Чаткал районун Кыргызстандын географиясынын бүтүшү деп коюшат. Калкынын саны боюнча эң кичине район. Борбордон 770 чакырым алыс жайгашкан. Кышы 6 айга чейин созулуп, кардын калыңдыгы 3 метрге чейин жетет. Бул райондун эң алыскы шарты катаал, жолу татаал Ак-Таш айылына барып, жашоо шарты менен таанышып кайттык.
Айыл райондун борборунан 45 чакырым алыс жайгашып, күнүнө бир ирет автобус каттайт. Айылда 151 түтүн, 1072 киши жашайт. Жолунун эң кооптуу жери – 2 чакырым алыстыкка созулган капчыгай. Тоонун бийиктигинен улам айрым жерлерине күн көпкө тийбейт. Капчыгайдагы жолдун кээ бир жерлерине эки унаа туш келсе батпайт, андай жерлерге коюлчу белгиден кабар жок. Жарга жакын жерлерине илгерки замандагыдай кылып таш үймөктөп коюшуптур. Кокустук болуп унаа тайып кетсе, таш-талканың чыгып, 80-100 метр бийиктиктен ак көбүк чачкан дарыяга түшүп кетчүдөйсүң. Бул тууралуу айыл тургуну Кубанычбек Рүстөмов төмөнкүчө оюн билдирди: «Биздеги капчыгайдагы жолду кеңейтиш керек, мындан тышкары айыл ичин асфальт кылып берсе жакшы болмок. Чаткалдагы шарты катаал айыл биздики. Кыш келгенден жазга чейин жааган кар топтолуп, бийиктиги 3 метрден ашып кетет».
Биз сөз кылып жаткан капчыгайдан үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Курулуш айылынын тургундары Нурдин Кочкоров менен Байыш Эралиев Ак-Таш айылынан келе жатышып унаасы менен сууга түшүп кетишкен. Бирөөсүнүн денеси бир жума дегенде, экинчисиники 31-августта табылган.
2000-жылдын 11-сентябрында Чаткалдын Ак-Таш айылына экстремисттик топтордун 7 куралчан согушкери чабандын короосуна бастырып кирген. Эртеси укук коргоо кызматкерлери тарабынан алар тоодо жашынып жаткан жеринен жок кылынган.
Салимбай Аширов, айыл тургуну: «ӨЗБЕК ЧЕК АРАЧЫЛАРЫ КАРМАП КЕТИП ААРЫЛАРЫМДАН АЙРЫЛДЫМ»
2012-жылы Беш-Арал мамлекеттик коругунан САЛИМБАЙ АШИРОВ аттуу балчыны өзбек чек арачылары кармап кетишкен болчу. Салимбай ага так ушул Ак-Таш айылынын тургуну экен. Ага жолугуп, окуянын кандай болгондугун уктук: -Өзүм 32 жылдан бери бал аары багып келем. Мен корукта балчы болуп иштечүмүн. Мени кармап кеткен жер бизге караштуу болчу. Ал жердеги эски ат жол менен мурдатан бери каттачубуз. Бирок өзбек тарап ал жерди өздөрүнүн картасына түшүрүп алышкан экен. Мени «15 метр кирип кеттиң» деп Бостандык районундагы Табак-Сай айылындагы түрмөгө 8 айдан ашык кармап отурушту. Кийин гана мунапыс берилип бошоп келдим. Минген атымды, буюмдарымдын бирин да кайрып беришкен жок. Темир тордон бошоп келсем, 50 бал челегимди аюу чачып, жеп жок кылыптыр.
Жанарбек Рысдөөлөтов, айыл башчынын милдетин аткаруучу: «КЫШКЫСЫН ООРУЛУУЛАРДЫ РАЙОНГО ЖЕТКИРҮҮ КЫЙЫН»-Быйылкы жыл кургакчыл болуп, чөп камдоо жагынан аксап калдык. Жылда түшүм алган жерлерибизден быйыл анын жарымын дагы ала алган жокпуз. Быйыл кыш катаал болуп, кар оор түшөт деп жатышат. Андай болсо эл аябай кыйынчылыкта калат. Өткөн жылдарга салыштырмалуу элде мал көбүрөөк. Телевизор-радиолордон кар оор түшөрүн уккан жашоочулар малдарын арзан баада сатып жатышат. Ошондуктан мурдагы жылдарга салыштырмалуу малдардын сатылышы 3-4 эсеге өстү. Мындан тышкары айылда элдин саламаттыгын камсыздаганга толук шарт жок. Жол жабылып калганда оорулууларды район борборуна жеткирүүдө бир топ кыйынчылыктар туулат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшкөн учурлар да көп катталат.
Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Султан Төрөбеков
koom@super.kg