕВДИН БИРИНЧИ ЖУБАЙЫ...»
Көп жерде Гога 18 жашында Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге турмушка чыккан деп жазылып жүрөт. Бирок ал «Мен жаш кезимден британиядагы Rugby мектебинде окуп, кийин Оксфордго тапшыргам. Кайсы учурда мен кыргызга турмушка чыкмак элем? Бул логикага да туура келбеген сөз» деп айтылган айыңды төгүнгө чыгарган.
Миллионер айым мырзалардын санына эмес, сапатына басым жасап келген. Йорк ханзаадасы Эндрю, Казакстандын президентинин күйөө баласы, «Формула-1» жарышынын менеджери, ишкер Флавио Бриаторе, италиялык ишкер Лапо Элканн, швейцариялык финансист Натаниэль Филип Ротшильд, миллионер Ник Кэнди, лорд Эдвард Спенсер-Черчилль, телекоммуникация магнаты Дино Лалвани, деги койчу, аябай эле көп. Көптөгөн миллионер мырзалардын башын айланткан Гоганын сыры эмнеде дебейсизби? Аны менен бир мүнөт болсо да сүйлөшүп калган мырзалар Гоганын энергиясы ашып-ташкан, акылдуу айым экенин айтышат. Анан да чанда кездешүүчү көпөлөккө салыштырышып, унутуп коюу мүмкүн эмес дешет.
23 ЖАШЫНДА МИЛЛИОНЕР БОЛГОН
Тимур Кулибаев көңүлдөшү Гоганы өзүнүн «МунайГаз Инжиниринг Групп» нефть компаниясынын Лондондогу кеңсесинде аткаруучу менеджер кылып дайындаганын жазышкан. Кийин миллионер айым ал компаниянын башкы директору болуп, «юбкачан олигархка» айланат. Ал эми айрым булактарда Гога 2004-жылы, 23 жашында эжеси экөө газкомпрессордук станцияны курууга тендерди утуп, 270 миллион еврого келишим түзүшкөнү айтылат.
Учурда Гога дүйнөдөгү ийгиликтүү айымдардын катарында. Казакстандан чыккан кыздын азыр Лондондун беделдүү райондорунун биринде жана Москвада хан сарайлары, ошондой эле күчтүү эл аралык бизнес-империясы бар. Нефть бизнесин жолго койгондон кийин бизнесвумен мода дүйнөсүнө өтүп, унутта калган «Вионетт» франциялык кийимдер брендин сатып алган. Учурда жумушуна байланыштуу Миланда жашайт. Ал эми 6 жаштагы Адам менен 2 жаштагы Алан аттуу уулдары Лондондо турушат. Расмий түрдө Гога айым уулдарынын атасын айтпаса да, экөөнүн тең атасы Тимур Кулибаев экендиги айтылат. Миллионер мырза дале Гогадан кол үзбөй, жакшы мамиледе экени, ага Лондондон, Москвадан 45 миллион долларды чапчыган хан сарайларды сатып бергени айтылып жүрөт. Британиялык «Hello» журналынын берген маалыматына караганда, Гоганын экинчи уулу аныкы эмес экенин далилдөө үчүн Тимур мырза ДНК анализдерин президент кайнатасына жана жубайы Динарага көрсөтүп абалдан чыгыптыр.
Айта берсек Ашкенази тууралуу кызыктар бүтчүдөй эмес. Гоганын жашоосу жөнүндө басылмаларда кандай гана кептер жазылбады?.. Бирок миллионер айым бир да жолу ал кептерди тастыктаган эмес.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg